settings icon
share icon
Суроо

Машаякчылык өз жанын кыйууга кандай көз карашта? Ыйык Китеп өз жанын кыйуу жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Ыйык Китепте өз жанын кыйган алты өзгөчө адам жөнүндө жазылат: Абы-Мелек (Башкаруучулар 9:54), Шабыл (1 Шемуел 31:4), Шабылдын курал көтөргөн жигити (1 Шемуел 31:4-6), Акитопел (2 Шемуел 17:23), Зимри (1 Падышалар 16:18), жана Жүйүт (Матай 27:5). Алардын беши жаман, күнөөкөр адам болгон (Шабылдын курал көтөргөн жигити сапатына жараша соттолду деп айтуу үчүн ал жөнүндө жетиштүү айтылган эмес). Кээ бирөөлөр Шамшон да өз жанын кыйган дешет (Башкаруучулар 16:26-31), бирок Шамшондун максаты өзүн өзү өлтүрүү эмес, пелиштиликтерди өлтүрүү болгон. Ыйык Китеп өз жанын кыйууну өлтүрүүгө теңейт, бул өзүн өзү өлтүрүү. Кудай гана адам кантип, качан өлүшү керектигин чечиши керек.

Ыйык Китепке ылайык өз жанын кыйуу адамдын бейишке кирер кирбесин аныктабайт. Эгер куткарылбаган адам жанын кыйса, тозокко саякатын “шаштыргандан” башка эч нерсе кылган жок. Бирок жанын кыйган адам, жанын кыйган үчүн эмес, Машаяк аркылуу куткарылууну четке каккандыгы үчүн тозокко түшөт. Ыйык Китеп өз жанын кыйган машаякчылар жөнүндө эмне дейт? Ыйык Китеп биз чындап Машаякка ишенип калгандан баштап бизге түбөлүк өмүр кепил кылынарын айтат (Жакан 3:16). Ыйык Китепке жараша машаякчылар түбөлүк өмүр китебине ээ болгондугуна шектенбей эле койсо болот (1 Жакан 5:13). Машаякчыларды Кудайдын сүйүүсүнөн эч ким ажырата албайт (Римдиктерге 8:38-39). Эгерде “жаратылган нерселердин” бири да машаякчыны Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албаса, жанын кыйган машаякчы да “жаратылган нерсе” болгондуктан, өз жанын кыйуу да машаякчыны Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албайт. Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн, эгерде чыныгы машаякчы руханий кол салуу менен алсыздыктын убагында өз жанын кыйса, ал дагы деле Машаяктын каны менен жуулган күнөө боло алат.

Өз жанын кыйуу дагы деле Кудайдын алдында олутуу күнөө бойдон калат. Ыйык Китепке ылайык өз жанын кыйуу адам өлтүрүү болуп эсептелет. Эгерде машаякчымын деп жарыялаган адам өз жанын кыйса, анын ишеними чын жүрөктөн болгонбу деген олуттуу шектенүүлөр пайда болушу керек. Өз жанын кыйгандыгы үчүн адамды, өзгөчө машаякчыны актай турган эч бир шарт жок. Машаякчылар өмүрүн Кудайга берип жашоо үчүн чакырылган, алар качан өлүшү керектиги жөнүндөгү чечимди Кудай, Кудай гана чыгарат. 1 Корунттуктарга 3:15те өз жанын кыйуу жөнүндө айтылбаса да, өз жанын кыйган машаякчы эмне болору жөнүндө жакшы сүрөттөмө болчудай: “Өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат”.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машаякчылык өз жанын кыйууга кандай көз карашта? Ыйык Китеп өз жанын кыйуу жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries