settings icon
share icon
Суроо

Мен кантип Кудай менен туура мамиледе болом?

Жооп


Кудай менен “туура” мамиледе болуу үчүн биз биринчиден эмне “туура эмес” экенин түшүнүшүбүз керек. “Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок” (Забур 13:3). Биз Кудайдын буйруктарына каршы чыктык “бардыгыбыз адашкан койлордой болчубуз” (Ышайа 53:6).

Күнөө үчүн жаза өлүм экени жаман кабар. “Күнөө кылган жан өлөт” (Жезекиел 18:4). Кудай бизди куткарылууга алып келиш үчүн артыбыздан түшкөнү жакшы кабар. Ыйса Өзүнүн максаты: “жоголгондорду издеп табуу” экенин (Лука 19:10), ошондой эле Анын максаты аткарылганын айкаш жыгачта “Аткарылды” деген сөздөрдү айтуу менен жарыялаган (Жакан 19:30).

Кудай менен туура мамиледе болуу күнөөлөрүңүздү билүүдөн башталат. Андан кийин күнөөлөрүңүздү момундук менен Кудайга айтуу (Ышайа 57:15) жана ошол күнөөнү таштоо чечими. “Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат” (Римдиктерге 10:10).

Ушундай тобо кылуу ишеним менен коштолушу керек – өзгөчө Ыйсаны Куткаруучу кылган Анын курмандуу өлүмү жана кереметтүү тирилүүсүнө болгон ишеним. Ыйса мындай деген: “Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың” (Римдиктерге 10:9). Жакан 20:27, Элчилердин иштери 16:31; Галаттыктарга 2:16; 3:11, 26; жана Эфестиктерге 2:8 сыяктуу дагы көптөгөн үзүндүлөр ишеним керек экендигин айтат.

Кудай менен туура мамиледе болуу Кудай сиздин ордуңузга кылып берген ишине жообуңуз болот. Ал күнөөңүздү алып салуу үчүн Куткаруучуну жиберип (Жакан 1:29) сизге мындай убада берет: “Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат” (Элчилердин иштери 2:21).

Тобо кылуу менен кечирүүнүн эң сонун үлгүсү адашкан уул жөнүндөгү ибарат (Лука 15:11-32). Кичүү уул атасынын белегин ыгы жок ысырап кылат (13-аят). Ал өзүнүн туура эмес кылганын түшүнгөндө, үйгө кайтайын деген чечим чыгарат (18-аят). Ал эми атасынын баласы болуп эсептелүүгө акым жок деген ойдо болду (19-аят), бирок анын ойу туура эмес болчу. Атасы кайрылып келген козголоңчуну башындагыдай эле сүйчү (20-аят). Бардыгы кечирилип, той уюштурулду (24-аят). Кудай Өзүнүн убадаларын, анын ичинде кечирүү убадасын да жакшы аткарат: “Адил адамдар чакырганда, Теңир аларды угуп, бардык кыйынчылыктарынан куткарат” (Забур 33:18).

Эгер Кудай менен туура мамиледе болгуңуз келсе, төмөндө жөнөкөй сыйынуу бар. Эсиңизде болсун, бул сыйынууну же башка сыйынууну айтуу сизди куткарбайт. Бул мени күнөөдөн куткара алат деп өзүңүздү Машаякка ишенип тапшыруу. Бул сыйынуу сиздин Кудайга Ага ишенгениңизди жана сизге куткарылуу бергенине ыраазычылык айтканыңызды билдирет. "Кудай, мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок Ыйса Машаяк мен татыктуу болгон жазаны Өзүнө алып, эми Ага ишенүү аркылуу кечиримге татыктуу болдум. Куткарылуу үчүн Ага таянып ишенем. Сенин сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүрүң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Мен кантип Кудай менен туура мамиледе болом?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries