settings icon
share icon
Суроо

Машаякчылык деген эмне жана машаякчылар эмнеге ишенишет?

Жооп


Машаякчылык ишенимдин ток этер ишенимдери 1 Корунттуктарга 15:1-4тө топтолгон. Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн, көргө коюлган, тирилтилген, ошол аркылуу Өзүн ишеним менен кабыл алгандарга куткарылууну сунуш кылат. Башка ишенимдерден уникалдуулугу – машаякчылык диний иш-аракеттерге караганда көбүрөөк мамиле жөнүндө. Катаал “кыл” же “кылба” деген тизменин ордуна, машаякчылыктын максаты Кудай менен тыгыз байланышты өстүрүү. Мындай мамиле Ыйса Машаяктын ишинин жана Ыйык Рухтун кызматынын негизинде мүмкүн болду.

Ушул борбордук ишенимдерден сырткары, машаякчылык эмне экендигин жана машаякчылык эмнеге ишенерин көрсөткөн же жок дегенде болуш керек болгон көптөгөн учурлар бар. Машаякчылар Ыйык Китеп шыктандырылган “Кудай-дем берген” Кудайдын Сөзү экендигине жана анын окутуусу ишенимдин бардык тараптары жана тажрыйбалары үчүн эң жогорку бийликке ээ экендигине ишенишет (2 Тиметей 3:16; 2 Петир 1:20-21). Машаякчылар Кудай үч инсанда – Ата, Уул (Ыйса Машаяк) жана Ыйык Рухта бир экендигине ишенишет.

Машаякчылар адамзаты атайын Кудай менен мамиледе болуу үчүн жаратылганына, бирок күнөө адамдарды Кудайдан бөлүп турганына ишенишет (Римдиктерге 3:23; 5:12). Машаякчылык Ыйса Машаяк бул жерде толугу менен Кудай жана толугу адам болуп басып жүргөн (Филипиликтер 2:6-11), анан айкаш жыгачта өлгөн деп окутат. Машаякчылар Машаяк өлгөндөн кийин, көргө коюлуп, кайра тирилип, азыр Атасынын оң тарабында жашап, бардык ишенүүчүлөр үчүн түбөлүк арачылык кылып жатат деп ишенишет (Эврейлерге 7:25). Машаякчылык Ыйсанын айкашкан жыгачтагы өлүмү бардык адамзаты кетирген күнөөлөр үчүн төлөөгө жетиштүү экендигин жана бул Кудай менен адамдын ортосундагы бузулган мамилени калыбына келтирерин жарыялайт (Эврейлерге 9:11-14; 10:10; Римдиктерге 5:8; 6:23).

Машаякчылыкта куткарылып, өлгөндөн кийин бейишке кирүүгө мүмкүнчүлук алыш үчүн адам Машаяктын айкаш жыгачта акырына чыгарган ишине толук ишениши керек. Эгер биз Машаяк биздин ордубузга өлүп, биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөп, кайра тирилгенине ишенсек, анда биз куткарылдык. Куткарылуу үчүн эч ким эч нерсе кыла албайт. Биз өзүбүз Кудайга жагуу үчүн “жетиштүү жакшы” боло албайбыз, анткени баарыбыз күнөөкөрлөрбүз (Ышайа 53:6; 64:6-7). Андан артык кыла турган эч нерсе жок, анткени Машаяк бардык ишти кылып бүтүргөн! Ыйса айкаш жыгачта керилип турганда, куткаруу иши акырына чыгарылганын билдирип: “Аткарылды”, - деген (Жакан 19:30).

A paragraph is missing

Машаякчылык боюнча куткарылуу деген эски күнөөкөр табияттан бошонуп, Кудай менен туура мамилеге умтулууну билдирет. Бир убакта биз күнөөнүн кулу элек, эми биз Машаяктын кулубуз (Римдиктерге 6:15-22). Ишенүүчүлөр бул дүйнөдө өздөрүнүн күнөөкөр денесинде жашап жатканда, үзбөй күнөө менен күрөшүп келишет. Бирок машаякчылар күнөө менен күрөшкөндө, Кудайдын Сөзүн изилдөө, колдонуу жана Ыйык Рухтун башкаруусунда, башкача айтканда күнүмдүк шарттарда Рухтун жетегине тил алуу менен жеңип чыга алышат.

Ошентип көптөгөн дин системалары адам кайсы бир иш аракеттерди кылыш керек, же кылбаш керек деген талаптарды коюп жатканда, машаякчылык Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөм катары айкаш жыгачта өлүп, кайра төрөлгөнүнө ишенүү жөнүндө. Биздин күнөөбүздүн карызы төлөндү, эми биз Кудай менен баарлаша алабыз. Биз күнөөкөр табиятыбызды жеңип, Кудай менен баарлашууда жана Ага баш ийүүдө жашай алабыз. Бул чыныгы Ыйык Китептин машаякчылыгы.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машаякчылык деген эмне жана машаякчылар эмнеге ишенишет?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries