settings icon
share icon
Суроо

Кумар оюн күнөөбү? Ыйык Китеп кумар оюн жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Ыйык Китеп өзгөчө түрдө кумар оюнун, мелдешүүнү же лотереяны айыптабайт. Ошентсе да Ыйык Китеп бизге акчаны сүйүүчүлүктөн алыс болууну эскертет (1 Тиметей 6:10; Эврейлерге 13:5). Ошондой эле Жазма бизди “тез байып кетүү” аракеттеринен алыс болууга үндөйт (Накыл Сөздөр 13:11; 23:5; Насаатчы 5:10). Кумар оюну даана эле акчаны сүйүүчүлүккө багытталган жана адамдарды тез келе турган оңой жана жеңил байлыктарга азгырат.

Кумар оюнунун эмнеси туура эмес? Кумар оюну жөнүндөгү суроо татаал суроо, анткени салмактуулук менен, кандайдыр бир жагдайга туш келгенде болуп калса, ал сөзсүз түрдө эле жамандык эмес, ал акча коротуу. Адамдар ар кандай иш-аракеттердин түрлөрүнө акчаларын коротушат. Кумар оюнуна (көпчүлүк учурларда) тасма көргөндөн, өтө деле муктаж болбогон кымбат тамактануудан, ишке жарабаган буюмдарды сатып ала берүүдөн аз да эмес, көп да эмес акча коротулат. Ошол эле учурда акча башка нерселерге деле королуп жатпайбы деп кумар оюнун актоого болбойт. Акча королбошу керек. Ашыкча акча оюнга жоготулбастан, келечектеги муктаждыктар үчүн топтолуп же Теңирдин иши үчүн берилиши керек.

Ыйык Китеп кумар оюну жөнүндө даана айтпаганы менен “жол болуу” же “мүмкүнчүлүк” жөнүндө айтат. Мисал катары Леби китебинде курмандык чалынуучу теке менен чөлгө коё берилүүчү текенин бирин тандоо үчүн өкчөмө таш ыргытылган. Жашыя ар кайсы урууларга жерди бөлүштүрүп берүү үчүн өкчөмө таш ыргыткан. Некемия Иерусалим дубалдарынын ичинде ким жашарын аныктоо үчүн өкчөмө таш ыргыткан. Элчилер Жүйүттүн ордуна ким болорун билүү үчүн өкчөмө таш ыргытышкан. Накыл Сөздөр 16:33 мындай дейт: “Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот”.

Ыйык Китеп казино менен лотереялар жөнүндө эмне демек? Казинолор оюнчуларды азгырып болушунча көп акчасын тобокелге салдыруу максатында маркетингдин ар кандай схемаларын колдонушат. Алар көп учурларда мас болууну колдоп, арзан, жада калса бекер алкоголь ичимдиктерин сунуш кылышат, бул акылдуу чечимдерди чыгаруу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Казинодо бардыгы көп суммадагы акчаны алып калып, көз ирмемде өтө турган көңдөй ырахаттан башка эч нерсени кайрып бербөө үчүн жеткилең жабдылган. Лотереялар өздөрүн билим жана/же социалдык программаларды камсыздап жаткандай көрсөтүшөт. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй лотереяга катышкандар лотерея билеттерин сатып алуу үчүн акчалары ашып ташыган адамдар эмес. Үмүтсүз абалдагылар үчүн “тез арада байып кетүү” азгырыгына каршы туруу өтө кыйын. Утуп кетүү мүмкүнчүлүгү өтө аз, бул көп адамдардын жашоолорунун талкалануусуна таасирин тийгизет.

Лото/лотереядан түшкөн киреше Кудайга жагабы? Көп адамдар лотерея же кумар ойногон себеби, кирешени жыйынга же башка бир жакшы иштерге колдонуу деп жарыялашат. Бул жакшы ниет болгону менен чындыгында оюн уткандардын бир нечеси гана акчасын такыбаа иштер үчүн колдонушат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк лотерея утуучулары чоң утуштан кийин бир нече жыл өтпөй эле мурункудан да жаман финансылык абалга туш болушат. Акчасын чыныгы жакшы иштер үчүн колдонгондор аз, жокко эсе десе да болот. Мындан сырткары Кудай Өзүнүн дүйнөдөгү миссиясын колдоо үчүн акчага муктаж эмес. Накыл Сөздөр 13:11 мындай дейт: “Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат” Кудай эгемен, Ал жыйындын муктаждыктарын таза каражаттар менен толтурат. Кудай баңги заттардан табылган же банкты тоноп алып тартууланган акча аркылуу даңкталабы? Албетте андай эмес. Ушул сыяктуу эле Кудай жакырларды байууга азгырып “уурдалган” акчага муктаж да эмес, аны каалабайт дагы.

Биринчи Тиметейге 6:10 бизге мындай дейт: “Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты”. Эврейлерге 13:5 мындай деп жарыялайт: “Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айткан”. Матай 6:24 мындай деп жарыялайт: “Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар”.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кумар оюн күнөөбү? Ыйык Китеп кумар оюн жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries