settings icon
share icon
Суроо

Ыйса өлгөндөн кийин тирилгенге чейин үч күн кайда болгон?

Жооп


Биринчи Петир 3:18–19 мындай дейт: “Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты. Анын денеси өлтүрүлдү, бирок руху тирилтилди. Ал ошол руху менен зындандагы рухтарга барып жар салды”. Рух деген Машаяктын рухун билдирет. Карама-каршылык Машаяктын денеси менен Ыйык Рухтун ортосунда эмес, Анын денеси менен рухунун ортосунда. Машаяктын денеси өлдү, бирок руху тирүү калды.

Биринчи Петир 3:18–22 Ыйсанын азап чегүүсү (8-аят) менен Анын даңкталуусунун (22-аят) ортосундагы зарыл болгон байланышты сүрөттөйт. Петир гана ушул эки окуянын ортосунда эмне болгону жөнүндө өзгөчө маалымат берет. Англис тилиндеги Падыша Джеймстин версиясында Ыйса туткундагы рухтарга “насаат” айтты деп айтылган (19-аят). Бирок бул аятта колдонулган грек тилиндеги сөз, Жаңы Келишимде көбүнчө жакшы кабарды таратуу маанисин берген сөз эмес. Ал жөн гана “кабарды жарыялоону” билдирет, англис тилиндеги Ыйык Китептин Жаңы Эл аралык котормосунда бул сөз “жарыялоо кылуу” деп которулган. Ыйса азап чегип, айкаш жыгачта өлдү, Анын денеси өлтүрүлдү. Бирок Анын руху тирүү болуп, Ыйса аны Кудайга тапшырды (Лука 23:46). Петирдики боюнча Ыйса өзүнүн өлүмү менен тирилүүсүнүн ортосунда “туткундагы рухтарга” өзгөчө жарыя кылган.

Жаңы Келишимде рухтар деген сөз адамзатын эмес, периштелерди же жиндерди сүрөттөө үчүн колдонулган. 1 Петир 3:20да Петир адамдарга карата “жандар” деп кайрылат (Джеймс Падышанын Версиясы). Ошондой эле Ыйык Китептин эч бир жеринде Ыйса тозокко барганы жөнүндө айтылбайт. Элчилердин иштери 2:31де Ал өлгөндөр жаткан жайга баргандыгы тууралуу айтылат (Американын Жаңы Стандарт Ыйык Китеби), бирок өлгөндөр жаткан жай тозок эмес. Өлгөндөр жаткан жай деген жалпысынан өлгөндөрдүн дүйнөсү, өлгөндөр тирилүүнү күтүп жаткан убактылуу жай. Жаңы Америкалык Стандарт Ыйык Китеп котормосу менен Жаңы Эл аралык Версиясы Аян 20:11–15те өлгөндөр жаткан жай менен оттуу көлдүн ортосундагы айырманы даана көрсөтүшөт. Оттуу көл жоголгондордун акыркы соту, дайыма боло турган жай. Өлгөндөр жаткан жай жоголгондор менен Эски Келишимдин ыйыктары үчүн убактылуу жай.

Биздин Теңирибиз рухун Атасына тапшырып, денеде өлүп, бейишке кирген (Лука 23:43). Ошондой эле өлүмү менен тирилүүсүнүн ортосунда Ыйса бир жерге барып, кандайдыр бир руханий жандыктар менен кабар бөлүшкөн (кулап калган периштелер менен бөлүшсө керек; Жүйүт 1:6ны караңыз); бул жандыктар кандайдыр бир түрдө Нухтун убагындагы топон сууга чейинки мезгилге тиешелүү болгон (1 Петир 3:20). Петир бизге Ыйса туткундагы рухтарга эмнени жарыялагандыгын айтпайт, бирок бул куткарып алуу жөнүндөгү кабар боло алмак эмес, себеби периштелер куткарыла алышпайт (Эврейлерге 2:16). Балким ал шайтанды жана анын кошуунун жеңгенин жөнүндөгү жарыялоо болчу (1 Петир 3:22; Колостуктарга 2:15). Ошондой эле Эфестиктерге 4:8–10 Ыйсанын өлүмү менен тирилүүсүнүн ортосунда кылган иштерин ачып бергенсийт. Забур 67:19га шилтеме кылып, Пабыл Машаяк жөнүндө мындай дейт: “Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди” (Эфестиктерге 4:8). Ыйык Китептин Англисче Стандарт версиясында “көп сандагы туткундарды жетеледи” деп айтылат. Бул шилтемеге жараша Ыйса бейиштеги бардык куткарылгандарды чогултуп алып, аларды дайыма боло турган асмандагы жайга алып кеткен сыяктуу.

Жыйынтык чыгарсак, Ыйык Китеп Машаяк Өзүнүн өлүмү менен тирилүүсүнүн ортосундагы үч күндө эмне кылгандыгын так айтпайт. Ошентсе да биз Ыйса көз жумган ыйыктарды сооротуп, аларды түбөлүк үйүнө алып келип, туткундагы кулап калган периштелерге Өзүнүн жеңишин жарыялаган деп айта алабыз. Биз Ыйса эч кимге куткарылууга экинчи мүмкүнчүлүк бербегенин так биле алабыз, биз өлгөндөн кийин сотко кабылабыз (Эврейлерге 9:27), экинчи мүмкүнчүлүк берилбейт. Ошондой эле Ал тозокто азап чеккен эмес, Анын кун төлөп куткаруу иши айкаш жыгачта аяктаган (Жакан 19:30).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйса өлгөндөн кийин тирилгенге чейин үч күн кайда болгон?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries