settings icon
share icon
Суроо

Мен үчүн кайсы дин туура?

Жооп


Тез татым ресторандары тамагыбызды өзүбүз каалагандай буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү менен азгырат. Кээ бир кофе дүкөндөрү жүздөгөн ар түрлүү жыпар жыттар жана кофенин түрлөрү менен мактанышат. Керек болсо үйлөрдү, унааларды сатып алып жатып да биз бардык тандоо укуктарыбызды колдонуп, бизге жаккан сапаттары барды карай алабыз. Эми биз шоколад, ванила жана бүлдүркөн дүйнөсүндө жашабай калганбыз. Тандоо падыша болуп калган! Сиз өзүңүздүн жактырганыңызга жана муктаждыктарыңызга жараша каалаган нерсеңизди тапсаңыз болот.

Анда сиз үчүн туура болгон дин жөнүндө эмне десе болот? Күнөөлү сезимден эркин кылган, талаптарды койбогон, кылыш керек жана кылбаш керектерге толбогон дин жөнүндө кандай ойдосуз? Мындай дин бар, ал так эле мен сүрөттөп кеткендей. Бирок дин аябай жаккан даам же балмуздак сыяктуу тандалышы керекби?

Биздин көңүлүбүздү буруу үчүн көптөгөн үндөр атаандашып жатышат, анда эмнеге кимдир бирөө Ыйсаны башкалардан жогору көрүшү керек, айта кетсек Мухамедден, Конфуцийден, Буддадан, же Чарльз Тейз Расселден, же Жозеф Смиттен? Акыры бардык жолдор бейишке алып барат эмесби? Бардык эле диндер негизинен окшош эмесби? Чындыгында бардык эле жолдор Индианага алып барбагандай бардык эле диндер бейишке алып бара бербейт.

Жалгыз Ыйса Кудайдын бийлиги менен сүйлөгөн, анткени жалгыз Ыйса өлүмдү жеңген. Мухаммед, Конфуций жана башкалар азыркыга чейин көрлөрүндө чирип жатышат. Бирок Ыйса зөөкүр римдиктердин айкаш жыгачында өлгөндөн кийин, Өз күчү менен көрүнөн басып чыккан. Өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар бирөө биздин көңүл буруубузга татыктуу. Өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар бирөө анын сөзүнө кулак салууга татыктуу.

Ыйсанын тирилүүсүн коштогон далилдер аң-таң калтырат. Биринчиден Машаяктын тирилгенин өз көзү менен көргөн беш жүздөн ашык адам болгон! Демек өз көзү менен көргөн күбөлөр өтө көп болгон. Беш жүз адамдын айтканын тоотпой койууга болбойт. Ошондой эле Анын көрүстөнү бош калган. Ыйсанын душмандары Анын өлүк, чирип баштаган денесин алып чыгып, тирилүү жөнүдөгү бардык сөздөрдү оңой эле токтотуп койсо болот эле, бирок алып чыгып көрсөтө турган өлүк жок эле! Көрүстөн бош калган! Шакирттери Анын сөөгүн уурдап кете алат беле? Мындай мүмкүнчүлүктүн алдын алуу үчүн Ыйсанын көрүн куралданган жоокерлер өтө сактык менен кайтарып турушкан. Анын эң жакын жолдоочулары Ал камакка алынып, айкаш жыгачка керилгенде коркконунан чачырап качып кетишкенин эске алсак, коркуп турган шөмтүрөгөн балыкчылар машыккан адис жоокерлерге жекеме жеке күрөшкөнү таптакыр мүмкүн эмес. Алар жалган үчүн өмүрлөрүн курмандыкка берип, кийин алардын көбү өлгөн сыяктуу азап чегүүчү болуп өлүшмөк эмес. Бул Ыйсанын тирилүүсүн көзгө илбей койууга жол бербеген жөнөкөй факт!

Кайра айта кетсек, өлүмдүн үстүнөн бийликке ээ болгон бирөө анын сөзүнө кулак салууга татыктуу. Ыйса өлүмдүн үстүнөн Өзүнүн бийлигин далилдеди; ошол себептен биз Анын айтканына кулак салышыбыз керек. Ыйса Өзүнүн куткарылуу үчүн жалгыз жол экенин жарыялайт (Жакан 14:6). Ал жөн эле жол эмес, көптөгөн жолдордун бири эмес. Ыйса жалгыз жол.

Ошол эле Ыйса: "Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем", – деп айтат (Матай 11:28). Бул катаал дүйнө, жашоо кыйын. Арабызда көбүбүз бир топ канжалаганбыз, жараланганбыз, жана жеңилип калганбыз. Макулсузбу? Анда эмнени каалайсыз? Калыбыңызга келүүнүбү же жөн эле диндиби? Тирүү Куткаруучунубу же көптөгөн өлүк "пайгамбарлардын" бирин каалайсызбы? Маңыздуу мамилелердиби же көңдөй салттардыбы? Ыйса тандоо үчүн эмес – Ал тандоо!

Эгер сиз кечиримди издеп жатсаңыз Ыйса туура "дин" (Элчилердин иштери 10:43). Эгер сиз Кудай менен маңыздуу мамилени издеп жатсаңыз Ыйса туура "дин" (Жакан 10:10). Эгер сиз бейиштеги түбөлүк жайды издеп жатсаңыз Ыйса туура "дин" (Жакан 3:16). Ыйса Машаякка Куткаруучуңуз катары ишениңиз, ошондо өкүнбөйсүз! Күнөөлөрүңүздүн кечирилүүсүн Ага тапшырыңыз, сиздин көңүлүңүз калбайт.

Эгер Кудай менен "туура мамилени" кааласаңыз, төмөндө үлгү сыйынуу келтирилген. Бул сыйынуу же бир башка сыйынуу сизди күнөөдөн куткара албары эсиңизде болсун. Бул сыйынуу жөн гана Кудайга сиздин Ага ишенгениңизди билдирип, куткаруусуна ыраазычылык келтирүү үчүн. "Кудай мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок мен кечирим алышым үчүн Ыйса Машаяк мен татыктуу болгон жазаны Өзүнө алды. Мен куткарылуу үчүн Сага ишенем. Сенин эң сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүр белегиң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Мен үчүн кайсы дин туура?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries