settings icon
share icon
Суроо

Менин жашоомо Кудайдын эрки кандай экенин кантип билсем болот? Ыйык Китеп Кудайдын эркин билүү жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Кудайдын эркин билүү маанилүү. Ыйса Атасынын эркин билип жана аткаргандар менен чыныгы мамиледе экенин айткан: “Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!” (Марк 3:35). Эки уул жөнүндөгү ибаратта Ыйса Атасынын эркин аткарбагандыгы үчүн башкы ыйык кызмат кылуучуларга жана аксакалдарга каршы чыгат, өзгөчө алар “тобо кылып, ишенбегендиги үчүн” (Матай 21:32). Эң негизгиси Кудайдын эрки күнөөлөрүбүз үчүн тобо кылып, Машаякка ишенүүбүз. Сиз ушул биринчи кадамды аттай элек болсоңуз, анда Кудайдын эркин кабыл ала элексиз.

Машаякты ишеним менен кабыл алгандан кийин, биз Кудайдын балдары болуп калабыз (Жакан 1:12), Ал бизди Өзүнүн жолу менен жетектегенди каалайт (Забур 142:10). Кудай бизден Өзүнүн эркин жашырууга аракет кылган жок; Ал эркин ачып берүүнү каалайт. Чындыгында Ал бизге көптөгөн багыттарды Өзүнүн Сөзүндө берген. Биз бардык учурларда: “Бардыгы үчүн ыраазычылык билдиргиле, анткени Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге ачылган эрки ушундай” (1 Тесалоникалыктарга 5:18). Биз жакшы иштерди кылышыбыз керек (1 Петир 2:15). Ошондой эле “Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула” (1 Тесалоникалыктарга 4:3).

Кудайдын эркин билүүгө жана далилдөгө мүмкүн. Римдиктерге 12:2де: “Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө”. Бул аят бизге маанилүү иреттүүлүктү берет: Кудайдын баласы бул дүйнөгө ылайыкташпай, тескерисинче Рухка өзүн өзгөртүүгө улуксаат берет. Анын ой жүгүртүүсү Кудайдыкына жараша жаңыланып <Кудайдыкы> анан <меники> болгондон кийин, ал Кудайдын жеткилең эркин биле алат.

Кудайдын эркин издеп жатканда, биз Ыйык Китеп тыйуу салган нерсени ой жүгүртүп жаткан жокбузбу, ошону карашыбыз керек. Мисалы Ыйык Китеп уурулукка тыйуу салат; Кудай бул суроого карата айкын жооп бергендиктен биздин банк тоноочу болуубуз Кудайдын эрки эмес экенин билебиз – бул жөнүндө сурап сыйынбай деле койсок болот. Ошондой эле биз ой жүгүртүп жаткан нерсе Кудайды даңктап, бизге жана башкаларга руханий өсүүгө жардам берерин так билишибиз керек.

Кээде Кудайдын эркин билүү кыйын, себеби бул чыдамдуулукту талап кылат. Кудайдын эркин толугу менен дароо билип алуу калоосу кадимки нерсе, бирок Ал көбүнчөсү мындай жол менен иш алып барбайт. Ал бизге белгилүү бир убакытта бир кадамды – ар бир кыймыл ишеним кадамы болуп – ошол аркылуу Өзүнө таяна бергенге мүмкүнчүлүк берет. Маанилүүсү, улам кийинки багытты күтүп жатканда, кылыш керек экенин билген жакшы ишибиз менен алек болуу (Жакып 4:17).

Кээде биз Кудайдын өзгөчө белгилерди берүүсүн каалайбыз —кайда иштөө керек, кайда жашоо керек, кимге үйлөнүү керек, кандай унаа сатып алуу керек ж.б. Кудай бизге тандоо кылууга жол берет, биз ага кайрылсак туур эмес тандоо кылуудан сактайт (Элчилердин иштери 16:6-7ни караңыз).

Кимдир бирөө менен жакшыраак тааныша баштагандан кийин, анын каалоолору кандай экенин көбүрөөк биле баштайбыз. Мисалы бала топту тыгын жолдун аркы тарабына тээп жиберсе, дароо анын артынан чуркабастан карап туруп: “атам анын артынан чуркаганымды каалабайт эле”, - деп билет. Ал атасынан ар бир учур үчүн эле кеңеш сурай бергендин кажети жок, ал атасын билгендиктен, атасы эмне демек экенин билет. Бул биздин Кудай менен мамилебизге да туура келет. Теңирдин Сөзүнө баш ийип, Анын Рухуна таянып, Аны менен бирге кетип бара жатып, бизге Машаяктын ой жүгүртүүсү берилгенин түшүнөбүз (1 Корунттуктарга 2:16). Биз Аны билебиз, бул бизге анын эркин билүүгө жардам берет. Биз Кудайдын жетегине оңой эле ээ болсо мүмкүн экенин көрө алабыз. “Кемчиликсиз адамдын жолун өзүнүн адилдиги түздөйт, ал эми мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт” (Накыл Сөздөр 11:5).

Эгерде биз Теңир менен тыгыз байланышта жүрсөк жана чынында эле жашообузда Анын эрки болушун кааласак, Кудай биздин жүрөктөрүбүзгө Өзүнүн каалоолорун салат. Негизги ачкыч өзүбүздүн эмес Кудайдын эркин каалоо. “Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат” (Забур 36:4).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Менин жашоомо Кудайдын эрки кандай экенин кантип билсем болот? Ыйык Китеп Кудайдын эркин билүү жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries