settings icon
share icon
Суроо

Койчуман / насаатчы аялдар? Ыйык Китеп кызматтагы аялдар жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Бүгүнкү күндө жыйында эң кызуу талкууланып жаткан суроолордун бири аялдардын койчуман/насаатчы катары кызмат кылуусу жөнүндөгү суроо болушу керек. Натыйжада бул суроону эркектер аялдарга каршы деген көз карашта карабоо маанилүү. Аялдар койчуман катары кызмат кылбашы керек, Ыйык Китеп аялдардын кызматын чектейт дегенге ишенген аялдар да бар, ошондой эле аялдар насаатчы катары кызмат кыла алышат, аялдардын кызматы чектелбейт дегенге ишенген эркектер да бар. Бул шовинизм (өзүн жогору сезүү) же дискриминация (айымачылыктарга басым кылуу) эмес. Бул Ыйык Китепти талкуулоонун суроосу.

Кудайдын Сөзү мындай деп жарыялайт: “Аял киши унчукпастан, толук баш ийүү менен үйрөнсүн. Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын” (1 Тиметей 2:11–12). Кудай жыйында эркек менен аялга ар түрлүү ролдорду берет. Бул адамзатынын жаралуусунун жана күнөө дүйнөгө кирген жолдордун натыйжасы (1 Тиметей 2:13–14). Кудай элчи Пабыл аркылуу аялдарга эркектерди окутууга жана/же алардын үстүнөн руханий бийликке ээ болууга тыюу салат. Бул аялдардын эркектердин үстүнөн койчуман болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, анткени бул эркектерге насаат айтып, аларды элдин алдында окутуп, алардын үстүнөн руханий бийлик кылууну билдирет.

Аялдардын койчумандык кызматын жактаган көп каршылыктар бар. Көбүнчө колдонулган каршылык: Пабыл аялдарга окутууга тыюу салган себеби биринчи кылымда аялдар негизинен билимдүү эмес болчу. Бирок 1 Тиметей 2:11–14тө билим деңгээли жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Эгерде билим кызмат кылуу үчүн даярдыкты билдирсе, анда Ыйсанын шакирттеринин көбүнүн даярдыгы болмок эмес. Экинчи көп учурда келтирилген каршылык: Пабыл Эфестин аялдарына гана эркектерди окутууга тыюу салган (1 Тиметей Эфестеги жыйындын жетекчиси Тиметейге жазылган). Эфес өзүнүн Артемидага арналган бутканасы менен белгилүү болчу, бутпарастыктын ошол агымында аялдар бийликке ээ болгон – бул теория боюнча Пабыл ушул себептен улам Эфестик бутка табынуучулардын аял-жетекчи салтына жооп кылып, жыйын башкача болуш керектигин айткан. Бирок 1 Тиметей китебинде Артемида жөнүндө эч нерсе айтылбайт, мындан сырткары Пабыл да 1 Тиметей 2:11–12деги чектөөлөр Артемидага табынуучулар колдоногон тажрыйбалардын айынан киргизилгенин айтпайт.

Үчүнчү каршылык: Пабыл жалпы эркектер менен аялдарга кайрылбастан, күйөөлөр менен алардын колуктуларына кайрылып жатат. 1 Тиметей 2-баптагы “аял” жана “эркек” деген сөздөр күйөөлөр менен аялдарга тиешелүү болушу мүмкүн, бирок бул сөздөрүн негизги мааниси кененирээк. Мындан сырткары 8–10 аяттарда дал ушул грек тилиндеги сөздөр колдонулган. Күйөөлөр гана ыйык колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйыныш керекби (8-аят)? Колуктулар гана жөнөкөй кийинип, жакшы иштерди кылып, Кудайды даңкташы керекби (9–10)? Албетте андай эмес. 8–10-аяттар күйөөлөр менен колуктуларга эле эмес, бардык эркектер менен аялдарга тиешелүү экени анык. Контекст боюнча сөз 11–14-аяттарда күйөөлөр менен колуктуларга тиешелүү болуп тарып кеткенин эч нерсе көрсөтпөйт.

Аялдардын койчумандык кызматын түшүндүргөн дагы бир каршылык Ыйык Китепте жетекчилик кылган аялдарга тиешелүү, өзгөчө Мириям, Дебора жана Эски Келишимдеги Хулда. Бул аялдар Кудай тарабынан Анын өзгөчө кызматын аткаруу үчүн тандалып, ишенимдин, кайраттын, албетте жетекчиликтин үлгүсү болгону чын. Бирок Эски Келишимдеги аялдардын абройун жыйындагы койчумандардын суроосуна теңеп болбойт. Жаңы Келишимдин каттары Кудайдын элине – Машаяктын денеси болгон жыйынга жаңы үлгү берет, ал үлгү жыйындагы бийликтин Израил элиникине да окшобогон, Эски Келишимде да болбогон уникалдуу түзүлүшүн камтыйт.

Жаңы Келишимдеги Прискилла менен Пойбеге кайрылып ушул сыяктуу эле аргументтер кылынат. Элчилердин иштери 18-бапта, Прискилла менен Акила Машаяктын ишенимдүү кызматчылары катары тааныштырылат. Прискилланын ысымы биринчи айтылат, балким ал өзүнүн күйөөсүнө караганда кызматы боюнча алдыда болгондур. Прискилла менен Акила Аполоско Ыйса Машаяктын жакшы кабарын айтып беришти беле? Ооба, алар өздөрүнүн үйүндө “...Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти” (Элчилердин иштери 18:26). Ыйык Китептин кайсы бир жеринде Прискилла жыйын жетектеген, же эл алдында окуткан, же ыйыктардын жамаатынын руханий жетекчиси болгон деп айтылабы? Жок, айтылбайт. Биз билишибизче 1 Тиметей 2:11–14кө карама-каршы Прискилла жетекчилик кызматка катышкан эмес.

Римдиктерге 16:1де, Пойбе жыйында “диакон” экендиги айтылып (же “кызматчы”), Пабыл аны өтө мактайт. Бирок Прискилла менен болгон сыяктуу эле, Жазмада Пойбе жыйындын койчуманы же эркектердин окутуучусу болгонун көрсөткөн эч нерсе жок. “Окутууга жөндөмдүү” деген сапат диакондорго эмес, аксакалдарга берилген (1 Тиметей 3:1–13; Титке 1:6–9).

1 Тиметей 2:11–14түн түзүлүшү аялдардын эмнеге койчуман боло албаганынын айкын себебин келтирет. 13-аят Пабылдын 11–12-аяттарда келтирген бекемдөөсүнүн “себебин” түшүндүрүп “анткени” деген сөздөн башталат. Эмне үчүн аял эркекти окутуп же анын үстүнөн бийликке ээ болбошу керек? Анткени: “Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган. Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан” (13–14-аяттар). Кудай Адамды биринчи жараткан, андан кийин ага “жардамчы” кылып Обону жараткан. Жаралуунун тартиби үй-бүлөнүн бардык тараптарында жана жыйында колдонулат (Эфестиктерге 5:22–33).

Обо алданып калганы 1 Тиметей 2:14тө койчуман катары кызмат кылбоонун жана эркектин үстүнөн руханий бийликке ээ болбоонун дагы бир себеби катары берилет. Бул аялдар өтө ишенчээк же эркектерге караганда оңой алданат дегени билдирбейт. Эгерде аялдардын бардыгы оңой алданса, анда эмнеге аларга (оңой алдана турган) балдарды жана (жалпы көз караш боюнча оңойураак алданган) башка аялдарды окутуу иши тапшырылмак эле? Бул текстте жөн гана аялдар эркектерди окутуп же алардын үстүнөн руханий бийликке ээ болбош керек болгон себеп айтылат - Обо алданып калган. Жыйында окутуунун башкы бийлигин Кудай эркектерге берүүнү тандаган.

Көп аялдар меймандостук, мээримдүүлүк, окутуу, жакшы кабар таратуу жана жардам берүү жөндөмдүүлүктөрү менен айырмаланып турат. Жергиликтүү жыйындагы кызматтын көпчүлүгү аялдардан көз каранды. Жыйындагы аялдар эл алдында сыйынууда же пайгамбарчылык кылууда чектелген эмес (1 Корунттуктарга 11:5), алар эркектердин үстүнөн руханий бийликке ээ болууда гана чектелген. Ыйык Китептин эч бир жеринде аялдардын Ыйык Рухтун жөндөмдүүлүктөрүн колдонуусу чектелбейт (1 Корунттуктарга 12). Рухтун жемиштерин көрсөтүп (Галаттыктарга 5:22–23), жоголгондорго жакшы кабар таратуу үчүн аялдар да эркектердей эле башкаларга кызмат кылууга чакырылган (Матай 28:18–20; Элчилердин иштери 1:8; 1 Петир 3:15).

Кудай жыйында эркектерди гана руханий окутуу бийлигине дайындаган. Бул эркектер сөзсүз түрдө эле жакшыраак окуутучулар экенин, аялдардын төмөн турганын же жайыраак ойлонорун билдирбейт (бул андай эмес). Жөн гана Кудай жыйынды ушундай иш алып баргыдай кылып түзгөн. Эркектер руханий жетекчиликте өздөрүнүн жашоосу жана сөздөрү аркылуу үлгү болушу керек. Аялдар азыраак бийликке ээ ролдорду алышы керек. Аялдар башка аялдарды окутууга шыктандырылат (Титке 2:3–5). Ошондой эле Ыйык Китеп аялдардын балдарды окутуусун чектебейт. Аялдар болгону эркектерди окутутууда же алардын үстүнөн бийликке ээ болууда чектелген. Бул аялдардын эркектерге койчуман катары кызмат кылуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Бул аялдардын маанилүүлүгүн эч кандай түрдө төмөндөтпөйт, тескерисинче аларга Кудайдын планына жана Анын аларга берген жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берет.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Койчуман / насаатчы аялдар? Ыйык Китеп кызматтагы аялдар жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries