settings icon
share icon
Суроо

Мен машаякчылык жашоомдо кантип күнөөнү жеңе алам?

Жооп


Ыйык Китеп бизге күнөөнү жеңүүдө жардам катары ар түрлүү булактарды тартуулайт. Бул жашоодо биз эч качан толугу менен күнөөнүн жеңүүчүсү боло албайбыз (1 Жакан 1:8), бирок бул биздин максатыбыз болуп кала бериши керек. Кудайдын жардамы менен, Анын Сөзүндөгү принциптерди жолдоп биз өсүп күнөөнү жеңе алабыз жана улам көбүрөөк Ыйсага окшой беребиз.

Күнөөнү жеңүү аракетибизде Ыйык Китепте айтылган биринчи булак – Ыйык Рух. Биз машаякчылык жашообузда жеңиштүү болушубуз үчүн Кудай бизге Ыйык Рухту берген. Галаттыктарга 5:16-25те Кудай дененин иштери Рухтун жемиштерине каршы экенин көрсөтөт. Ушул үзүндүдө биз Рухта жүрүүгө чакырылабыз. Бардык ишенүүчүлөрдө Ыйык Рух бар, бирок биз Ыйык Рухта, Анын жетегинин алдында болушубуз керектиги айтылат. Бул жашообузда денени ээрчигенден көрө үзгүлтүксуз Ыйык Рухтун эскертүүлөрүн ээрчүүнү тандоону билдирет.

Ыйык Рух кыла алган өзгөрүүнү Петирдин жашоосунан көрсөк болот, ал Ыйык Рухка толуудан мурун Ыйсадан үч жолу баш тарткан, ага чейин ал Машаякты өлсөм да таштабайм деген эле. Рухка толгондон кийин ал Элүүнчү күнү жүйүттөргө ачык жана кайраттуу сүйлөгөн.

Биз Ыйык Рухтун эскертүүлөрүн басып салбаганга аракет кылып (1 Тесалоникалыктарга 5:19да айтылгандай) Рухка толууну изденгенде (Эфестиктерге 5:18-21) Рухта жүргөн болобуз. Адам кантип Ыйык Рухка толо алат? Эң биринчиден бул Эски Келишимде эле болгон сыяктуу Кудайдын тандоосу. Ал Өзү акырына чыгарууну каалаган иштери үчүн кимдир бирөөлөрдү тандап, аларды Өзүнүн Рухуна толтурган (Башталыш 41:38; Чыгуу 31:3; Сандар 24:2; 1 Шемуел 10:10). Эфестиктерге 5:18-21 жана Колостуктарга 3:16да өздөрүн Кудайдын Сөзү менен толтургандарды Кудай Рухка толтуруу үчүн тандаарына далил келтирилет. Бул бизди экинчи булакка алып барат.

Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китеп, Кудай бизге Өзүнүн Сөзүн ар бир жакшы ишке даярдоо үчүн бергенин айтат (2 Тиметей 3:16-17). Ал бизге кантип жашоону жана эмнеге ишенүүнү үйрөтөт, ал бизге туура эмес жолду тандаганыбызды көрсөтөт, туура жолго түшүүгө жардам берип, ошол туура жол менен кетүүгө жардам берет. Эврейлерге 4:12 Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, сөөктүн чучугуна чейин жетип, жүрөктөгү ойлорду жана ниеттерди соттойт деп айтылат. Забурчу Забур 118де Сөздүн өмүр-өзгөртүүчү таасири жана тереңдиги жөнүндө айтат. Жашыяга душмандарды жеңүүнүн булагын унутуп койобстон, анын үстүнөн күнү-түнү ойлонуп, ага баш ийүү керектиги айтылган. Ал ошондой кылган, Кудайдын буйруктары аскердик жактан туура эмес сезилгенде да кылган, бул Убадаланган жер үчүн салгылаштарда анын жеңиштеринин ачкычы болгон.

Ыйык Китеп биз көбүнчө жеңил ойлуулук менен мамиле кылган булак. Биз аны адатка салып жыйынга көтөрүп барып, күнүмдүк үзүндүлөрдү же күнүнө бир бап окуп коюп, аны жаттоодо, ал жөнүндө ой жүгүртүүдө же өзүбүздүн жашообузда колдонууда жеңилип калабыз; ал бизге ачып берген күнөөлөрүбүзгө тобо кыла албайбыз же бизге ачып берген белектери үчүн Кудайды даңктай албайбыз. Ыйык Китепке келгенде биз көбүнчө же жүрөгүбүз айланат же ашыкча жутунуп калабыз. Ошондой эле Сөздөн руханий тирүү болуш үчүн гана кабыл алып коёбуз (эч качан дени сак гүлдөп жанып турган машаякчы болуу үчүн кабыл албайбыз), же биз жөн гана кабыл алып коюп, ал руханий азыкка айланганга чейин жетиштүү ой жүгүртпөйбүз.

Эгерде сиз Кудайдын Сөзүнөн күндө окуп, аны жаттоону адат кылып ала элек болсоңуз, анда баштаганыңыз жакшы. Кээ бири күндөлүк баштоо жакшы жардам деп эсептешет. Сөздөн пайда алып, чечимди жазып алмайынча ой жүгүртүүнү токтотпогонду адат кылып алыңыз. Кээ бирөөлөр Кудай аларга айткан тармактарында өзгөрүү үчүн Андан жардам сурап, Кудайга сыйынууларын жазышат. Ыйык Китеп Рух биздин жашообузда колдонгон курал (Эфестиктерге 6:17), руханий салгылаштарда согушуу үчүн Кудай бизге берген куралдануунун эң керектүү жана эң негизги бөлүгү (Эфестиктерге 6:12-18).

Биздин күнөөгө каршы салгылашта чечүүчү үчүнчү булак – сыйынуу. Көп үчурда машаякчылар аны аз эле колдонуп, оозунун учунан сыйынып коюшат. Бизде сыйынуу чогулуштары, сыйынуу убакыттары жана башкалар бар, бирок биз сыйынууну алгачкы жыйын колдонгондой колдонбойбуз (Элчилердин иштери 3:1; 4:31; 6:4; 13:1-3). Пабыл кимдерге кызмат кылса, ошолор үчүн сыйынганын кайра-кайра айтат. Кудай бизге сыйынуу жөнүндө сонун убадаларды берген (Матай 7:7-11; Лука 18:1-8; Жакан 6:23-27; 1 Жакан 5:14-15), Пабыл руханий салгылашка даярдануудагы үзүндүсүнө сыйынууну кошкон (Эфестиктерге 6:18).

Жашообузда күнөөнү жеңүүдө сыйынуу канчалык маанилүү? Бизде Петир баш тартардан мурун Машаяктын Гетсемания багында Петирге айткан сөздөрү бар. Ыйса сыйынып жатканда, Петир уктап жатты. Ыйса аны ойготуп: “Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз (Матай 26:41). Биз Петир сыяктуу туура нерселерди кылгыбыз келет, бирок күчүбүз жетпейт. Биз Кудайдын издегиле, тыкылдаткыла, сурагыла деген эскертүүлөрүн жолдошубуз керек, ошондо Ал бизге керектүү күчтү берет (Матай 7:7). Сыйынуу сыйкырдуу дуба эмес. Сыйынуу биздин чектелгенибизди жана Кудайдын түгөнгүс күчүн билип, бизге өзүбүз каалаганды эмес, Ал каалаган нерсени кылууга күч сурап сыйынууну билдирет (1 Жакан 5:14-15).

Күнөөнү жеңүүдө биздин төртүнчү булак – жыйын, башка ишенүүчүлөр менен баарлашуу. Ыйса шакирттерин жибергенде эки экиден жиберген (Матай 10:1). Элчилер иштериндеги бул миссионерлер бир бирден эмес, экиден же андан көп болуп барышкан. Ыйса бизге чогуу өткөргөн чогулуштарыбызды таштабастан, ошол убакытты бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн колдонолу дейт (Эврейлерге 10:24). Ал бизге бири-бириңерге каталарыңарды айткыла дейт (Жакып 5:16). Эски Келишимдин адабий китептеринде бизге темирди темир курчутары, адамды адам курчутары айтылат (Накыл сөздөр 27:17). Көпчүлүктүн күчү бар (Насаатчы 4:11-12).

Көп машаякчылар бирөөнүн алдында жооп берип турса, өтө чоң жардам боло турганын көрүшөт. Кимдир бирөө сени менен сүйлөшүп, сыйынып, шыктандырып, ал тургай ашкерелеп туруусу чоң баалуулукка ээ. Бардыгыбыз эле азгырылабыз (1 Корунттуктарга 10:13). Бирөөнүн же бир топтун алдында жооп берүү өтө оор күнөөнү да жеңүүгө жардам берген шыктандыруунун же түрткүнүн акыркы тамчысы болушу мүмкүн.

Кээде күнөөнү оңой эле жеңсе болот. Башка учурларда жеңиш жайыраак келет. Биз Кудайдын булактарын колдонгон сайын, Ал биздин жашообузду улам өзгөртө берерин убада кылат. Биз күнөөнү жеңүүгө аракет кылып чыдасак болот, анткени Ал Өзүнүн убадаларына бекем экенин билебиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Мен машаякчылык жашоомдо кантип күнөөнү жеңе алам?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries