settings icon
share icon
Суроо

Куткарылуу ишеним аркылуу гана болобу же ишеним кошулган иштер аркылуу болобу?

Жооп


Балким бул машаякчылыктын бүткүл теологиясындагы эң маанилүү суроо. Бул суроо Реформациянын, Протестант жана Католик жыйындарынын бөлүнүүсүнүн себеби болгон. Бул суроо Ыйык Китеп боюнча машаякчылык менен көптөгөн “машаякчылык” культтардын ортосундагы негизги айырма. Ишеним аркылуу гана куткарылууга мүмкүнбү же ишеним кошулган иштер аркылуубу? Мен Ыйсага ишенүү аркылуу гана куткарылдымбы же Ыйсага ишенип анан белгилүү бир нерселерди аткарышым керекби?

Бир гана ишеним жана ишеним кошулган иштер жөнүндөгү суроо Ыйык Китептин кээ бир дал- келтирүүгө-кыйын аяттарынын айынан татаалдашып кеткен. Римдиктерге 3:28, 5:1 жана Галаттыктарга 3:24 Жакып 2:24 менен салыштырып көрүңүз. Кээ бирөөлөр Пабылдын (куткарылуу ишеним аркылуу гана) жана Жакыптын (куткарылуу ишеним кошулган иштер аркылуу) айырмасын көрүшөт. Пабыл догматикалык түрдө акталуу ишеним аркылуу гана болорун айтат (Эфестиктерге 2:8-9), ал эми Жакып акталуу ишеним кошулган иштер аркылуу болот деп даана айтат. Бул айкын көйгөй Жакып эмне жөнүндө айтып жатканын кылдаттык менен текшергенде чечилет. Жакып адам ишенимге ээ болуп туруп, жакшы жемиш алып келбеши мүмкүн деген пикирди четке кагып жатат (Жакып 2:17-18). Жакып Машаякка чындап ишенүү өзгөргөн жашоону жана жакшы иштерди пайда кыларына басым кылат (Жакып 2:20-26). Жакып акталуу ишеним кошуу иштер аркылуу болот деп айткан жери жок, чынында ишеним аркылуу акталган адам жашоосунда жакшы ишерди кылат деп айтып жатат. Эгер адам өзүн ишенүүчүмүн деп жарыялап жатып, жашоосунда жакшы иштерди кылбаса, анда ал Машаякка чындап ишенбейт окшойт (Жакып 2:14, 17, 20, 26).

Пабыл өзүнүн каттарында ушул эле нерсени айтат. Машаякчылар жашоосунда алып келе турган жемиштер Галаттыктарга 5:22-23тө тизмеленген. Биз иштерибиз менен эмес ишенимибиз менен куткарылдык деп айтары менен (Эфестиктерге 2:8-9), Пабыл биз жакшы иштер үчүн жаралганыбызды билдирет (Эфестиктерге 2:10). Пабыл Жакып сыяктуу эле өзгөргөн жашоону күтөт: “Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду” (2 Корунттуктарга 5:17). Жакып менен Пабыл куткарылуу жөнүндөгу окутууларында бири-бирине карама-каршы эмес. Алар бир эле нерсени ар тараптан карап жатышат. Пабыл жөн гана акталуу ишеним аркылуу болоруна басым кылат, ал эми Жакып Машаякка чындап ишенүү жакшы иштерди пайда кыларына басым кылат.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Куткарылуу ишеним аркылуу гана болобу же ишеним кошулган иштер аркылуу болобу?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries