settings icon
share icon
Суроо

Өлгөндөн кийин жашоо барбы?

Жооп


Өлгөндөн кийин жашоо барбы? Ыйык Китеп бизге мындай дейт: “Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон. Ал гүл сыяктуу чыгат да, соолуп, күбүлүп калат. Көлөкөдөй качат, токтобойт. Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле? Анда мен мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды күтөр элем” (Аюб 14:1-2, 14)?

Аюб сыяктуу бардыгыбыз эле ушул суроо менен кыйналып келебиз. Биз өлгөндөн кийин эмне болобуз? Жөн гана жок болуп кетебизби? Өмүр деген жеке улуулугубузга жетүү үчүн жерге келип-кеткен дарбазабы? Баарыбыз бир жерге барабызбы же ар башка жактарга барабызбы? Чынында эле бейиш менен тозок барбы же бул жөн гана биздин жүрөгүбүздүн абалыбы?

Ыйык Китеп бизге өлүмдөн кийин жашоо бар экенин гана айтпастан, түбөлүк өмүр ушунчалык даңктуу экенин айтат: “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон” (1 Корунттуктарга 2:9). Ыйса Машаяк – денедеги Кудай бизге түбөлүк өмүр берүү үчүн жерге келген. “Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү” (Ышайа 53:5).

Ыйса ар бирибиз татыктуу болгон жазаны Өзүнө алып Өзүнүн өмүрүн курмандыкка берген. Үч күндөн кийин Ал көрдөн туруп, өлүмдү жеңүүчү экенин далилдеди. Ал жер үстүндө кырк күн жүрүп, асмандагы түбөлүк үйүнө көтөрүлүп кеткенге чейин миңдеген адамдар Аны көрүшкөн. Римдиктерге 4:25 мындай дейт: “Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген”.

Машаяктын тирилүүсү жакшы-документтелген окуя болгон. Элчи Пабыл адамдарды бул окуяны өз көзү менен көргөндөрдөн сурамжылоого чакырган, бирок алардын бири дагы бул чындыкты четке кага алган эмес. Тирилүү Машаякчылык ишенимдин бурчтагы негизги ташы; анткени Машаяк өлүп кайра тирилген, ошондуктан биз дагы тирилебиз деген ишенимге ээбиз.

Пабыл тирилүүгө ишенбеген кээ бир алгачкы машаякчыларга мындай деп эскерткен: “Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги жарыяланып жатса, кээ бирөөлөрүңөрдүн: «Өлгөндөр тирилишпейт», – дегени кандай? Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок” (1 Корунттуктарга 15:12-13).

Машаяк өлүп кайра тириле тургандардын улуу түшүмүнүн алгачкысы гана. Денелик өлүм бир адам – Адам аркылуу келген, биз бардыгыбыз ага тиешелүүбүз. Бирок Ыйса Машаякка ишенүү аркылуу Кудайдын үй-бүлөсүн асыралып алынгандарга жаңы өмүр берилет (1 Корунттуктарга 15:20-22). Кудай Ыйсанын денесин тирилткен сыяктуу, биздин денелерибиз да Ыйса келгенде тирилтилет (1 Корунттуктарга 6:14).

Биз акырында бардыгыбыз тирилтилебиз, бирок бардыгы чогу бейишке барбайт. Ар бир адам бул жашоодо түбөлүктүүлүктө кайда барарын тандашы керек. Ыйык Китеп биз бир жолу өлүп, андан кийин сотко кабыларыбызды айтат (Эврейлерге 9:27). Адил болуп калган адамдар бейиштеги түбөлүк өмүргө барышат, ал эми ишенбегендер түбөлүк жаза алууга же тозокко кетишет (Матай 25:46).

Тозок бейиш сыяктуу эле кандайдыр бир абалда болуу эмес, чынында эле бар болгон, реалдуу жай. Ал жерде адил эмес адамдар Кудайдын түбөлүк бүтпөс каарын көргөн жай. Алар сезимдеринде, акылында жана денесинде азап тартып, уятынан, өкүнүүдөн жана жек көрүүдөн кыйналышат.

Тозок түбү жок туңгуюк (Лука 8:31; Аян 9:1) жана күкүрт күйүп турган оттуу көл сыяктуу сүрөттөлөт, ал жердин тургундары күнү-түнү түбөлүк азапка салынат (Аян 20:10). Тозокто терең кайгыны жана ачууланууну билдирген ый жана тиш кычыратуу болот (Матай 13:42). Ал жердин курту эч качан өлбөйт жана оту өчпөйт (Марк 9:48). Кудай жаман адамдардын өлүмүнө кубайнбайт, тескерисинче алар жаман жолдорунан кайрылып тирүү калышын каалайт (Жезекиел 33:11). Бирок Ал бизди баш ийүүгө мажбурлабайт, эгер биз Аны четке кагууну тандасак, Ал болгону биздин Андан бөлүнүп жашай турган тандообузду колдой алат.

Жердеги жашоо сыноо, келе турганга даярдануу. Ишенүүчүлөр үчүн бул Кудайдын кучагындагы түбөлүк өмүр. Анда биз кантип адил болуп, ушул түбөлүк өмүргө ээ болууга мүмкүнчүлүк алдык? Ага жетүүгө бир гана жол бар – Кудайдын Уулу Ыйса Машаякка ишенип, Ага өзүңдү ишенип тапшыруу аркылуу. Ыйса мындай деген: “Ыйса ага мындай деди: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?” (Жакан 11:25-26).

Бардыгына түбөлүк өмүрдүн бекер белегин алууга мүмкүн, бирок бул бизден дүйнөдөгү кээ бир жыргалчылыктардан баш тартып, өзүбүздү Кудайга курмандыкка берүүнү талап кылат. “Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот” (Жакан 3:36). Биз өлгөндөн кийин күнөөлөрүбүз үчүн тобо кылуу мүмкүнчүлүгү болбойт, себеби Кудайды бетме-бет көргөндөн кийин Ага ишенүүдөн башка арга жок. Ага болгон ишеним жана сүйүү менен келишибизди Ал азыр каалайт. Эгерде биз Ыйса Машаяктын өлүмүн биздин Кудайга каршы күнөөкөр козголоңубуз үчүн төлөм катары кабыл алсак, бизге бул жердеги маңыздуу өмүр гана эмес, Машаяк менен бирге түбөлүк өмүргө кепилдик берилет.

Эгер сиз Ыйса Машаякты Куткаруучуңуз катары кабыл алгыңыз келсе, төмөндө жөнөкөй сыйынуу берилген. Эсиңизде болсун бул сыйынууну же башка бир сыйынууну айтуу сизди куткарбайт. Бул Машаяк сизди күнөөдөн куткара алат дегенге ишенүү. Бул сыйынуу сиздин Кудайга Ага ишенгениңизди жана сизге куткарылуу бергенине ыраазычылык айтканыңызды билдирет. "Кудай, мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок Ыйса Машаяк мен татыктуу болгон жазаны Өзүнө алып, эми Ага ишенүү аркылуу кечиримге татыктуу болдум. Куткарылуу үчүн Ага таянып ишенем. Сенин сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүрүң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Өлгөндөн кийин жашоо барбы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries