settings icon
share icon
Суроо

Эмне үчүн мен өз жанымды кыйбашым керек?

Жооп


Биздин жүрөктөрүбүз жанын кыйып өмүрүн аяктоо жөнүндө ойлор келген адамдарга кайрылат. Эгер сенде ушундай болуп жатса, бул үмүтсүздүк жана көңүл калуу сыяктуу сезимдердин көптүгүн билдирет. Сен өзүңдү терең аңга түшүп калгандай, мындан ары иштер оңолуп кетет деген үмүт жок сыяктуу сезишиң мүмкүн. Сенин эмне болуп жатканыңды эч ким түшүнбөй жаткандай сезилет. Жашап деле кереги жок го ... же жашаш керекби?

Эгер сен бир азга ойлонуп, Кудайга сенин жашооңдо чынында Кудай болууга азыр жол берсең, Ал сага канчалык улуу экенин далилдеп берет: “Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок” (Лука 1:37). Балким өтүп кеткен жашоодогу жарааттар натыйжада четке кагылуу менен ташталып калуунун өтө күчтүү сезимдерин жараткандыр. Бул өзүн-өзү аяоого, ачууланууга, таарынычка, өч алуу ойлоруна же сенин эң маанилүү мамилелериңде көйгөйлөрдү пайда кылган негизсиз коркунучтарга алып келген.

Эмне үчүн сен жаныңды кыйбашың керек? Досум, жашооңдогу иштер канчалык начар болбосун, сүйүүнүн Кудайы сени көңүл калуунун туннелинен Өзүнүн укмуштуу жарыгына жетелеп чыгаруу үчүн күтүп турат. Ал сенин бекем үмүтүң. Анын аты Ыйса.

Ушул Ыйса күнөөсүз Кудайдын Уулу сенин четке кагылып, басынган убагыңда сага окшош. Ышайа пайгамбар Ал жөнүндө Ышайа 53:2-6да: “биз андан узүбүздү ала качтык, Ал жек көрүндү болду” – деп жазат. Анын өмүрү кайгы менен азапка толгон болчу. Бирок Ал көтөрүп жүргөн кайгылар Анын Өзүнүкү эмес, биздики болчу. Анын колу буттары тешилди, Ал жараланды, сөөктөрү талкаланды, мунун бардыгы күнөөнүн айынан болду. Ал азап тарткан үчүн биздин өмүрлөрүбүз кун төлөп куткарылып, толук кандуу боло алат.

Досум, Ыйса Машаяк сенин күнөөлөрүңдүн баары кечирилиш үчүн ушунун баарын көтөрдү. Сен кандай жүктү же айыпты көтөрүп жүрбө, эгер сен Аны момундук менен Куткаруучуң катары кабыл алсаң, Ал сени кечирерин бил. “Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың” (Забур 49:15). Сен качандыр бир убакта кандай гана жаман нерсе кылба, Ыйса кечирбегидей өтө жаман нерсе жок. Анын эң жакшы кызматчыларынын кээ бирлери өлтүрүү сыяктуу абдан чоң күнөөлөрдү кылышкан (Муса), өлтүрүү жана ойноштук кылуу (Дөөт Падыша), денелик жана эмоционалдык жазалоо (элчи Пабыл). Ошентсе да алар Теңирде кечиримге жана, жаңы ашып-ташыган өмүргө ээ болушкан. “Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду!” (2 Корунттуктарга 5:17).

Эмне үчүн сен өз жаныңды кыйбашың керек? Досум, Кудай “талкаланганды”, тактап айтканда сенин азыркы жашооңду, жаныңды кыйып бүтүргүң келген жашооңду оңдош үчүн турат. Ышайа 61:1-3тө, пайгамбар мындай деп жазган: “Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга зындандын ачылышын жарыя кылууга, Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга, Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди. Аларды адилеттүүлүгү менен улуу жана Теңир Өзү даңкталыш үчүн отургузган көчөт деп аташат”.

Ыйсага келип, Ал жашооңдо жаңы иш баштарына ишенип, кубанычың менен пайдалуу болууңду калыбына келтирүүгө жол бер. Ал сен жоготуп алган кубанычты калыбына келтирүүнү жана күч берүүчү жаңы рухту берүүнү убада кылат. Сенин талкаланган жүрөгүң Ал үчүн абдан кымбат: “Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң” (Забур 50:12, 16-19).

Сен Теңирди Куткаруучуң жана Койчуманың катары кабыл аласыңбы? Ал сенин ойлоруңду жана кадамдарыңды күн сайын Өзүнүн Сөзү – Ыйык Китеп аркылуу жетекетеп турат. “Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө” (Забур 31:8). “Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот” (Ышайа 33:6). Машаякта дагы деле күрөш болот, бирок сенде үмүт бар болот. Ал сага “бир тууганыңдан да жакын дос болот” (Накыл сөздөр 18:24). Чечимиңдин маалында Теңир Ыйсанын ырайымы сени менен болсун.

Эгерде сен Ыйса Машаякка өзүңдүн Куткаруучуң катары ишенгиң келсе, бул сөздөрдү жүрөгүңдө Кудайга айт: “Кудай, Сен менин жашоомо керексиң. Мен кылгандын бардыгы үчүн мени кечир. Мен Ыйса Машаякка таянып, Ал менин Куткаруучум экенине ишенем. Суранам, мени тазалачы, айыктырчы, жашоого кубанычымды калыбына келтирчи. Мага болгон сүйүүң үчүн жана Ыйса менин ордума өлгөнү үчүн рахмат”.

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Эмне үчүн мен өз жанымды кыйбашым керек?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries