settings icon
share icon
Суроо

Аман калуу үчүн кандай план же жол бар?

Жооп


Сиз ачка болгонуңузду сезип жатасызбы? Тамактан ачка болгонду эмес, бирок жашоодо башка бирдемеге эңсөөнү сезип турасызбы? Ичиндеңизде бирдеме эч качан ыраазы болбой сизди жеп турабы? Андай болсо, Ыйса сиздин жолуңуз! Ыйса айткан экен: “Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт” (Жкн 6:35).

Сиз бушайман болуп жүрөсүзбү? Сиз турмушта эч жолуңуз болбой жана максатсыз жашап жургөндөй туюлуп жатабы? Кимдир бирөө жарыкты өчүрүп, жана сиз аны эч качан күйгүзө албачудай сезим пайда болдубу? Андай болсо, Ыйса сиздин жолуңуз! Ыйса, “Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрбөй, өмур жарыгына ээ болот” (Жкн 8:12).

Качандыр жашоонун четине чыгарылып калгандай сезим оюңузду аралады беле? Сиз канча эшикти түртпөсөңуз да, анын артында сезимди канаатандыра турган жылан сыйпалагандай ээндиктен бөлөк эч нерсени таппаган учурлар болду беле? Сизди канаатандыра турган жашоого киреберишти издеп жатасызбы? Андай болсо, Ыйса сиздин жолуңуз! Ыйса айткан экен: “Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат” (Жкн 10:9).

Башка элдер сизге карата чыккынчылык жасашты беле? Сиздин мамилелериңиз супсаак жана маңызы жокпу? Сизге баары сизди пайдаланып кетүүгө аракет кылып жатышкандайбы? Андай болсо, Ыйса сиздин жолуңуз! Ыйса айткан экен: «Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн жанын берет. Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен өзүмдүн койлорумду билем» (Жкн 10:11, 14).

Сиз бул жашоонун артында эмне жатканы жөнүндө ойлонуп, кызыгасызбы? Дат басып же аягы чирий турган дүйнөдө турмушуңузду өткөрүп жатканыңызга өкүнөсүзбү? Жашоодо дагы башка маани барбы деп ар сар болуп жүрдүңүз беле? Өлүмдөн кийин жашооңузду улантууну каалайсызбы? Андай болсо, Ыйса сиздин жолуңуз! Ыйса айткан экен: “Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт” (Жкн 11:25-26).

Ал жол кандай? Чындык эмнеде? Жашоо бул эмне? Ыйса мындай жооп берет экен: “Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт” (Жкн 14:6).

Сиз сезген эңсөө бул рухий эңсөө, жана ал болгону Ыйса аркылуу толтурулат. Ыйса гана караңгыны таратат. Ыйса бул канаатандыра турган жашоого алып барган эшик. Ыйса бул досуңуз жана сизди баккан, сизди караган чабаныңыз. Ыйса бул жашоо -- бул жашоодон да кийинки жашоо. Ыйса аман калуунун жолу!

Сиздин эңсөөңүз, караңгылакта адашып жүргөндүн себеби, жашоо маанисиз өтүп жаткандай туюлганы, мунун баары сиз Кудайдан ажырагандан келип чыгат. Ыйык Китепте биз баарыбыз күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңтан айрылып калгандыгыбыз жөнүндө айтылат (Насаатчы 7:20; Римдиктерге 3:23). Сиздин жүрөгүңүздөгү ээндик - жашооңузда Кудай жок болуп, орду толбой жатканы. Биз Кудай менен мамиле күтүүгө жаралганбыз. Күнөөбүз үчүн, биз бул байланыштан айрылдык. Андан да жаман нерсе, биздин күнөөбүз бизди Кудайдан түбөлүккө ажыратат, бул жашоодо да, кийинкиде дагы (Римдиктерге 6:23; Жкн 3:36).

Бул көйгөйдү кантип чечсе болот? Ыйса мына жол! «Машайак аркылуу Өзунүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды» (2 Корунттуктарга 5:21). «Машайак биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди» (Римдиктерге 5:8). «Машайак Атасынын даңкы менен өлгөндөрдүн арасынан кандай тирилтилсе, биз да жаңыча жашашыбыз үчүн, өлүмгө чөмүлдүрүлүүбүз аркылуу Аны менен бирге көмүлгөнбүз. Аныкындай өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкындай тирилүү аркылуу Аны менен биригебиз» (Римдиктерге 6:4-5).

Эмне үчүн ал буга барды? Ыйса Өзү бул суроого жооп берди, “Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок” (Жкн 15:13). Ыйса биздин жашообуз үчүн өлүм жазасын тартты. Эгер биз ишенимибизди Ыйсага артсак, анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөгөн акысы болгонуна ишенсек, баардык күнөөлөрүбүз кечирип жана жуулуп кетет. Ошондо биз биздин рухий эңсөөбүз тынчып калганын сезебиз. Жарыктар күйгүзүлүп калат. Биз канаатандыра турган жашоого кирүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биздин чыныгы эң сонун досубузду жана жакшы Кайтаруучубузду таныйбыз. Биз өлгөндөн кийин бизди жашоо күткөнүн билебиз, Ыйса менен асманда түбөлүк жашоо үчүн тирилебиз!

“Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй,түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди” (Жкн 3:16).

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Аман калуу үчүн кандай план же жол бар?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries