settings icon
share icon
Суроо

Үй жаныбарлары / жаныбарлар бейишке барышабы? Үй жаныбарларынын / жаныбарлардын жандары барбы?

Жооп


Ыйык Китеп үй жаныбарларынын / жаныбарлардын “жандары” бар экендиги же алар бейиште болору жөнүндө так үйрөтпөйт. Бирок бул суроо боюнча кандайдыр бир так түшүнүк болушу үчүн биз Ыйык Китептин жалпы принциптерин өрчүтө алабыз. Ыйык Китеп адамдар да (Башталыш 2:7), жаныбарлар да (Башталыш 1:30; 6:17; 7:15, 22) “өмүр демине” ээ экендигин, башкача айтканда адам да жаныбарлар да тирүү жандыктар экенин ырастайт. Адамзаты менен жаныбарлардын ортосундагы айкын айырмачылык, адамзаты Кудайдын бейнесинде, Ага окшош болуп жаратылган (Башталыш 1:26-27), ал эми жаныбарлар андай жаратылган эмес. Кудайдын бейнесинде жана Ага окшош болуп жаралуу, адамзаты Кудайдай болуп руханийликке жөндөмдүү, акылы, сезимдери, эрки бар жана алардын кайсы бир бөлүгү өлгөндөн кийин жашай берерин билдирет. Эгерде үй жаныбарларынын / жаныбарлардын “жаны” же материалдык эмес бир бөлүгү бар болсо, ал башкача жана төмөнүрөөк “сапатта” болушу керек. Бул айырмачылык үй жаныбарларынын / жаныбарлардын “жандары” өлгөндөн кийин жашабарын билдириши мүмкүн.

Дагы бир карай турган фактор – жаныбарлар Башталыштагы Кудайдын жаратуу процессинин бир бөлүгү экендиги. Кудай жаныбарларды жаратып туруп, алар жакшы экендигин айткан (Башталыш 1:25). Демек алар үчүн жаңы жерде болбогонго себеп жок (Аян 21:1). Миң жылдык падышачылык болгон мезгилде жаныбарлар болору анык (Ышайа 11:6; 65:25). Ошол жаныбарлар бул жерде биз менен болгон жаныбарлар болот деп так айтуу мүмкүн эмес. Биз Кудай адилеттүү экендигин билебиз жана биз бейишке барганда бул суроо боюнча Анын чечими кандай болбосун анын менен толук макул болгонубузду көрөбүз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Үй жаныбарлары / жаныбарлар бейишке барышабы? Үй жаныбарларынын / жаныбарлардын жандары барбы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries