settings icon
share icon
Суроо

Кайра төрөлгөн машаякчы болуу деген эмнени билдирет? Мен кантип кайра төрөлө алам?

Жооп


Кайра төрөлгөн машаякчы болуу деген эмнени билдирет? Бул суроого көбүнчө жооп катары колдонулган үзүндү Ыйык Китептеги Жакан 3:1-21. Теңир Ыйса Машаяк берилген фарисей жана Синедриондун (жүйүттөрдүн башкаруучу кеңеши) мүчөсү Никедим менен сүйлөшөт. Никедим түндө Ыйсага кайсы бир суроолору менен келет.

Ыйса Никедим менен сүйлөшүп жатып мындай деген: “...кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт’. ‘Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? – дейт Никедим. – Эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?’ Ыйса мындай деп жооп берет: ‘Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт. Денеден төрөлгөн – дене, Рухтан төрөлгөн – рух. “Жогорудан төрөлүшүң керек”, – деп айтканыма таң калба’” (Жакан 3:3-7).

“Кайра төрөлүү” деген сөзмө-сөз “жогорудан төрөлүү” дегенди билдирет. Никедимдин чыныгы мутаждыгы бар болчу. Ал жүрөгүнүн өзгөрүүсүнө – руханий толук өзгөрүүгө муктаж болчу. Жаңы төрөлүү, кайрадан төрөлүү деген Кудайдын түбөлүк өмүрдү ишенген адамга тиелешүү кылуусу (2 Корунттуктарга 5:17; Титке 3:5; 1 Петир 1:3; 1 Жакан 2:29; 3:9; 4:7; 5:1-4, 18). Жакан 1:12, 13тө “кайра төрөлүү” деген Ыйса Машаяктын ысымына ишенүү аркылуу “Кудайдын балдары болууну” билдирери белгиленет.

Туура ой жүгүртүүдө мындай суроо туулат: “Эмнеге адам кайра төрөлүшү керек?" Эфестиктерге 2:1де элчи Пабыл мындай дейт: "Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер". Римдегилерге ал мындай деп жазат: "Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан" (Римдиктерге 3:23). Күнөөкөрлөр руханий “өлгөн”: алар Машаякка ишенүү аркылуу руханий өмүргө ээ болгондо, Ыйык Китеп ошону кайра төрөлүүгө теңейт. Кайра төрөлгөндөрдүн гана күнөөлөрү кечирилип, алар Кудай менен мамиле кыла алышат.

Бул кандайча мүмкүн? Эфестиктерге 2:8-9 мындай деп ырастайт: " Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес". Кимдир бирөө куткарылганда, ал кайрадан төрөлдү, руханий жаңыланды жана жаңы төрөлүүнүн негизинде Кудайдын баласы болуу укугуна ээ болду. Айкаш жыгачта күнөөлөрдүн жазасын төлөгөн Ыйса Машаякка ишенүү “кайра төрөлүүнү” билдирет. "Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду" (2 Корунттуктарга 5:17).

Эгер сиз эч качан Теңир Ыйса Машаякка Куткаруучуңуз катары ишенген эмес болсоңуз, Ыйык Рухтун чакырыгын Ал сиздин жүрөгүңүзгө сүйлөп жаткандай кабыл алат белеңиз? Сиз кайра төрөлүшүңүз керек. Сиз бүгүн тобо кылуу сыйынуусу менен сыйынып, Машаякта жаңы адам болууну каалайсызбы? "Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди. Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү" (Жакан 1:12-13).

Эгер сиз Машаякты Куткаруучуңуз катары кабыл алып, кайра төрөлгүңүз келсе, төмөндө үлгү сыйынуусу бар. Эсиңизде болсун, бул сыйынууну же башка сыйынууну айтуу сизди куткарбайт. Бул мени күнөөдөн куткара алат деп өзүңүздү Машаякка ишенип тапшыруу. Бул сыйынуу сиздин Кудайга Ага ишенгениңизди жана сизге куткарылуу бергенине ыраазычылык айтканыңызды билдирет. "Кудай, мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок Ыйса Машаяк мен татыктуу болгон жазаны Өзүнө алып, эми Ага ишенүү аркылуу кечиримге татыктуу болдум. Куткарылуу үчүн Ага таянып ишенем. Сенин сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүрүң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кайра төрөлгөн машаякчы болуу деген эмнени билдирет? Мен кантип кайра төрөлө алам?
© Copyright Got Questions Ministries