settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп ажырашуу жана кайрадан үй-бүлө куруу жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Кимдир бирөөнүн ажырашууга карата көз карашына карабастан эң негизгиси Малахия 2:16ны эстөө маанилүү: “Ошондуктан рухуңарды сактагыла, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла. Ким аны жек көрүп, кетирип жиберсе, – дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири, – ал өзүнүн кийимин булгайт, – дейт Себайот Теңир”. Ыйык Китеп боюнча нике өмүр бою улана турган милдет. “Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын” (Матай 19:6). Никеде эки күнөөкөр адам кошулуп жаткандан кийин, ажырашуу мүмкүн болуусун Кудай түшүнгөн. Эски Келишимде өзгөчө аялдардын ажырашуу укуктарын коргоо үчүн Ал кээ бир мыйзамдарды берген (Мыйзам Кайталоо 24:1-4). Ыйса бул мыйзамдар Кудайдын каалоосунан эмес, адамдардын таш боорлугунан берилгенин айткан (Матай 19:8).

Ыйык Китеп боюнча ажырашууга жана кайрадан үй-бүлө курууга болобу же болбойбу деген талкуулоо негизинен Ыйсанын Матай 5:32 жана 19:9 дагы сөздөрүнүн тегерегинде болот. Жазмадагы “Ойноштук кылуу себеби менен” деген сөздөр, Кудай ажырашууга жана кайрадан үй-бүлө курууга уруксаат берген жалгыз себеп. Көптөгөн чечмелөөчүлөр бул “милдетинен бошотуу шартын” “сүйлөшүп жүргөн” учурдагы “ойноштук кылууга” тиешелүү деп түшүнүшөт. Жүйүттөрдүн маданиятында жигит менен кыз куда түшүп койгон учурда же болбосо сүйлөшүп жүргөндө эле үйлөнүштү деп эсептелген. Бул көз караш боюнча ушул “сүйлөшүп” жүргөндө бузукулук кылуу ажырашуу үчүн негиздүү себеп болгон.

Бирок “ойноштук кылуу” деп которулган грек сөзү жыныстык бузукулуктун бардык түрлөрүн билдирет. Ал никесиз катнашта болууну, сойкулукту, көзгө чөп салууну ж.б. билдириши мүмкүн. Ыйса жыныстык бузукулук кылынган болсо, ажырашуу мүмкүн деп айтып жаткан сыяктуу. Жыныстык мамилелер никелик байланыштын ажырагыс бөлүгү: “экөө бир дене болот” (Башталыш 2:24; Матай 19:5; Эфестиктер 5:31). Ошондуктан ошол байланышты никеден сырткаркы жыныстык мамилелер менен бузуу, ажырашууга жол берген себеп болот. “Башка аял алган ” (Матай 19:9) деген сөздөрдү кандай талкуулаган күндө да, ажырашуу менен кайрадан үй-бүлө куруу, милдетинен бошотуу шарты болгон учурда гана мүмкүн экенин билдирет. Никедеги айыпсыз тарапка гана кайрадан үй-бүлө курууга улуксаат экенин эске алуу маанилүү. Текстте басым кылынбаса дагы ажырашуудан кийин кайра нике куруу улуксааты жыныстык бузуктук кылган адамга эмес, жабыр тарткан адамга карата Кудайдын ырайымы. Кээде “күнөөлү тарапка” дагы кайра нике курууга улуксаат берилген учурлар бар, бирок бул үзүндүдө мындай учур жөнүндө айтылбайт.

Кээ бирөөлөр 1 Корунттуктарга 7:15ти ишенбеген жубай ишенген жубайы менен ажырашса, бул дагы бир “эрежеден сырткаркы” кайрадан үй-бүлө курууга берилген улуксаат деп эсептешет. Бирок контекстте кайрадан үй-бүлө куруу жөнүндө айтылбай эле, ишенбеген жубай кеткиси келсе, ишенген тарап никени улантууга милдеттүү эмес экени айтылат. Башка бирөөлөр Ыйык Китепте (жубайына же баласына) катаал мамиле жөнүндө айтылбаса да, ал ажырашууга негиздүү себеп болушу мүмкүн экенин жарыялашат. Бул абдан туура себеп болушу мүмкүн болгону менен Кудайдын Сөзүн тоотпоо эч качан акылмандуулук катары эсептелбейт.

“Ойноштук кылуу” дегенди кандай гана мааниде түшүнбөйлү, бул милдетинен бошотуу шарты, ажырашуу талабы эмес, ажырашууга берилген улуксаат. Ойноштук болгон учурда да, жубайлар Кудайдын ырайымы менен кечирүүнү үйрөнүп, никесин кайра куруп баштаса болот. Кудай биздин андан чоң нерселерибизди кечирип жатпайбы. Биз андан үлгү алып, ойноштук күнөөсүн кечирсек болот (Эфестиктерге 4:32). Бирок көп учурларда жыныстык бузукулук кылган жубай тобо кылбай, андан ары кылганын уланта берет. Мына ушундай учурга Матай 19:9ду колдонсо болот. Ошондой эле Кудай кээ бир адамдардын бойдок калуусун каалашы мүмкүн болсо да, алар ажырашары менен тез арада нике курууга умтулушат. Кудай кээде адамдар эч нерсеге алаксыбаш үчүн аларды бойдок калууга чакырат (1 Корунттуктарга 7:32-35). Ажырашуудан кийин кайрадан үй-бүлө куруу кээ бир шарттарда мүмкүн, бирок бул сөзсүз болуш керек деген мааниде эмес.

Машаякчы катары белгилүү адамдардын ажырашуулары ишенбеген дүйнөнүкүндөй эле жогорку деңгээлде болгону өкүнүчтүү. Ыйык Китеп Кудай ажырашууну жек көргөндүгүн (Малахия 2:16) жана кайра калыбына келүү менен кечирүү ишенүүчүлөрдүн жашоосунун белгиси болушу керектигин (Лука 11:4; Эфестиктерге 4:32) даана эле айтат. Бирок Кудай ажырашуу жада калса Анын балдарынын арасында да болорун билет. Ажырашкан жана/же кайрадан үй-бүлө курган ишенүүчүдө, анын ажырашуусу жана/же үй-бүлө куруусу Матай 19:9дун милдетинен бошотуу шартына туура келбесе да, Кудай аны азыраак сүйөт деген сезимдер болбошу керек. Кээде Кудай жада калса машаякчылардын күнөөкөр баш ийбестигин да чоң жакшы ишти аягына чыгаруу үчүн колдонот.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп ажырашуу жана кайрадан үй-бүлө куруу жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries