Кудай барбы? Кудайдын бар болгонуна күбөлөр барбы?



Суроо: Кудай барбы? Кудайдын бар болгонуна күбөлөр барбы?

Жооп:
Кудай барбы? Бул маселе элдин мынчалык кызыктырганы өзүнөн өзү көңүлдү бурат. Акыркы убакта жүргүзүлгөн сурап чыгуулардын жыйынтыгында дүйнө бетиндеги элдин 90% Кудай же башка ушу сыяктуу жогорку алла тааламга ишенгени билинди. Ошого карабастан, Анын бар болгонун далилдөө максаты Кудайга ишенгендерге ыйгарылып берилет. Мындайда муну аткарууга башка жолдорду издөө керектиги жүйөөлүүдөй болуп көрүнөт.

Канткен менен, Кудайдын бар болгонун далилдөө же аны четке кагууга да болбойт. Ыйык Китепте Кудайдын бар болгондугун далилсиз кабыл алууга тийишпиз деп, “Жана ишеними жок болуп Кудайга жагынууга болбойт, анткени Анын астында келгендердин баары Анын бар болгонуна ишениш керек жана Ал Аны чындап издегендерди сыйлайт” (Еврейлерге 11:6). Эгер Кудайдын көңүлү келсе, Ал жөн эле өзүнүн көрүнүшү менен дүйнөгө Өзүнүн бар болгонун маалим кылат эле. Бирок Ал минткен болсо, анда ишенимге муктаждыгы жок болуп калат эмеспи. “Жана Ыйса Пайгамбар ага айтты: “Сени менип көрүп, мага ишенип жатасың; бирок көрбөй жатып, ишенгендердин иши жалганат”” (Жон 20:29).

Бирок ушуну айтканы менен Кудайдын бар болгонуна күбө жок деп айткан жерибиз жок. Ыйык Китепте минтип айтылат: “Асман Кудайдын даңкын көкөлөтөт, асман Анын колдорунан чыккан ишин көрсөтөт. Күндөн күнгө алар сүйлөп жаткан болушат; түн сайын алар билгенин көрсөтүшөт. Жана дүйнө жүзүндө алардын үнү угулбаган тил калган жок. Алардын үнү бүткүл жер жүзүнө тарайт, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетет” (Забур 19:1-4). Жылдыздарга башты көтөрүп караганда, ааламдын кеңдигин элестеткенде, жаратылыштын укмуштуу кереметтерине күбө болгондон, күн батыштын кооздугуна суктанганда—мунун баары Жараткан Кудай көздөй колун жаңсагандай болушат. Мунун баары жетиштүү болбосо, биз өзүбүздүн жүрөктөрүбүздө Кудайдын далилин алып жүргөнүбүз далил . Экклезиастта 3:11 минтип айтылат: “…Ал адамдын жүрөктүн түбүнө түбөлүктү орноду…” Биз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бул турмуштан жогору турган жана бул дүйнөдөн жогору турган бирдеменин бар болгонун ырастайбыз. Биз акылыбыз менен бул билимди тансак да, биздин ичибиздеги уялаган Кудай бизден өтүп биздин арабызда турат. Бирок ошого карабастан кээ бирөөлөрдүн Кудайдын бар болгонун тангандары жөнүндө Ыйык Китепте эскертилет: “Кудай жок” ичинен деп жаткан акмак бар делинет”” (Забур 14:1). Эгерде тарыхий боюнча, баардык маданияттар, баардык доорлордо баардык континенттердин үстүндө 98% элдин Кудайдын түрүн кийген бирдеменин бар болгонуна ишенсе, демек ал ишеничти кубаттаган бир нерсе (же бирөө) бар болгону бышык.

Кудайдын бар болушун жактаган библиялык жүйөөлөрдүн үстүнө кошулуп, логикалык жүйөөлөр да бар. Эң мурда, бул онтологиялык жүйөөлөр. Онтологиялык жүйөөнүн эң кеңири кетип өзүнө тарткан түрү Кудай жөнүндө негизги ойду Кудайдын бар болушун далилдөөгө жумшалат. Ал ой Кудайды “андан зор ойго бата тургандай нерсе жок” деп башталат. Андан нары бар болгон жок болгонуна караганда алдан канча зор болгону талкууланып, кандайдыр эң зор элестетүүгө болгон жандыктын бар болушу жөнүндө жүйөө чыгарылат. Кудайдын жок болгону Кудайдай элестетүүгө болгон эң зор болгон жандуу нерсенин жок болгонун билдирет, бирок бул Кудайдын аныктамасы менен карама каршы болуп чыгат. Экинчиси бул телеологиялык жүйөө. Телеологиялык жүйөө дүйнөнүн мынчалык баардык жактан ойлонушуп жасалганы, жогору жакта укмуштуу Дизайнердин колунан келбесе болбойт, деген ой туулат. Мисалы үчүн, эгерде жер күндөн бир нече жүз миль жакыныраак же алысыраак жайгашкан болсо, азыркы көргөн жашоонун көбүн көрүүгө мүмкүн эмес болмок эле. Эгерде биздин атмосферада учуп турган элементтердин саны проценттин жүздөн бир нече бөлүгү менен айырмаланса, жер үстүндө жашаган жандыктар баары кырылып өлмөк. Жаңгыз протеиндин молекуланын кокустан жаралыштын тобокели 10243 ичинен бирге барабар. Бир эле клетка миллион протеиндин молекуладан турат.

Кудайдын бар болушун жактаган үчүнчү логикалык жүйөө космологиялык жүйөө. Ар бир болгон окуянын өзүнүн себеби болот. Дүйнө жана анда болгон баардык нерселер бул окуялар. Ошондуктан мунун баарын жараткан себеп болууга тийиш. Талдап туруп акырында, мунун баарын жараткан “себеби жок” бир нерсе болууга тийиш. Бул “себеби жок” Кудайдын өзү. Төртүнчү жүйөө бул моралдык жүйөө катары таанылат. Ар бир маданият тарабынан мыйзамдын бир түрүн сактап турганы тарыхийдан билинет. Ар бир адамдын туура–туура эмес жөнүндө түшүнүгү бар болот. Адамды өлтүрүү, жалган айтуу, уурдоо жана адепсиздикти кайсы эл, кайсы жер болбосун жерийт. Ыйык Кудайдан берилбесе, эмне туура, эмне туура эмес жөнүндө түшүнүк каяктан адамдын жүрөгүндө туюлмак?

Ушунун баарына карабастан, Ыйык Китепте Кудай жөнүндө ачык-айкын жана танууга болбогон билимди четке кагып, анын ордуна калп нерселерге ишенишкен элдин баарын айтат. Римдиктерге 1:25 минтип айтылат: “Кудайдын чындыгын алар калп үчүн алмашышты, жана дайым алкышка ала турган Жараткандын ордуна жасалма нерселерге ишенип жана кызмат кылышат. Аминь”. Ыйык Китепте Кудайга ишенбеген адамдарга кечирүүгө себеп жок деп айтылат: “Анткени дүйнөдөгү Кудайдын көрүнбөгөн касиеттери—Анын түбөлүктүү күчү жана укмуштуу табияты—анын жараткандарынан улам айкын көрүнүп тургандан кийин, ошондуктан ишеними жок адамга кечирүүгө да себеп жок” (Римдиктерге 1:20).

Адамдар Кудайга сыйынбаган себеби “бул илимге жатпайт” же “анкени буга далил жок” дешет. Бирок чыныгы себеп эгерде адамдар Кудайдын бар болгонуна макулдашса, алар өзүнүн Кудайдын астында жоопкерчиликтүү болуп калаарын жана Анын кечиримине муктаж болоорун ырасташы да керек (Римдиктерге 3:23; 6:23). Кудайдын бар болгону чын болсо, анда биз жасаганы үчүн Ага жооп беришибиз керек. Эгерде Кудай жок болсо, анда биз Кудай бир кезде жоопко тартканы жөнүндө унутуп, оюбузга келгенди жасай алабыз да. Эволюция өткөн сайын Жараткан Кудайга ишенимге атаандаш жаткан жолду берүүгө ынтызар болгон элдин коомубузда көп санда чыкканы ошондуктан. Кудай бар жана жүрөгүнүн ичинде баары Анын болгонун билишет. Анын бар болгонун ушунчалык жанын үрөп текке чыгаруура жасаган аракеттери өзүнөн өзү Анын болушуна айкын факт катары боло алат.

Кудайдын бар болгонуна дагы бир далил келтирелик. Кудайдын бар болгонун биз кайдан билебиз. Христиандыктар катары, биз Кудайдын бар болгонун Аны менен күн сайын сүйлөшкөндөн билебиз. Биз Аны кайра бизге уга алгандай сүйлөйт дей албасак да, бирок биз Анын жаныбызда турганын сезебиз, биз Анын көрсөткөн жолду көрөбүз, Анын жылуу сүйүүсүнө жана ырайымына зар болобуз. Биздин жашообузда кээ бир болгон окуялардын болушу Кудайдан деп гана түшүнүүгө болот. Кудай ушунчалык укмуштуу жолдор менен бизди сактап жана жашообузду кескин өзгөртүп жиберет дейсизби, жана ошондо биз Анын бар болгонуна алкыш айтып, таанып калуудан баш арга жок болуп калат. Төмөнкү жүйөөлөрдөн бири да өзүнөн өзү, же алар себептүү ачык айкын турган нерседен баш тарткандарды ынандыра албайт. Акыр аягы, Кудайдын бар болгонун ишеним катары кабыл алууга тийишпиз (Еврейлерге 11:6). Кудайга ишенип сыйынуу бул жардан караңгылыкка боюн таштоо эмес; бул 90% элдин эмитен турган жарыкка толгон үйдүн босогосун ишенимдүү жасаган кадам.



Кыргыз үй барагына кайтуу



Кудай барбы? Кудайдын бар болгонуна күбөлөр барбы?