settings icon
share icon
Суроо

Күнөөкөрдүн сыйынуусу деген эмне?

Жооп


Күнөөкөрдүн сыйынуусу деген адам күнөөкөр жана куткаруучуга муктаж экенин түшүнүп Кудайга кайрылып сыйынган сыйынуу. Күнөөкөрдүн сыйынуусун айтып койуу өзүнөн өзү эч нерсени акырына чыгарбайт. Чыныгы күнөөкөрдүн сыйынуусу адам өзүнүн күнөөкөрлүгү жана куткарылууга муктаж экендиги жөнүндө эмнени билгенин, түшүнгөнүн жана ишенгенин гана билдирет.

Күнөөрдүн сыйынуусунун биринчи бөлүгү биз күнөөкөр экенибизди түшүнүү. Римдиктерге 3:10 мындай деп жарыялайт: “Ыйык Жазууда жазылгандай: "Бир да адил адам жок"”. Ыйык Китеп биз баарыбыз күнөө кылгандыгыбызды даана эле айтат. Биз баарыбыз ырайымга жана кечиримге муктаж күнөөкөрлөрбүз (Титке 3:5-7). Күнөбүздүн айынан биз түбөлүк жазага татыктуубуз (Матай 25:46). Күнөөкөрдүн сыйынуусу соттун ордуна ырайым сурап өтүнүү. Бул каардын ордуна мээримди сурап сыйынуу.

Күнөөкөрдүн сыйынуусунун экинчи бөлүгү Кудай биздин жоголгон жана күнөөкөр абалыбызды калыбына келтириш үчүн эмне кылгандыгын билүү. Кудай адам денесин кийип, Ыйса Машаяктын инсандыгында адамзаты болуп калды (Жакан 1:1,14). Ыйса бизге Кудай жөнүндөгү чындыкты үйрөтүп, жеткилең адил жана күнөөсүз жашады (Жакан 8:46; 2 Корунттуктарга 5:21). Анан Ыйса биздин жазабызды алып, биздин ордубузга айкаш жыгачта өлдү (Римдиктерге 5:8). Ыйса күнөөнүн, өлүмдүн жана тозоктун үстүнөн Өзүнүн бийлигин далилдөө үчүн өлүп кайра тирилди (Колостуктарга 2:15; 1 Корунттуктарга 15 бап). Ушулардын баарынын негизинде биздин күнөөлөрүбүз кечирилип, бейиште түбөлүк үйүбүздүн убадасын ала алабыз. Биз болгону ал биздин ордубузга өлүп кайра тирилгенине ишенишибиз керек (Римдиктерге 10:9-10). Биз ырайым аркылуу, ишеним аркылуу, Ыйса Машаяк аркылуу гана куткарылабыз. Эфестиктерге 2:8 мындай деп жарыялайт: "Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги".

Күнөөкөрдүн сыйынуусун айтуу Ыйса Машаякка Куткаруучум катары таянам деп Кудайга жарыялоо. Натыйжада куткарууга алып келген "сыйкырдуу" сөздөр жок. Бизди Ыйсанын өлүмүнө жана тирилүүсүнө болгон ишеним гана куткара алат. Эгерде күнөөкөр экениңизди түшүнсөңүз Ыйса Машаяк аркылуу куткарылууга муктаж экениңизди түшүнсөңүз, Кудайга төмөнкүдөй сыйынсаңыз болот: "Кудай, мен күнөөкөр экенимди билем. Мен күнөөлөрүмдүн натыйжаларына татыктуу экенимди билем. Бирок өзүмдү Ыйса Машаякка Куткаруучум катары ишенип тапшырам. Анын өлүмү жана тирилүүсү мага кечиримди камсыз кылганына ишенем. Мен өзүмдү Ыйсага ишенип тапшырам, Ыйса гана менин жеке Теңирим жана Куткаруучум. Теңир мени куткарып, кечиргениң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Күнөөкөрдүн сыйынуусу деген эмне?

© Copyright Got Questions Ministries