settings icon
share icon
Суроо

Кудай реалдуубу? Мен ишенимдүү түрдө Кудай реалдуу экенин кантип билем?

Жооп


Биз Кудайдын реалдуулугун Ал бизге Өзүн үч жол менен: жаратуу, Өзүнүн Сөзү жана Ыйса Машаяк аркылуу ачып бергенинен билебиз.

Кудайдын бар экендигинин Ал Өзү жараткан нерселер эле далилдеп турат. “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт” (Римдиктерге 1:20). “Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат” (Забур 18:1).

Талаа аралап баратып кол саат таап алсаңыз, ал жаңы эле жок жерден бул жакта “пайда” болуп калды же дайыма ушул жерде бар болуп турган деген тыянакка келбейсиз. Сааттын түзүлүшүнө карап, аны жасаган бирөө бар экендигин билмексиз. Бирок биздин айланабыздагы дүйнөдө андан чоң иреттик жана тактык бар. Биздин убакытты өлчөөбүз кол саатка эмес, Кудайдын кол эмгеги – жердин үзгүлтүксүз айлануусуна (жана цезийдин радиоактивдүү сапаттарына – 133 атомго) негизделген. Аалам укмуш түзүлүштү көрсөтүп турат, бул Улуу Жаратуучу бар экендигин билдирет.

Эгерде сиз жашырып коддолгон бир кабар таап алсаңыз, ал кодду ачканга аракет кылмаксыз. Сиз кабарды жиберген акыл-эстүү кимдир бирөө кодду коюп койду деген тыянакка келмексиз. Денебиздин ар бир клеткасында алып жүргөн ДНКнын “коду” канчалык татаал? ДНКнын татаалдыгы жана жасалган максаты кодду жазып койгон Акыл-эстүү Жазуучу бар экенин билдирбейби?

Кудай ушундай татаал жана кылдаттык менен жасалган табигый дүйнөнү жаратып гана койбостон, ар бир адамдын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктүн сезимин салып койгон (Насаатчы 3:11). Адамзатында көзгө көрүнгөн дүйнөдөн дагы башка жашоо, жердеги түйшүктөн башка жогорку жашоо бар деген ички туюм бар. Биздин түбөлүктүүлүктү сезүүбүз эки жол менен айкын болот: мыйзам чыгаруу жана табынуу аркылуу.

Тарыхта ар бир цивилизация кайсы бир адеп-ахлак мыйзамдарын баалап келген, таң калычтуусу алар бардык маданияттарда бирдей болгон. Мисалы сүйүү идеалы бүт дүйнөдө жогору бааланып, жалган айтуу бүт дүйнө жүзүндө айыпталат. Кадимки адеп-ахлактуулук – эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүнүү – бизге ушундай айырмалоону үйрөткөн Жогорку Адеп-ахлактуу Инсан бар экендигин билдирет.

Ошол сыяктуу эле, кайсы маданият болбосун дүйнөдөгү бардык адамдар, дайыма табынуу системасын орнотуп келишкен. Табынуу объектилери ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок адамзаты “жогорку күчтөр” бар деген четке кагылбас сезимге ээ. Биз табынууга тартылганыбыздын себеби, Кудай бизди “Өзүнүн бейнесинде” жараткан (Башталыш 1:27).

Ошондой эле Кудай бизге Өзүн Ыйык Китеп деген Сөзү аркылуу ачып берген. Бардык Жазмада Кудайдын бар экендиги толугу менен өзүнөн-өзү түшүнүктүү факт катары көрсөтүлөт (Башталыш 1:1; Чыгуу 3:14). Адам өмүр баянын жазганда, ал өзүнүн бар экендигин далилдөөгө убакытын коротпойт. Ошол сыяктуу эле Кудай Өзүнүн сөзүндө Өзүнүн бар экендигин далилдөөгө көп деле убакыт коротпойт. Ыйык Китептин өмүрдү өзгөртүүчү табияты жана аны жазууда коштогон кереметтер аны олуттуу кароого негиз болуп берет.

Кудай Өзүн ачып берген үчүнчү жол – Анын Уулу Ыйса Машаяк аркылуу (Жакан 14:6-11). “Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле” (Жакан 1:1,14; ошондой эле Колостуктарга 2:9ду караңыз).

Иса Өзүнүн укмуштуу жашоосунда Эски Келишимдин бардык мыйзамдарын жеткилең сактап, Машаякка тиешелүү пайгамбарчылыктарды аткарган (Матай 5:17). Ал Өзүнүн кабарын күбөлөндүрүп, Кудай экендигин далилдөө үчүн коомчулуктун алдында боорукерликтин жана кереметтердин сансыз санын тартуулаган (Жакан 21:24-25). Анан айкаш жыгачка асылгандан үч күн өткөндөн кийин, Ал өлүп кайра тирилип, бул фактты жүздөгөн күбөлөр өз көзү менен көргөнүн тастыкташкан (1 Корунттуктарга 15:6). Ыйсанын ким экендигин “далилдеген” тарыхый жазуулар толтура. Элчи Пабыл айткандай: “бул окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес” (Элчилердин иштери 26:26).

Биз Кудайга карата өздөрүнүн жеке ойлору бар сынчылар жана далилдерди ошого жараша чечмелеген адамдар дайыма болорун түшүнөбүз. Канча далил келтирбесең да ынанбаган адамдар болушу мүмкүн (Забур 14:1). Бардыгы ишенимге байланыштуу (Эврейлерге 11:6).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кудай реалдуубу? Мен ишенимдүү түрдө Кудай реалдуу экенин кантип билем?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries