settings icon
share icon
Суроо

Жашоонун мааниси эмнеде?

Жооп


Жашоонун мааниси эмнеде? Жашоонун максаты, толуктугу жана жашоого канааттанууну кантип тапса болот? Кантип бир үзгүлтүксүз маңыздуу нерсеге жетсе болот? Ушунчалык көп адамдар бул маанилүү суроолор жөнүндө талкуулоону токтотпой келишкен. Алар бир топ жылдан кийин артын карап, жетебиз деген максаттарына жетсе дагы, эмнеге мамилелер талкаланып, жүрөктөрүндө ушунчалык боштукту сезип жаткандыгына таң калышат. Кайсы бир спорттун түрүндө эң жогорку деңгээлге жеткен атлетке: “Спортко жаңы эле сапар тартканда кайсы сөздү айтып коюшса болмок экен деп ойлойсуз”, – деген суроо беришкен экен. Ошондо ал: “Эң жогорку деңгээлге жеткенден кийин, андан ары эч нерсе жок деп айтып коюшса болмок экен”, – деп жооп берген экен. Көптөгөн максаттардын көңдөйлүгү алардын артынан ээрчип бир топ жыл короткондон кийин көрүнөт.

Адамзат маданиятында адамдар көп нерсеге умтулушат, анткени ошолордон жашоонун маанисин табабыз деп ойлошот. Кээ бир умтулуулар бизнестеги ийгиликти, мүлктү, жакшы мамилени, жыныстык катнашты, оюн-зоокторду жана башкаларга жакшылык кылууну камтыйт. Адамдар өздөрүнүн мүлк, мамилелер жана ырахаттануу боюнча максаттарына жеткенде, жүрөктөрүндө дагы деле терең боштук, эч нерсе менен толтурулгус бош орун сезими кала бергенин күбөлөндүрүшкөн.

Ыйык Китептеги Насаатчынын автору ушул сезимди сүрөттөп, мындай дейт: “Түйшүктүн түйшүгү, – ... түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!” (Насаатчы 1:2). Насаатчыны жазган Сулайман падыша өлчөнгүс мүлккө, өзүнүн заманында жана биздин заманда баарыныкынан көп акылмандуулукка, жүздөгөн аялдарга, башка падышалыктар көз арткан хан сарайларга жана бактарга, эң жакшы тамак менен шарапка жана мүмкүн болгон бардык оюн-зоокко ээ болгон. Кайсы бир учурда ал каалаган нерсесинин баарына жеткенин айтат. Ошентсе да ал мындай деп жыйынтык чыгарат: “күн астындагы жашоо” – жашоо деген көзүбүз менен көрүп жана сезимдерибиз менен сезе алган нерселер үчүн эле жашоо болсо – ал маңызсыз. Эмне үчүн ушундай боштук болот? Кудай бизди бул жерде-жана-азыр сезе турган нерселерден жогору кылып жараткан. Сулайман Кудай: “...алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды”, – деп айткан (Насаатчы 3:11). Биз жүрөктөрүбүздө бардыгы бул жерде-жана-азыр болуп турган нерселер менен гана бүтүп калбарын билебиз.

Ыйык Китептин биринчи китеби Башталышта, Кудай адамзатын өзүнүн бейнесинде жаратканын көрөбүз (Башталыш 1:26). Демек биз башка нерселерге караганда, көбүрөөк Кудайга окшошбуз (башка жандыктарга караганда). Ошондой эле адамзаты күнөөгө батып, күнөөнүн каргышы жерге тийе электе төмөнкүлөр чындык болчу: 1) Кудай адамды коомдук жандык кылып жараткан (Башталыш 2:18-25); 2) Кудай адамга иш тапшырган (Башталыш 2:15); 3) Кудай адам менен баарлашкан (Башталыш 3:8); жана 4) Кудай адамга жердин үстүнөн башкаруу бийлигин берген (Башталыш 1:26). Булардын кандай мааниси бар? Кудай булардын ар бири биздин жашообузду толтуруп туруусун каалаган, бирок булардын бардыгы (өзгөчө адамдын Кудай менен болгон мамилеси) жагымсыз түрдө адамдын күнөөгө батканынан жабыр тартып, натыйжада жерге каргыш тийген (Башталыш 3).

Ыйык Китептин акыркы Аян китебинде Кудай азыркы жер менен асманды жок кылып, жаңы жер менен жаңы асманды жаратуу аркылуу түбөлүк падышачылыктын келгенин жарыяларын ачып берет. Ошол учурда ал кун төлөп куткарылган адамзаты менен толук мамилесин калыбына келтирип, куткарылбагандар болсо, жаман сотко кабылып, оттуу көлгө ыргытылат (Аян 20:11-15). Күнөөнүн каргышы мындай чечилет; мындан ары күнөө, кайгы, кесел, өлүм же ооруу болбойт (Аян 21:4). Кудай алар менен бирге болуп, алар Анын балдары болушат (Аян 21:7). Ошентип биз толук айлананы көрө алабыз: Кудай бизди Өзү менен баарлашуу үчүн жараткан, адам күнөө кетирип, ошол баарлашууну бузду; Кудай түбөлүк падышачылыкта ошол баарлашууну калыбына келтирет. Өлгөндө түбөлүктүүлүктө Кудайдан ажыроо үчүн өмүрүңдө бардык нерсеге ээ болуп жашоо пайдасыз деп айтып койуу, өтө эле жеңил айтылган сөз! Бирок Кудай түбөлүк ырахатка жетүү мүмкүнчүлүгүн гана даярдабастан, (Лука 23:43) жердеги жашоону да канааттандырарлык жана маңыздуу болгудай кылган. Түбөлүк ырахат менен “жердеги бейишке” кантип жетсе болот?

Ыйса Машаяк аркылуу калыбына келтирилген жашоонун маңызы

Азыркы да, келечектеги да жашоонун чыныгы мааниси, Адам менен Обо күнөөгө батуу аркылуу жоготуп алган Кудай менен мамиленин калыбына келүүсүнөн көрүнөт. Кудай менен мындай мамиле Анын Уулу Ыйса Машаяк аркылуу гана мүмкүн (Элчилердин иштери 4:12; Жакан 1:12; 14:6). Биз күнөөлөрүбүз үчүн тобо кылганда (мындан ары аларды кылууну каалабай калганда) Машаяк бизди жаңы жаратуу кылып өзгөрткөндө жана биз Ыйса Машаякка Куткаруучубуз катары таянганда түбөлүк өмүргө ээ болобуз.

Жашоонун чыныгы мааниси Ыйсаны Куткаруучу катары кабыл алуу кандай сонун болгон күндө да, ушундан гана табылбайт. Тактап айтканда жашоонун чыныгы мааниси кимдир бирөө Машаякты Анын шакирти катары ээрчип, Андан үйрөнүп, Аны менен Анын Сөзү менен убакыт өткөрүп, сыйынууда Аны менен баарлашып, Анын буйруктарына баш ийүү менен Анын жанында жүргөндө даана табылат. Эгер сиз машаякчы болбосоңуз (балким жаңы ишенүүчү болсоңуз), өзүңүзгө: “Бул мага өтө деле шыктандыргандай жана канааттандыргандай угулбады!”, - дешиңиз мүмкүн. Бирок Ыйса төмөнкүдөй ырастоолорду кылган:

“Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил” (Матай 11:28-30). “Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим” (Жакан 10:10б). “Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат” (Матай 16:24-25). “Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат” (Забур 37:4).

Бул аяттардын бардыгы бизде тандоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып турат. Биз өзүбүздүн жашоолорубузду өзүбүз башкарып жашоого умтула берсек болот, бул боштукка алып барат же болбосо биз жашообузда бүт жүрөгүбүз менен Кудайдга жана Анын эркине умтулууну тандасак болот, мындай кылуу натыйжада ашып-ташыган өмүргө, жүрөктөгү каалоолорубуздун аткарылышына, канааттанууга жана ыраазы болууга алып келет. Себеби Жаратуучубуз бизди сүйөт жана бизге эң жакшысын каалайт (сөзсүз түрдө эле оңой жашоо эмес, бирок толук кандуу жашоо).

Машаякчылык жашоону спорт мелдеши болуп жатканда оюнду жакыныраак жерден көрүү үчүн кымбат орундуктарга умтулуу менен азыраак төлөп, оюнду алысыраактан көрүү менен салыштырса болот. Биз Кудайдын биринчи катарда иштеп жатканын тандашыбыз керек эле, бирок тилекке каршы көбүнчө адамдар башканы тандашат. Кудайдын ишин биринчилерден болуп, чын эле өзүлөрүнүн каалоолоруна умтулууну Кудайдын максаттары үчүн токтоткон, толук арналган Машаяктын шакирттери көрө алат. Алар толук бааны төлөштү (Машаякка жана Анын эркине баш ийүү); алар жашоону анын толуктугунда сезип жатышат; алар өздөрүнө, өздөрүнүн шериктерине жана аларды Жасоочуга өкүнүүсүз карай алышат. Сиз толук бааны төлөдүңүзбү? Сиз төлөөнү каалайт белеңиз? Эгер кааласаңыз мындан кийин жашоонун маанисин же максатын табууну эңсебейсиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Жашоонун мааниси эмнеде?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries