settings icon
share icon
Суроо

Кечирим алуу мүмкүнбү? Мен Кантип Кудайдын кечиримин ала алам?

Жооп


Иштер 13:38 минтип айтылат: “Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат”.

Кечиримдүүлүк бул эмне жана эмне үчүн мен ага муктажмын?

“Кечирүү” тактайчаны таза сүртүп, жазылган карыздардан бошоткондой мааниде айтылат. Качан биз бирөөгө жамандык кылсак, биз аны менен кайра мамилени калыбына келтирүүгө андан кечирим сурашыбыз керек. Кечирим адам кечирүүгө татыктуу болгону үчүн берилбейт. Кечиримге татыктуу болгону үчүн кечирилгендер жок. Кечиримдүүлүк бул сүйүү, ырайым жана кеңпейилдиктен жасаган иш. Кечиримдүүлүк бул башка адамга карата, анын сизге кылган жамандыгына карабастан, ичтеги сакталган кекти унутууга болгон чечим.

Ыйык Китепте биз Кудайдын кечиримине муктаж болгонубуз жөнүндө айтылат: «Биз баарызбыз күнөөгө баткан адамбыз». Насаатчы 7:20 минтип айтылат: “Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок”. 1 Жкн 1:8 айтканы бар: “Эгер биз өзүбүздү күнөөбүз жок десек, анда биз өзүбүздү алдаган болобуз жана чындыктан чыккан болобуз.” Күнөөгө батуу бул Кудайга каршы козголоң көтөргөндөй эле кеп (Забур 51:4). Ошондуктан Кудайдын кечиримин алууга биз абдан зарылбыз. Эгерде биздин күнөөлөрүбүз кечирилбесе, биз алар үчүн түбөлүктүү азап тартат элек (Матай 25:46; Жкн 3:36).

Кечирим – аны кантип алууга болот?

Иш жалгап, Кудай ырайымын жана сүйүүсүн төгүп, биздин күнөөлөрүбүздү кечирүүгө даяр! 2 Петир 3:9 бизге минтип айтат: “... Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт”. Кудай бизди кечиргиси келет, ошондуктан ал биз үчүн кечиримдүүлүктү камдап койгон болот.

Биздин күнөөлөрүбүз үчүн туура келген жаза бул өлүм жазасы. Римдиктерге 6:23 биринчи бөлүгүндө минтип айтылат: “Анткени күнөө үчүн жаза - өлүм...” Түбөлүк өлүм биздин күнөөлөрүбүз үчүн камдалып турат. Кудай, өзүнүн сонун ою боюнча, адам – Ыйса Машайак катары келип чыгат (Жкн 1:1, 14). Ыйса Машайак айкаш жыгачта өлүм табат, бизге камдалган жаза – өлүмдү көрөт. 2 Корунттуктарга 5:21 мындай накыл сөз айтылат: “Машайак аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды”. Биз тарта турган жазаны өзүнө алып Ыйса Машайак айкаш жыгачта өлүм тапты! Кудай катары, Ыйса Машайактын өлүмү бизге бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн кечиримди камсыз кылды. 1 Жкн 2:2 минтип айтылат: “Ал - биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы”. Ыйса Машайак кайра тирилип, күнөө жана өлүмдү жеңгенин майрамдады (1 Корунттуктарга 15:1-28). Кудайды даңазалагыла, Ыйса Машайактын өлүмү жана кайра тирилишинен улам, Римдиктерге 6:23, экинчи бөлүмүндө айтылганы чын: “...Кудайдын белеги -- Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр”.

Өзүңүздүн күнөөлөрүңүз үчүн кечирим алууну каалайсызбы? Күнөөңүздү сезип, ал сезим сизди күнү-түнү тытып, тынчтык бербей жатабы? Эгерде сиз биздин Куткаруучубуз катары Ыйса Машайакка ишенимиңизди артсаңыз, күнөөлөрүңүз үчүн кечирим алууга мүмкүн.

Эфестиктерге 1:7 минтип айтылат: “Кудайдын мол ырыйымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп күнөөлөрүбүз кечирилди”. Ыйса биздин карызыбызды биз үчүн төлөп кетти, ошондуктан биз кечирилебиз. Ыйса аркылуу биз болгону Кудайдан кечирим сурашыбыз керек, кечирим үчүн Ыйса өлүп бергенине ишенишибиз керек, жана Ал сизди кечирет! Жкн 3:16-17 бул сонун кабар камтылат: “Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди.

Кечирим алуу - бул чын эле ушунчалык оңойбу?

Ооба, бул ушунчалык оңой! Кудайдын кечиримин актайм деген ойду калтырыңыз. Сиз Кудайдын кечиримин сатып да ала албайсыз. Аны Кудайдын ырайымы жана кеңпейилдиги аркылуу гана ала аласыз. Эгер сиз, Ыйса Машайакты өзүңүздүн Куткаруучуңуз катары кабыл алып жана Кудайдын кечиримин алгыңыз келсе, бул жерден окуй турган жөнөкөй дуба бар. Ушул же башка дубаны окуу сизди аман калтырат экен дебеңиз. Ыйса Машайакка гана ынансаңыз, күнөөлөрүңүз үчүн кечирим аласыз. Бул дуба сиздин Кудайга болгон ишенимиңизди айтууга жана Ал сизге камдап койгон куткаруу үчүн алкыш айтуунун жөнөкөй жолу. “Кудайым, Сен астыңда күнөөлүүмүн жана ага жараша жазаны алышым керек. Бирок, Ыйса Машайак мен ала турган жазаны Өзүнө алды. Сага ишенүү менен күнөөлөрүмдүн кечирилишине үмүт кыламын. Сен мени куткарасың деп ишенем. Сенин укмуштуу Ырайымың жана Кеңпейилдигиң үчүн алкыш айтам!” Оомийин!

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кечирим алуу мүмкүнбү? Мен Кантип Кудайдын кечиримин ала алам?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries