settings icon
share icon
Суроо

Ыйса Машайак бул өзү ким?

Жооп


Ыйса Машайак бул өзү ким? “Кудай барбы?” деген суроого караганда, Ыйса Машайактын бир убакта жашаганына күмөн болгондордун саны аз. Ыйса аталган 2000 жыл мурда жер үстүндө Израиль аймагында басып жүргөн чыныгы адам болгону кабыл алынган жалпы факт. Уруш-талаш качан Ыйсанын толук инсандыгы жөнүндө сөз козголгондо гана башталат. Баардык чоң диндерде Ыйса Машайак бул - жакшы мугалим, же кудайы адам болгону жөнүндө айтылат. Бирок маселе, Ыйык Китепте Ыйса жөн гана Машайак, жакшы үгүттөөчү, же кудайы адамдан өйдө туруп алда канча зор болуп жатканында.

К.С. Люис өзүнүн “Жөн гана Христиандык” аттуу ишинде төмөнкүнү жазган: “Мен бул иш аракетимде Ал [Ыйса Машайак] жөнүндө көп учурда айтылган, чындыгында акмактын сөзүндөй болгон нерседен сактайт элем: “Мен Ыйсаны улуу моралдык мугалим катары кабыл алам, бирок аны Кудай катары кабыл ала албайм”- бул, биз айтууга кажетсиз сөз. Жөн гана адам болуп жана Ыйсанын сөзүн сүйлөгөн адам улуу моралдык жактан мугалим болууга тийиш эмес. Же ал жөн гана дөөпөрөс – «мен сууга бышырылган жумурткамын», деп дөөдүрөгөн адам сыяктуу, же ал Тозоктон чыккан Азыткы. Сиз өзүңүздүн тандооңузду кылышыңыз керек! Же Ал, Кудайдын Уулу болгон жана боло берет, же ал акылы айныган же андан да, жаман нерсе ... Же сиз Аны келесоо катары камап коюшуңуз керек, же аны көздөй түкүрүп, аны азыткы катары өлтүрүшүңүз керек; же болбосо бутуна жыгылып, Аны - Теңир жана Кудай деп кайрылышыңыз керек. Бирок, ага улуу адамдан чыккан мугалим катары текеберленген мамиле кылууну токтотушубуз керек! Ал бизге андай тандоого мүмкүнчүлүк калтырган жок! Анын андай ою да, жок болчу.”

Асыресе, Ыйса өзүн ким катары жарыялады эле? Ыйык Китепте Анын ким болгону жөнүндө эмне айтылат? Биринчиден, Жкн 10:30 Ыйсанын сөздөрү: “Мен жана Атам бирбиз”, дегенине кайрылалык. Биринчи караганда, бул Кудайдан болгондой көрүнбөйт. Бирок, Жүйүттөр Анын сөзүн мындай кабыл алышкан: “Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш баранга алганы жатабыз”, - деп жооп беришти (Жкн 10:33). Жүйүттөр Ыйса өзүн Кудай катары жарыялагандай кабыл алышты. Кийинки саптарында Ыйса жүйүттөр сөзүн оңдоп, “Мен Кудаймын деген жокмун”,- деп текке чыгарган жок. Мындан Ыйса- Кудай болгонун “Менин жана Атам бирбиз», (Жкн 10:30) - деп айтканынан Ыйса Кудай болгону чын экендиги билинет. Дагы бир мисал Жкн 8:58 келтирет- Ыйса аларга: “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун”. «Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты» (Жкн 8:59). Ыйса өзүнүн инсандыгын айгинелеген “Мен бар болчумун”, деген сөз бул Тоораттан келген Кудайдын Наамы менен окшош (Чыгуу 3:14). Эгерде, Ыйса алардын көз карашында, аларга Кудайды кордогондой сөздү, тактап айтканда, «Кудаймын», деп айтпаса, эмнеликтен Жүйүттөр Ыйсаны таш баранга алгысы келмек эле?

Жкн 1.1 айтат экен: “Сөз Кудай болгон.” Жкн 1:14 “Сөз адам болуп биз мене жашап турду”, деп айтат. Бул сөздө, Ыйса - Кудай болгону ачык айтылат. Томас, Ыйсанын шакирти Ага: “Теңирим меним! Кудайым менин!”, деп жарыя кылганы бар (Жкн 20:28). Ыйса анын сөзүн оңдогон жок. Пабыл Пайгамбар Аны:“…биздин улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак”, (Тит 2:13) деп сүрөттөйт. Петир Пайгамбар ошондой эле, “…биздин улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак, ” (2 Петир 1:1), деп айтканы бар. Ыйсанын Атасы - Кудай толук инсандыгы жөнүндө күбөсүн берет: “Кудайым, Сенин тактың түбөлүктүү. Адилеттик таягың – падышачылык бийлигиңдин таягы” (Эврейлерге 1:8). Машайактын келишин алдын ала айткан Тоораттын пайгамбарлары анын кудайдан жаралышын мактайт: “Биз үчүн бала төрөлөт, бизге Уулу берилет, жана өкмөт анын далысына артылат. Жана Ал - Укмуштуу Кеңешчи, Кудуреттүү Кудай, Түбөлүктүү Ата, Тынччылыктын Перизадасы” деп да, аталат.

Асыресе, К.С.Льюис далилдегендей, Ыйсаны чыгаан мугалим катары эсептөө, биз үчүн - калтырбаган тандоодой болуп калат. Ыйса ачык айкын жана төгүнгө чыгарылбас Кудай катары чыгат. Эгер Ал Кудай болбосо, демек Ал калпычы, жана ошондуктан Ага эч кандай пайгамбар, чыгаан мугалим же кудайы киши болууга мүмкүн эмес. Ыйсанын сөзүн четке кагуу аракетте, азыркы күндөгү “илимпоздор” “чыныгы тарыхта болгон Ыйса” Ыйык Китепте Ага тиешелүү сөздөрдүн көбүн айткан жок эле деп жатышат. Бирок, биздин Кудайдын Сөзүн Ыйса айткан, же айткан жок, деп талашууга кандай акыбыз бар? Кантип эле эки миң жыл өткөн аралыкта жашаган “илимпоз”, Ыйса айткан-айтпаган сөзүн, Аны менен жанаша жашагандардан, Ага кызмат өтөгөндөрдүн жана Ыйса өзү окуткан адамдардан көбүрөөк билүүгө тийиш? (Жкн 14:26)

Эмнеге Ыйсанын чыныгы инсандыгы жөнүндө маселенин маанисиз мынчалык зор? Ыйса Кудай болгон, же болбогонун айырмасы кайсы? Ыйсанын Кудай болушуна эң эле маанилүү далил, эгерде ал Кудай болгон эмес болсо, Анын өлүмү бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн жууп кетүүгө жетиштүү болмок эмес (1 Жкн 2:2). Кудай гана бул учу-кыйры жок айыпты төлө ала тургандай касиетке ээ (Римдиктерге 5:8; 2 Корунттуктарга 5:21). Ыйса биздин карызыбызды төлөй алган Кудай болууга тийиш. Ыйса өлүп бере тургандай Адам болууга тийиш. Аман калуу - Ыйса Машайакка гана ишенүү аркылуу болот! Ыйсанын кудайдан жаралышы, Анын бирден бир куткаруу жолу менен байланыштуу. Ыйса Кудайдан жаралганынан улам Ал: “ Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт” (Жкн 14:6).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйса Машайак бул өзү ким?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries