settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп бачабаздык жөнүндө эмне дейт? Бачабаздык күнөөбү?

Жооп


Ыйык Китеп бачабаздык күнөө экендигин үзгүлтүксүз айтып турат (Башталыш 19:1-13; Леби 18:22; Римдиктерге 1:26-27; 1 Корунттуктарга 6:9). Өзгөчө Римдиктерге 1:26-27 бачабаздык Кудайдан баш тартуунун жана Ага баш ийбөөнүн натыйжасы экенин үйрөтөт. Адамдар күнөө кылганды жана ишенбестикти уланта бергенде, Кудай аларга Кудайсыз жашоонун көңдөйлүгүн жана үмүтсүздүгүн көрсөтүү үчүн, андан да жаман жана ыпылас күнөөлөрдү кылууга “жол берет”. 1 Корунттуктарга 6:9 бачабаз “кылмышкерлер” Кудайдын падышачылыгын мурастабайт деп айтылат.

Кудай бачабаздык каалоолору бар инсанды жаратпайт. Ыйык Китеп бизге адамдар күнөөнүн айынан жана акыры өздөрүнүн чечиминин негизинде бачабаз болуп каларын айтат (Римдиктерге 1:24-27). Башка адамдар зөөкүрлүккө жана башка күнөөлөргө тартылып төрөлгөн сыяктуу эле, кимдир бирөө бачабаздыкка көбүрөөк тартылып төрөлүшү мүмкүн. Бул адамдын күнөөкөр каалоолорго берилип, күнөө кылууну тандаганын эч актабайт. Эгерде кимдир бирөө ачууланууга/жинденүүгө көбүрөөк тартылса, бул ага ушундай каалоолорго берилүүгө укук береби? Албетте андай эмес! Бачабаздык да ошондой эле.

Бирок Ыйык Китеп бачабаздыкты башка күнөөлөрдөн “чоңураак” деп сүрөттөбөйт. Бардык күнөөлөр Кудайды капа кылат. Бачабаздык 1 Корунттуктарга 6:9-10до жазылган адамды Кудайдын падышачылыгына киргизбей турган нерселердин бири гана. Ыйык Китепке жараша Кудай ойноштук кылуучуларды, бутка табынуучуларды, өлтүргүчтөрдү, урууларды ж.б. кандай кечирсе, бачабаздарды да так эле ошондой кечирет. Куткарылуусу үчүн Ыйса Машайкка ишенгендердин баарына, анын ичинде бачабаздарга да Кудай күнөөнү жеңүү үчүн күч берерин убада кылат (1 Корунттуктарга 6:11; 2 Корунттуктарга 5:17; Филипиликтерге 4:13).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп бачабаздык жөнүндө эмне дейт? Бачабаздык күнөөбү?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries