settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп ар башка улуттагылардын никеси жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Эски Келишим израилдиктерге башка улуттар менен нике курууга умтулбоону буйруйт (Мыйзамды Кайталоо 7:3–4). Бирок мындай буйрук адамдын терисинин өңү же, улуту башка болгондуктан эмес. Ал көбүрөөк динге тиешелүү. Кудай жүйүттөргө башка уллуттар менен нике курууга тыйуу салган себеби, башка улуттагы адамдар жалган кудайларга табынуучулар болгон. Эгерде израилдиктер бутка табынуучулар, бутпарастар же капырлар менен нике курса, алар Кудайдан алыстап кетишмек. Малахия 2:11 боюнча Израил так ушундай абалга туш болгон.

Руханий тазалыктын жөнөкөй принциби Жаңы Келишимде да берилген, бирок анын улутка эч кандай тиешеси жок: “Ишенбегендер менен моюнтуругуңар эч качан бир болбосун. Адилеттик менен адилетсиздикти кошсо болобу? Жарык менен караңгынычы?” (2 Корунттуктарга 6:14). Израилдиктерге (чыныгы бир Кудайга ишенүүчүлөргө) бутка табынуучулар менен нике курууга тыйуу салынгандай эле, машаякчыларга да (чыныгы бир Кудайга ишенүүчүлөргө) ишенбегенедер менен нике курууга тыйуу салынган. Ар башка улуттагылардын нике куруусуна тыйуу Ыйык Китептин авторитетинин негизинде эмес.

Кичүү Мартин Лютер Кинг байкап кеткендей, адам терисинин өңү менен эмес, өзүнүн сапатына жараша айыпталышы керек. Машаякчылардын арасында улутчулдукка орун жок (Жакып 2:1–10). Чынында, Ыйык Китептин көз карашы боюнча, бир гана “улут” – Адам менен Ободон уланган тукум – адам улуту бар. Жубай тандап жатканда, машаякчы анын болочок жубайы Ыйса Машаякка ишенүү аркылуу кайра төрөлүптүрбү текшериш керек (Жакан 3:3–5). Ыйык Китеп боюнча жубай тандоонун стандарты теринин өңү эмес, машаякка ишенүү. Ар башка улуттан нике куруу, туура же туура эместин суроосу эмес, ал акылмандуулуктун, кыраакылыктын жана сыйынуунун суроосу.

Үйлөнүүгө ниет кылып жаткан жуптар көп факторлорду таразалап чыгышы керек. Теринин өңүнө да көңүл бурбай койбош керек, бирок бул жуптар нике куруусунда негизги чечүүчү фактор болбошу керек. Ар башка улуутагы жуптар басынтууга жана шылдыңга туш болушу мүмкүн, алар ушундай негизсиз туура эмес пикирге Ыйык Китеп боюнча жооп бергенге даяр болушу керек. “Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет” (Римдиктерге 10:12). Теринин өңүн көрбөгөн жана/же машаякчылык ар башка улуттардын никеси биздин Машаяктагы теңдиктин эң күчтүү үлгүсү болушу мүмкүн.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп ар башка улуттагылардын никеси жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries