settings icon
share icon
Суроо

Төрт руханий мыйзам деген эмне?

Жооп


Төрт руханий мыйзам деген Ыйса Машаякка ишенүү аркылуу мүмкүн болгон жакшы кабарды бөлүшүү жолу. Бул Жакшы кабардагы маанилүү маалыматты төрт жобо менен тартипке келтирүү ыкмасы.

Төрт руханий мыйзамдын биринчиси "Кудай сизди сүйөт жана Анын сиздин жашооңуз үчүн эң сонун планы бар". Жакан 3:16 бизге мындай дейт: "Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди". Жакан 10:10 Ыйса эмнеге келгенин айтат: "Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим". Кудайдын сүйүүсүнө бизге эмне тоскоолдук кылат? Бизге ашып-ташыган өмүргө ээ болууга эмне жолтоо болот?

Төрт руханий мыйзамдын экинчиси: "Адамзаты күнөө менен булганып, ошонун айынан Кудайдан ажыраган”. Натыйжада биз жашообуз үчүн Кудайдын сонун планын биле албайбыз”. Римдиктерге 3:23 бул маалыматты тастыктайт: "Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан". Римдиктерге 6:23тө күнөөнүн натыйжалары берилет: "күнөөнүн жазасы өлүм". Кудай бизди Өзү менен баарлашуу үчүн жараткан. Бирок адамзаты дүйнөгө күнөөнү алып келип, ошонун айынан Кудайдан бөлүнүп калды. Биз Кудай биз менен болууга ниеттенген Аны менен болгон мамилебизди талкаладык. Бул көйгөйдү кандай чечсе болот?

Төрт руханий мыйзамдын үчүнчүсү: "Кудай биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир гана Ыйса Машаякты даярдаган. Ыйса Машаяк аркылуу биздин күнөөлөрүбүз кечирилип, Кудай менен туура мамилебиз калыбына келиши мүмкүн”. Римдиктерге 5:8 бизге мындай дейт: "Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди". 1 Корунттуктарга 15:3-4 биз куткарылышыбыз үчүн ишенишибиз керектигин билдирет: "Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди". Жакан 14:6да Ыйса Өзү куткарылуу үчүн жалгыз жол экенин жарыялайт: "Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт".

Төрт руханий мыйзамдын төртүнчүсү мындай: "Куткарылуу белегин алып, биздин жашообузга Кудайдын эң сонун планын билүү үчүн биз Ыйса Машаякты Куткаруучубуз катары кабыл алышыбыз керек". Жакан 1:12 бизге: "Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди", – деп чечмелеп берет. Элчилердин иштери 16:31 "Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат", – деп даана айтат. " Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес (Эфестиктерге 2:8-9).

Эгерде Ыйса Машаякка Куткаруучуңуз катары ишенгиңиз келсе, төмөнкү сөздөрдү Кудайга айтыңыз. Бул сөздөрдү айтуу сизди куткарып албайт, бирок Машаяктын эркине өзүңүздү тапшырганыңызды билдиретl! Бул сыйынуу сиздин Кудайга Ага ишенгениңизди жана сизге куткарылуу бергенине ыраазычылык айтканыңызды билдирет. "Кудай, мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок Ыйса Машаяк мен татыктуу болгон жазаны Өзүнө алып, эми Ага ишенүү аркылуу кечиримге татыктуу болдум. Куткарылуу үчүн Ага таянып ишенем. Сенин сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүрүң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Төрт руханий мыйзам деген эмне?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries