settings icon
share icon
Суроо

Тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү деген эмне?

Жооп


Тилдерде сүйлөө кубулушу биринчи жолу Элүүнчү күнү Элчилердин иштери 2:1-4тө пайда болот. Элчилер чыгышып топ элдерге жакшы кабарды алардын өз тилинде сүйлөп бөлүшүшкөн: “өз тилибизде алардын Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жаткандарын угуп жатабыз!” (Элчилердин иштери 2:11). Грек тилиндеги тилдер деп которулган сөз сөзмө сөз “сүйлөө речин” билдирет. Ошол себептен тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү деген кайсы бир тилде сүйлөгөн адамга кызмат кылыш үчүн сүйлөгөн тил. 1 Корунттуктарга 12–14 баптарда, Пабыл кереметтүү жөндөмдүүлүктөрдү талкуулап жатып мындай дейт: “Бир туугандар, мен силерге барып алып, ар кандай тилдерде сүйлөсөм, бирок менин айткандарымдан же ачылыш албасаңар, же бир нерсени таанып билбесеңер, же пайгамбарчылык укпасаңар, же насаат албасаңар, мен силерге кандай пайда келтирген болом?” (1 Корунттуктарга 14:6). Элчи Пабылдыкы боюнча жана Элчилер иштеринде сүрөттөлгөн тилдерге жараша, тилдерде сүйлөө кимдир бирөөгө анын тилинде Кудайдын кабарын угуу үчүн баалуу, бирок ал түшүндүрүлбөсө/которулбаса анда баарына пайдасыз.

Тилдерди түшүндүрүү жөндөмүнө ээ болгон адам (1 Корунттуктарга 12:30) тилдерде сүйлөгөн адам кайсы тилде сүйлөгөнүн түшүнбөсө да, тилдерде сүйлөгөн адам эмне дегенин түшүнгөн адам. Тилдерди түшүндүрүүчү тилдерде сүйлөгөндүн кабарын өзү түшүнгөндөн кийин аны башкалардын баары түшүнө алгыдай кылып, аларга айтып бериши керек “Ошондуктан ар кандай тилдерде сыйынган адам которуп берүү жөндөмдүүлүгүн да сурап сыйынсын” (1 Корунттуктарга 14:13). Тилдерге карата Пабылдын жыйынтыгы; айтылган нерсе түшүндүрүлбөсө, анын күчү жок: “Бирок Жыйында ар кандай тилдерде көп сөз айткыча, башкалар насаат алышы үчүн, акылым менен беш сөз айтканым жакшы” (1 Корунттуктарга 14:19).

Тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү бүгүнкү күн үчүнбү? Биринчи Корунттуктарга 13:8де тилдер жөндөмдүүлүгү токтоорун, ал эми Корунттуктарга 13:10 “жеткилеңдүүлүк” келгенде чектелүү нерселер токтойт деп айтылат. Кээ бирөөлөр грек тилиндеги пайгамбарчылык менен билимге тиешелүү “чектелүү” деген этиштин чагы менен, “жеткилеңдүүлүк” келерде тилдердин чектелүүсүнүн жышааны катары, тилдерге тиешелүү “чектелет” дегендин айырмасына көңүл бурушат. Мындай болушу мүмкүн, бирок текст боюнча даана ушундай деп айтууга болбойт. Кээ бирөөлөр ошондой эле Ышайа 28:11 жана Жоел 2:28-29га таянып, бул Кудайдын келе жаткан сотун билдирген белги деп эсептешет. Биринчи Корунттуктарга 14:22 тилдерди “Теңирге ишенбегендер үчүн жышаан” катары сүрөттөлөт. Бул аргументке жараша тилдер жышааны жүйүттөргө Ыйса Машаякты Машаяк катары кабыл албай жаткандыгы үчүн Кудай аларды соттойт деген эскертүү болчу. Ошол себептен Кудай чынында эле Израилди соттоду (Римдиктер б.з 70-жылы Иерусалимди талкалоосу аркылуу), эми тилдерде сүйлөө жөндөмү өзүнүн башкы максатын эч качан кайра аткарбайт. Мындай көз караш дагы мүмкүн, бирок тилдердин негизги максатынын аткарылышы, сөзсүз түрдө эле токтоосун талап кылбайт. Жазма өзү да тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү токтогонун чечкиндүү түрдө жарыялабайт.

Ошол эле учурда тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү бүгүнкү күндөгү жыйында кеңири колдонулуп келген, ал Жазмага ылайык болушу керек. Ал кадимки жана түшүнүктүү тил болушу керек (1 Корунттуктарга 14:10). Ал башка тилде сүйлөгөн адамга Кудайдын Сөзүн айтуу максатында колдонулушу керек (Элчилердин иштери 2:6-12). Ал Кудайдын Пабылга берген буйругуна ылайык келиши керек: “Кимдер ар кандай тилдерде сүйлөсө, алардын экөөсү, ашып кетсе үчөөсү кезектешип, биринин артынан бири сүйлөсүн, бири аны которуп түшүндүрүп берсин. Эгерде которуп түшүндүрүп берүүчү адам жок болсо, ал Жыйында унчукпай эле койсун, өзү үчүн сүйлөсүн, Кудайга сүйлөсүн” (1 Корунттуктарга 14:27-28). Ошондой эле 1 Корунттуктарга 14:33кө туура келиш керек: “Анткени Кудай тартипсиздикти эмес, тынчтыкты каалайт”.

Негизинен Кудай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн башка тилде сүйлөгөн адам менен баарлашуу үчүн берери баарынан анык. Ыйык Рух руханий жөндөмдүүлүктөрдү бөлүштүрүүдө өзүн-өзү билет (1 Корунттуктарга 12:11). Эгер миссионерлер чет тилин үйрөөнүгө мажбур болбой, адамдарга дароо алардын эне-тилинде кайрыла алса, канчалык жемиштүү болор эле элестетип көрсөңүз. Бирок Кудай андай кылбагандай сезилет. Өтө эле зарыл болгон учурлардан сырткары бүгүнкү күндө тилдер Жаңы Келишим убагында пайда болгон түрдө пайда болбогондой сезилет. Тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн колдонобуз деп жарыялаган ишенүүчүлөрдүн бир топ бөлүгү, аны Жазмага ылайык – жогоруда айтылып кеткендей колдонушпайт. Буларга таянып, бүгүнкү күндөгү жыйындар үчүн, Кудайдын планы боюнча тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү токтотулган же өтө эле сейрек кездешет деген жыйынтык чыгарса болот.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү деген эмне?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries