settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп татуировкалар/денени тешүү жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Эски Келишимдин мыйзамы израилдиктерге: “...өз денеңерге так салбагыла, денеңерге ийне менен чегип жазбагыла. Мен Теңирмин” (Леби 19:28). Ошентип бүгүнкү күндөгү ишенүүчүлөр Эски Келишим мыйзамынын алдында болбосо да, (Римдиктерге 10:4; Галаттыктарга 3:23–25; Эфестиктерге 2:15), татуировкаларга каршы буйрук болгону кайсы бир суроолорду жаратышы керек. Жаңы Келишимде ишенүүчү татуировка кылса болору же болбору жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Бизге 1 Петир 3:3–4де мындай буйрук берилген: “Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун”. Бул үзүндү машаякчы аялдарга багышталганына макулбуз, бирок бул жердеги принцип суроого туура келиши мүмкүн, тактап айтканда адамдын сырткы келбети биздин көңүлүбүздүн борборунда болбошу керек . “Өрүлгөн чач”, “жакшы кийим” жана алтын жасалгага көп күч жумшалат, бирок аялдын чыныгы сулуулугу анда эмес. Ошол сыяктуу эле татуировкалар жана денени тешүү “сырткы кооздукка” кирет, ошол себептен биз жынысыбызга карабастан “ички адамыбызга” көбүрөөк күч жумшоого аракет кылышыбыз керек.

Татуировка жана денени тешүүгө карата жакшы текшерүү, биз чынчылдык жана таза абийирибиз менен Кудай бизге батасын берип ушул ишибизди Өзүнүн жакшы максаттары үчүн колдонсун деп сурана алабызбы “Ошентип ичсеңер да, жесеңер да эмне кылсаңар да баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунттуктарга 10:31)? Жаңы Келишим атайлап татуировка менен денени тешүүгө каршы буйруктарды кылбайт, бирок ошол эле учурда Кудай биздин татуировка кылып, денебизди тешүүбүздү каалайт деген ишенимге түрткү бербейт.

Эгерде биздин иш-аракетибиз Кудайга жагабы деген шектенүүлөр пайда болсо, Ыйык Китеп атайын көңүл бурбаган суроолордо негизги принцип – андай иш-аракет менен алек болбой эле койгон жакшы. Римдиктерге 14:23 ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе күнөө экендигин үйрөтөт. Биздин денелерибиз жандарыбыз сыяктуу эле кун төлөп куткарылып Кудайга тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. 1 Корунттуктарга 6:19–20 түзмө-түз татуировка же денени тешүү жөнүндө айтпаса да, бизге бир принципти берет: “Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби? Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики”. Бул улуу чындык биз денелерибиз менен эмне кылып, кайда барганыбызга чоң таасир бериши керек. Эгер биздин денелерибиз Кудайга тиешелүү болсо, Кудай бизге денелерибизди татуировка кылып же денени тешип “белгилегенге” даана эле “улуксаат” берерине так ынанышыбыз керек.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп татуировкалар/денени тешүү жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries