settings icon
share icon
Суроо

Кудайдын кандай сапаттары бар? Кудай кандай?

Жооп


Кудайдын Сөзү Ыйык Китеп бизге Кудай кандай экенин жана кандай эмес экенин айтат. Ыйык Китепнын кадыр баркы жок болсо, Кудайдын сапаттарын түшүндүрүү аракеттери жөн гана бирөөнүн ой пикири болуп саналат, алар өзгөчө Кудайды түшүнүүдө туура эмес болуп чыгат (Аюб 42:7). Кудайдын кандай экенин түшүнүүгө аракеттенүү биз үчүн маанилүү деп айтуу өтө эле аздык кылат. Мындай аракет кылбасак бул бизге Анын эркине каршы жалган кудайларды жасап, алардын артынан түшүп, аларды даңктоого алып барат (Чыгуу 20:3-5).

Кудай Өзүн канчалык деңгээлде ачып берүүнү кааласа, Аны ошончолук гана таанып билүүгө мүмкүн. Кудайдын белгилеринин же сапаттарынын бири “жарык”, ал Кудай Өзү жөнүндө маалыматта Өзүн ачып берип жатканын билдирет (Ышайа 60:19; Жакып 1:17). Кудай Өзү жөнүндөгү билимди ачып бергендигин тоотпой коюга болбойт (Эврейлерге 4:1). Жаратылуу, Ыйык Китеп жана Сөз денени жаратты (Ыйса Машаякты), ал бизге Кудай кандай экенин билүүгө жардам берет.

Кудай биздин Жаратуучубуз экенин жана биз Анын жаратуусунун бир бөлүгү экендигибизди жана Анын бейнесинде жаратылганыбызды түшүнүүдөн баштайлы (Башталыш 1:1; Забур 23:1). Адам бардык жаратуудан жогору, ага жаратуунун үстүнөн башкаруу бийлиги берилген (Башталыш 1:26-28). Жаратуу күнөөгө батуунун айынан бузулуп калды, бирок дагы деле Кудайдын иштеринин жарыгын чагылдырып турат (Башталыш 3:17-18; Римдиктерге 1:19-20). Жаратуунун чексиздигин, татаалдыгын, кооздугун жана андагы тартипти байкоо менен биз Кудайдын эбегейсиз кудуреттүүлүгүн сезе алабыз.

Кудайдын кандай экенин изденүүдө Кудайдын ысымдарын карап чыгуу пайдалуу. Алар төмөндөгүдөй:

Элохим – Күчтүү, кудайлык (Башталыш 1:1)
Адонай – Эгедер, Кожоюн-менен-кызматчынын мамилесин билдирет (Чыгуу 4:10, 13)
Эл Элион – Эң Жогорку, эң Күчтүү (Башталыш 14:20)
Эл Рой – Көрүп турган Күчтүү (Башталыш 16:13)
Эл Шаддай – Кудуреттүү Кудай (Башталыш 17:1)
Эл Олам – Түбөлүктүү Кудай (Ышайа 40:28)
Яхве – Эгедер “Менмин,” өзүнөн өзү түбөлүк бар болуп туруучу Кудайды билдирет (Чыгуу 3:13, 14).

Кудай түбөлүктүү, мунун мааниси Кудайдын башталышы болгон эмес жана Анын бар болуусу эч качан аяктап калбайт. Ал өлбөс жана чексиз (Мыйзамды Кайталоо 33:27; Забур 89:2; 1 Тиметей 1:17). Кудай бир калыпта, мунун мааниси Ал өзгөрбөйт дегенди билдирет, демек Кудай толугу менен ишенимдүү жана таянууга татыктуу (Малахия 3:6; Сандар 23:19; Забур 101:26, 27). Кудай салштырылгыс; иштерде же бар болууда Ал сыяктуу эч ким жок. Ага теңдеш эч ким жок жана ал жеткилең (2 Шемуел 7:22; Забур 85:8; Ышайа 40:25; Матай 5:48). Кудай сырдуу, ченелгис, табылгыс жана Аны толук түшүнүү мүмкүн эмес, Аны толук түшүнүүгө акыл жетпейт (Ышайа 40:28; Забур 144:3; Римдиктерге 11:33, 34).

Кудай адилеттүү; Ал Өзүнө жагынгандарды баалагандардан эмес (Мыйзамды Кайталоо 32:4; Забур 17:30). Кудай баарынан кудуреттүү; ал бардык күчкө ээ, Ал Өзүнө жаккандын бардыгын кыла алат, бирок анын иш-аракеттери дайыма Анын мүнөзүнө төп келет (Аян 19:6; Жеремия 32:17, 27). Кудай бардык жерде болуучу, мунун мааниси – Ал бардык жерде бар, бирок бул бардык нерселер Кудай экенин билдирбейт (Забур 138:7-13; Жеремия 23:23). Кудай бардыгын билүүчү, мунун мааниси Кудай өткөндү, азыркыны жана келечекти ошондой эле биз ар бир учурда эмнени ойлонуп жатканыбызды билет Ал бардыгын билгендиктен Анын адилеттүүлүгү дайыма чындыкта ишке ашат (Забур 138:1-5; Накыл Сөздөр 5:21).

Кудай бир; мунун мааниси башка кудай жоктугун эле эмес, Ал жалгыз биздин жүрөктөрүбүздүн эң терең муктаждыктарын жана эңсөөлөрөрүн канаатандыра алат. Кудай гана биздин даңктообузга жана арналуубузга татыктуу (Мыйзамды Кайталоо 6:4). Кудай адил, мунун мааниси Кудай кылмышка көз жуумп коё албайт дагы, көз жуумп койбойт дагы дегенди билдирет. Кудайдын адилдигинин жана адилеттүүлүгүнүн айынан, биздин күнөөлөрүбүз кечирилиш үчүн биздин күнөөлөрүбүз Ыйсага жүктөлгөндө, Ал Кудайдын каарын башынан өткөрдү (Чыгуу 9:27; Матай 27:45-46; Римдиктерге 3:21-26).

Кудай эгемен, мунун мааниси Ал эң жогорку. Ал жараткан бардык нерселер биригип каршы чыкса да, Анын максаттарына тоскоолдук кыла албайт (Забур 92:1; 94:3; Жеремия 23:20). Кудай Рух, мунун мааниси – Ал көзгө көрүнбөйт (Жакан 1:18; 4:24). Кудай Үчбирдик. Алар маңыздарында окшош, күчтөрү жана даңктары бирдей үчтө бир. Кудай чындык, ал бузукулук кылбайт жана жалган айта албайт (Забур 116:2; 1 Шемуел 15:29).

Кудай ыйык, Ал бардык адеп-ахлак жагынан булгануудан бөлүнгөн жана ага каршы турат. Кудай бардык жамандыкты көрүп турат, жамандык Анын ачуусун келтирет. Кудай жалындаган от сыяктуу экени айтылат (Ышайа 6:3; Хабакук 1:13; Чыгуу 3:2, 4-5; Эврейлерге 12:29). Кудай ырайымдуу, Анын ырайымы Анын сабырдуулугун, боорукерлигин, мээримин жана сүйүүсүн камтыйт. Кудайдын ырайымы болбосо, Анын ыйыктыгы бизди Анын алдына жолотмок эмес. Биздин бактыбызга абал андай эмес (Чыгуу 34:6; Забур 30:19; 1 Петир 1:3; Жакан 3:16, 17:3).

Кудай чексиз Бар болгондуктан, бир дагы адам бул Кудай-ченеминдеги суроону толук түшүнө албайт, бирок Кудайдын Сөзү аркылуу биз Кудайдын ким экендигин, Ал кандай экенин бир топ түшүнө алабыз. Биз Аны жан дилибиз менен издөөнү уланта берели (Жеремия 29:13).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кудайдын кандай сапаттары бар? Кудай кандай?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries