settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп динозаврлар жөнүндө эмне дейт? Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө айтылабы?

Жооп


Ыйык Китепте динозаврлар темасы, машаякчылык коомдо уланып келе жаткан жердин жашы, Башталышты туура чечмелөө жана биздин айланабызда табылып жаткан табигый далилдерди кандай түшүндүрүү керектиги жөнүндөгү чоң талкуулоолордун бир бөлүгү. Жер өтө эле көп жыл мурун жаратылган дегендер, Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө айтылбайт деген ойго оошот, себеби алардын парадигмасы боюнча динозаврлар биринчи адам жер бетине кадам таштай электе эле миллиондогон жылдар мурун өлүшкөн. Ыйык Китепти жазган адамдар тирүү динозаврларды көрө алмак эмес.

Жер жаш эле дегенге ишенгендер Ыйык Китепте “динозавр” деген сөз чынында эч качан колдонулбаса дагы, динозаврлар жөнүндө айтылат дегенге макул. Тескерисинче анда таннйин деген эврейче сөз колдонулган, ал Ыйык Китептин англис тилиндеги котормолорунда ар түрлүү берилет. Кээде “деңиз жырткычы”, кээде болсо “жылаан”. Көбүнчөсү ал “ажыдаар” деп которулган. Ошол таннйин деген сөз кандайдыр бир чоң рептилиянын бир түрү сыяктуу. Бул жандыктар жөнүндө Эски Келишимде отуз жолудай айтылат, ал кургак жерде да сууда да жүргөнү айтылат.

Ыйык Китепте ушул абдан чоң рептилиялар жөнүндө айтылгандан сырткары, дагы кайсы бир жандыктардын сүрөттөлүүсү боюнча кээ бир окумуштуулар ошол жандыктар динозаврлар болушу мүмкүн экенине ишенишет. Бегемот Кудай жараткан жандыктардын эң күчтүүсү, анын куйругу кедр дарагындай экени айтылат (Аюб 40:15). Кээ бир окумуштуулар бегемотту пилге же гиппопотамга окшоштурууга аракет кылышкан. Башкалары болсо, пил менен гиппопотамдын куйруктары кедр дарагы менен салыштырмалуу өтө эле ичке экендигин айтышат. Ал эми бракиозавр же диплодок сыяктуу динозаврлардын кедр дарагы менен оңой эле салыштырууга мүмкүн болгон абдан чоң куйруктары болгон.

Байыркы цивилизациялардын дээрлик бардыгында кандайдыр бир рептилия жандыктары тартылган сүрөттөр бар. Аска бооруна тартылган, байыркы мезгилдерде жасалган искусство буюмдары, жада калса Түндүк Америкада табылган топурактан жасалган түспөлдөр динозаврлардын заманбап сүрөттөрүнө окшош. Түштүк Американын аскаларында адамдар диплодокко окшош жандыктарга мингени, таң калычтуусу трицератоп сыяктуу, птиродактил сыяктуу жана тираннозавр сыяктуу жандыктардын бейнелери чегилип тартылган. Рим мозаикалары, Мая карапалары жана Бабылон шаарынын дубалдары адамдар бул жандыктарга кесилиш маданий жана географиялык жактан чектелбестен суктанганын күбөлөндүрөт. Ишенимге татыктуу Марко Полонун “Ил Милионес” деген чыгармасында казыналарды топтоп коргогон жырткычтар жөнүндө фантастика жомоктору аралашып жүрүшөт. Адам менен динозаврлар бир мезгилде чогу жашаган деген көз караштын далилдери; адамдын таасири аркылуу пайда болгон жана тарыхый далилдерден башка Түндүк Америкада жана Батыш Борбор Азияда табылган физикалык далилдер – адамзатынын жана динозаврлардын чогу табылган катыган издери бар.

Ошентип Ыйык Китепте динозаврлар барбы? Бул суроого жооп бериш оңой эмес. Бул суроого жооп сиз бар болуп турган далилдерди кандай чечмелегениңизден жана айланаңыздагы дүйнөнү кандай караганыңыздан көз каранды. Ыйык Китепти сөзмө сөз түшүнсөк, натыйжада жер жаш деген жыйынтыкка келебиз, анда адам менен динозаврлар бир мезгилде чогуу жашаганы мүмкүн. Эгерде динозаврлар менен адамзаты бир мезгилде чогуу жашаган болсо, анда динозаврлар эмне болду? Ыйык Китепте бул суроо каралбаганы менен динозаврлар топон суудан кийин айлана чөйрөнүн кескин өзгөрүүсүнүн жана адамдар аларды үзгүлтүксүз мергенчилик кылып кыргандын айынан өлүп жок болушкан сыяктуу.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп динозаврлар жөнүндө эмне дейт? Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө айтылабы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries