settings icon
share icon
Суроо

Куткарылганда биротоло куткарылабы?

Жооп


Адам куткарылгандан кийин куткарылган бойдон калабы? Адамдар Машаякты Куткаруучусу катары тааныганда, алар куткарылуусунун түбөлүк коопсуздугун кепил кылган Кудай менен мамилени башташат. Жазманын көптөгөн үзүндүлөрү бул фактты жарыялашат. (a) Римдиктерге 8:30 мындай деп жарыялайт: "Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады". Бул аят бизге Кудай бизди тандап жаткан учурдан баштап биз асманда Анын жанында даңкталып жаткандай болорубузду айтат. Ишенүүчүнүн бир күнү даңкталбай калышына эч ким тоскоолдук кыла албайт, себеби Кудай анын даңкталуусун эбак эле асманда белгилеп койгон. Адам акталгандан кийин, анын куткарылуусуна кепилдик берилет – ал эбак асманда даңкталган сыяктуу коопсуздукта болот.

(б) Римдиктерге 8:33-34тө Пабыл эки чечүүчү суроо берет: "Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт. Аларды ким соттойт? Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машайак Ыйса биз үчүн арачылык кылат". Ким Кудайдын тандалгандарын айыптай алат? Эч ким айыптай албайт, анткени Машаяк биздин арачыбыз. Бизди ким соттойт? Эч ким соттобойт, анткени бизди соттой турган Машаяк Өзү биз үчүн өлгөн. Биздин Куткаруучубуз биздин арачыбыз дагы, сотубуз дагы.

(в) Ишенүүчүлөр ишенгенде кайра төрөлүшөт (жаңыланганда) (Жакан 3:3; Титке 3:5). Эгер машаякы куткарылуусун жоготсо, ал кайра жаңыланбай калмак. Ыйык Китепте кайра төрөлүү алынып кеткен учурлар жөнүндө далилдер жок. (д) Ыйык Рух ар бир ишенүүчүдө жашайт (Жакан 14:17; Римдиктерге 8:9) жана бардык ишенүүчүлөрдү Машаяктын Денесине чөмүлдүрөт (1 Корунттуктарга 12:13). Ишенүүчү куткарылбай калышы үчүн ичинде "Ыйык Рух жашабай" калып Машаяктын денесинен айрылып калышы керек.

(г) Жакан 3:15 Ыйса Машаякка ишенгендердин баары “түбөлүк өмүргө ээ” болорун ырастайт. Эгер сиз бүгүн Машаякка ишенип, түбөлүк өмүргө ээ болуп, бирок эртең аны жоготуп алсаңыз, анда ал таптакыр эле "түбөлүктүү" болгон эмес. Демек сиз куткарылууңузду жогото алсаңыз Ыйык Китептеги түбөлүк өмүр жөнүндөгү убадалар ката болмок. (ж) Эң негизги чечүүчү аргументти Жазма өзү эң сонун келтирет деп ойлойм: "Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин" (Римдиктерге 8:38-39). Сизди куткарган Кудай ошол эле сизди сактай турган Кудай экени эсиңизде болсун. Биз куткарылгандан кийин, биротоло куткарылабыз. Биздин куткарылуубуз түбөлүк коопсуз экендиги анык!

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Куткарылганда биротоло куткарылабы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries