settings icon
share icon
Суроо

Түбөлүк кепилдик Ыйык Китепке негизделгенби?

Жооп


Адамдар Машаякты өзүнүн Куткаруучусу катары тааныгандан кийин алар түбөлүк кепилдикти убада кылган Кудай менен мамилеге киришет. Жүйүт 24-бап мындай деп жарыялайт: "Кылымдар мурун жана азыр, түбөлүктөн түбөлүккө даңк, улуулук, кубат жана бийлик силерди жыгылуудан сактай ала турган...". Кудайдын күчү ишенүүчүнү кулап калуудан сактай алат. Кудайдын даңкында Аны менен болуу бизден эмес, Анын Өзүнөн көз каранды. Биздин түбөлүк кепилдигибиз өзүбүз куткарылуубузду жүзөгө ашырып жаткандыктын эмес, Кудай бизди сактагандыктын натыйжасы.

Теңир Ыйса Машаяк мындай деп жарыялаган: "Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт. Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт" (Жакан 10:28-29). Ыйса да Ата дагы бизди колуна бекем кармап алган. Ким бизди Ыйсанын да, Атанын да бекем кармаган колдорунан ажырата алат?

Эфестиктерге 4:30 ишенүүчүлөр "куткарылуу күнүнө мөөрлөнгөнү" айтылат. Эгерде ишенүүчүлөрдө түбөлүк кепилдик болбосо, мөөрлөнүү чынында эле куткарылуу күнүнө чейин болбостон, күнөө кетирген, баш тарткан, ишенбестик күнүнө чейин гана болмок. Жакан 3:15-16да Ыйса Машаякка ишенген ар бир адам "түбөлүк өмүргө ээ" экендиги айтылат. Эгерде адамга түбөлүк өмүр убада кылынса, бирок кийин тартылып алынса, анда анын эмнеси "түбөлүк" болмок эле. Эгерде түбөлүк кепилдик жалган болсо, Ыйык Китептеги түбөлүк өмүр жөнүндөгү убадалар ката болмок.

Түбөлүк кепилдиктин эң күчтүү аргументи Римдиктерге 8:38-39: "Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин". Биздин түбөлүк кепилдигибиз Кудай кун төлөп куткарып алгандарга болгон Анын сүйүүсүнө негизделген. Биздин түбөлүк кепилдигибиз Машаяк аркылуу ишке ашып, Ата тарабынан убада кылынып, Ыйык Рух тарабынан мөөрлөнгөн.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Түбөлүк кепилдик Ыйык Китепке негизделгенби?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries