settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп никеге туруудан /үйлөнүүдөн же турмушка чыгуудан мурун жыныстык катнаш жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Ыйык Китепте никеге туруудан мурун жыныстык катнашка тиешелүү айкын иврит же грек тилиндеги сөз жок. Ыйык Китеп ойноштук менен жыныстык бузукулукту айыптаганы анык, бирок никеге туруудан мурун жыныстык катнашта болуу жыныстык бузукулукка жатабы? 1 Корунттуктарга 7:2 боюнча, “ооба” деп шексиз жооп берсе болот: “Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун.” Бул аятта Пабыл нике куруу жыныстык бузукулуктун “дарысы” экенидигин ырастайт. Биринчи Корунттуктарга 7:2 адамдар өздөрүн контролдой албагандыктан жана никеден сырткары өткө көп сексуалдык бузукулук кылгандыктан, нике куруусу керектигин айтат. Ошондо алар өздөрүнүн кумарларын адеп-ахлак жолунда кандыра алышат.

1 Корунттуктарга 7:2 никеден мурун жыныстык катнашта болууну жыныстык бузукулуктун аныктамасына даана эле кошкондуктан, бардык Ыйык Китептеги жыныстык бузукулукту күнөө катары айыптаган аяттар, никеге чейин жыныстык катнашта болууну да күнөө катары айыпташат. Никеден мурун жыныстык катнашта болуу Ыйык Китептин аныктамасы боюнча жыныстык бузукулукка кирет. Жазмада нике куруудан мурун жыныстык катнашты күнөө деп жарыялаган сансыз аяттар бар: (Элчилердин иштери 15:20; 1 Корунттуктарга 5:1; 6:13, 18; 10:8; 2 Корунттуктарга 12:21; Галаттыктарга 5:19; Эфестиктерге 5:3; Колостуктарга 3:5; 1 Тесалоникалыктарга 4:3; Жүйүт 7). Ыйык Китеп нике куруудан мурун толук карманууга өбөлгө түзөт. Кудай күйөөсү менен аялынын ортосунда болгон жыныстык катнаштын формасын гана колдойт (Эврейлерге 13:4).

Биз көбүнчөсү жыныстык катнаштын “жаңылантып сергитүүчү” жагын карап, анын дагы бир башка “тукум улоочу” жагы бар экенин эске албай калабыз. Никедеги жыныстык катнаш жагымдуу, Кудай аны ошондой кылып жараткан. Кудай эркектердин да, аялдардын да никенин чегинде жыныстык катнашка ырахаттануусун каалайт. Сулаймандын Ырдын ыры китебинде жана Ыйык Китептин кээ бир башка аяттарында (Накыл Сөздөр сыяктуу 5:19) жыныстык катнаштын жагымдуулугу даана сүрөттөлөт. Бирок жубайлар Кудайдын ниетинде жыныстык катнаш тукум улоону да камтырын түшүнүшү керек. Демек жуптар никеден мурун жыныстык катнашта болуусу эки эсе туура эмес – алар өздөрүнө тиешелүү эмес жыргалга ырахаттанып, Кудай ар бир бала үчүн түзүп берүүнү ниеттенген үй-бүлөдөн сырткары адам өмүрүн жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп алышты.

Тажрыйба туураны туура эместен айырмалабаганы менен, Ыйык Китептеги нике куруудан мурун жыныстык катнаш жөнүндөгү кабарга баш ийүү болсо, жыныстык катнаш аркылуу өткөн оорулар, аборттор, жалгыз энелер, каалабаган бойго бүтүүлөр жана жашоосунда атасы да энеси да жок өскөн балдар бир топ азыраак болмок. Нике куруудан мурун жыныстык катнашта болуу жөнүндө сөз болгондо, Кудайдын жалгыз эрежеси – такыбаа болуп өзүн тыюу. Өзүн тыюу балдарды коргоп, жыныстык катнашка туура баа берип, эң негизгиси Кудайды даңктайт.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп никеге туруудан /үйлөнүүдөн же турмушка чыгуудан мурун жыныстык катнаш жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries