settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп боюнча мастурбация күнөөбү?

Жооп


Ыйык Китептин эч бир жеринде мастурбация же мастурбация күнөө экендиги жөнүндө атайын айтылбайт. Мастурбация боюнча Жазмадан эң көп келтирилген үзүндү Башталыш 38:9-10догу Онан жөнүндө. Кээ бирөөлөр бул аятты “уругун жерге агызуу” күнөө дегенди билдирет деп чечмелешет. Бирок чынында аят ал жөнүндө айтып жаткан жок. Кудай Онанды “уругун жерге агызгандыгы үчүн” эмес, милдетин аткарып, өзүнүн агасы үчүн мурасчы бербей койгон үчүн айыптады. Бул аят мастурбация эмес, көбүрөөк үй-бүлөлүк милдетти аткаруу жөнүндө. Мастурбация күнөө экендигинин далили катары келтирилип жүргөн экинчи үзүндү Матай 5:27-30. Ыйса кумардануу ойлоруна ээ болууга каршы сүйлөп жатып: “Эгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып жибер”, - деп айтат. Бул үзүндүдө кумарлануу жөнүндө айтылып кеткени менен, Ыйса бул үзүндүдө мастурбация жөнүндө айткысы келгени өтө эле чындыкка туура келбейт.

Ыйык Китептин эч бир үзүндүсүндө мастурбация күнөө деп даана айтылбаганы менен мастурбацияга алып барган иш-аракеттер күнөөбү же жокбу деген суроо туулбайт. Мастурбация дээрлик дайыма эле кумардануунун, жыныстык дүүлүгүүнүн жана/же уяттуу сүрөттөрдү көрүүнүн натыйжасы. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү керек. Бул кумардануунун уяттуу ойлору жана сүрөттөрдү көрүү ташталып, аларды жеңип чыкса мастурбация суроосу өзүнөн-өзү чечилет. Көптөгөн адамдар мастурбация тууралуу күнөөлүү сезимдер менен күрөшүп келишет, бирок чынында ошол ишке алып барган нерселер үчүн көбүрөөк тобо кылуу керек эле.

Ыйык Китепте мастурбацияга карата колдонула турган кээ бир принциптер бар. Эфестиктерге 5:3 мындай деп жарыялайт: “Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт”. Ушундай тизменин ичине мастурбация кирбейт деп айтуу кыйын. Ыйык Китеп бизди мындай деп үйрөтөт: “Ошентип ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, бардыгын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунттуктарга 10:31). Эгер сиз кайсы бир нерсенин айынан Кудайга даңкты бере албай жатсаңыз, ошол нерсени кылбай эле койгонуңуз жакшы. Эгерде адам кылып жаткан иш аракети Кудайга жагарына толук ынанбаса, демек ал күнөө: “Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө” (Римдиктерге 14:23). Мындан сырткары биз денелерибиз кун төлөп куткарылып, эми Кудайга тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. “Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби” (1 Корунттуктарга 6:19-20). Улуу чындык биз денелерибиз менен эмне кылып жатканыбыздан айкын көрүнүшү керек. Ушул принциптердин жарыгында мастурбация Ыйык Китеп боюнча күнөө деген жыйынтыкка келебиз. Мастурбация Кудайды даңктабаганы айдан айкын, ал бузукулуктан алыс деп айтууга болбойт, ошол эле учурда Кудай биздин денелерибиздин кожоюну дегенди да жокко чыгарат.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп боюнча мастурбация күнөөбү?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries