settings icon
share icon
Суроо

Мен өлгөндөн кийин бейишке кетеримди кантип так биле алам?

Жооп


Сиз түбөлүк өмүргө ээ экендигинизге жана өлгөндөн кийин бейишке барарынызды так билесизби? Кудай сиздин так билишиңизди каалайт! Ыйык Китепте: “Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым” (1 Жакан 5:13). Сиз азыр барып Кудайдын алдына туруп калдыңыз дейли, Ал сизден: “Мен сени бейишке эмнеге киргизишим керек?” – деп сураса, эмне деп жооп берет элеңиз? Сиз эмне деп жооп беришти билишиңиз мүмкүн. Сиз Кудай бизди сүйөрүн жана биз түбөлүктүүлүктү кайдан өткөрүрүбүздү билдирген жолду даярдап койгонун билишиңиз керек. Ыйык Китеп бул ойду мындай деп ырастайт: “Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди” (Жакан 3:16).

Биринчиден биз өзүбүздү бейишке киргизбей турган көйгөйдү түшүнүшүбүз керек. Ал көйгөй мындай – биздин күнөөкөр табиятыбыз Кудай менен мамиле кылуубузга тоскоолдук кылат. Биз табиятыбыз жана тандообуз боюнча күнөөкөрлөрбүз “Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан” (Римдиктерге 3:23). Биз өзүбүздү өзүбүз куткара албайбыз. “Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес” (Эфестиктерге 2:8-9). Биз өлүмгө жана тозокко татыктуубуз. “Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм” (Римдиктерге 6:23).

Кудай ыйык жана адилеттүү, ошол себептен күнөөнү жазалашы керек, ошентсе да Ал бизди сүйөт жана биздин күнөөлөрүбүздү кечирүүнү камсыз кылды. Ыйса: “Мен – жол, чындык жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт”, – деген (Жакан 14:6). Ыйса биз үчүн айкаш жыгачта өлгөн: “Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты.” (1 Петир 3:18). Ыйса өлгөндөн кийин тирилтилген: “Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген” (Римдиктерге 4:25).

Анда алгачкы сурообузга кайрылалы – “Мен өлгөндөн кийин бейишке кетеримди кантип так биле алам?” Жооп мындай – Теңир Ыйса Машаякка ишениңиз, ошондо куткарыласыз (Элчилердин иштери 16:31). “Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди” (Жакан 1:12). Сиз түбөлүк өмүрдү БЕКЕР белек катары алсаңыз болот “Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр” (Римдиктерге 6:23). Сиз азыртан баштап толук кандуу жана маңыздуу өмүр баштай аласыз: “Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим” (Жакан 10:10). Сиз Ыйса менен бейиште түбөлүк боло аласыз, анткени Ал: “Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем” (Жакан 14:3).

Эгерде сиз Ыйса Машаякты Куткаруучуңуз катары кабыл алып, Кудайдын кечиримине ээ болгуңуз келсе, төмөндөгүдөй сыйынсаңыз болот. Бул сыйынууну же башка бир сыйынууну айтып койуу сизди куткарбайт. Ыйса Машаякка ишенүү гана күнөөлөрдүн кечирилишине ээ кылат. Бул сыйынуу жөн гана Кудайга сиз Ага ишенериңизди билдирүү үчүн жана кечирим бергенине ыраазычылык билдирүү үчүн. "Кудай, мен Сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок мен Ыйса Машаякка ишенүү аркылуу кечирилишим үчүн, мен татыктуу болгон жазаны Ыйса Машаяк алып кетти. Мен куткарылуу үчүн Сага ишенем. Сенин укмуштуу ырайымың жана кечиримиң үчүн рахмат! Оомийн!”

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Мен өлгөндөн кийин бейишке кетеримди кантип так биле алам?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries