settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп алкоголь/шарап ичүү жөнүндө эмне дейт? Машаякчы үчүн алкоголь/шарап ичүү күнөө болуп эсептелеби?

Жооп


Ыйык Жазмада алкоголь ичимдиктерин ичүү жөнүндө көп үзүндүлөрдө айтылат (Леби 10:9; Сандар 6:3; Мыйзамды Кайталоо 29:6; Башкаруучулар 13:4, 7, 14; Накыл Сөздөр 20:1; 31:4; Ышайа 5:11, 22; 24:9; 28:7; 29:9; 56:12). Бирок, Ыйык Жазма сөзсүз түрдө эле машаякчыларга сыра, шарап же курамында алкоголь бар ичимдиктерди ичүүгө тыйуу салбайт. Тескерисинче Ыйык Жазманын кээ бир үзүндүлөрүндө алкоголь жөнүндө жакшы мааниде айтылат. Насаатчы 9:7де “Жүрөгүңдөгү кубаныч менен шарабыңды ич” деген көрсөтмө берилген. Забур 104:14-15те Кудай “адамдын жүрөгүн кубанткан шарапты” берерин айтат. Амос 9:14тө өз жүзүмзарыңан шарап ичүү Кудайдын батасынын белгиси деген талкуу жүрөт. Ышайа 55:1 мындай деп шыктандырат: “Келгиле...шарап менен сүттү бекер алгыла”.

Алкоголь ичимдиги боюнча Кудайдын буйругу аракечтиктен алыс болуу (Эфестиктерге 5:18). Ыйык Китеп аракечтикти жана анын таасирлерин айыптайт (Накыл Сөздөр 23:29-35). Ошондой эле машаякчылар өздөрүнүн денелерин бир дагы нерсеге “башкарууга” жол бербеши керек деген буйрук бар (1 Корунттуктарга 6:12; 2 Петир 2:19). Алкогольду өлчөбөй ичүү адатка айланары талашсыз. Ыйык Жазма машаякчыларга башка машаякчыларга зыян келтирген нерселерди кылууга же өздөрүнүн абийирине каршы күнөө кылууга түрткү берүүгө тыйуу салат (1 Корунттуктарга 8:9-13). Ушул принциптердин негизинде, машаякчылардын бири да алкогольду өлчөбөй ичкен Кудайдын даңкы үчүн деп айта албайт (1 Корунттуктарга 10:31).

Ыйса сууну шарапка айланткан. Шарты туура келген учурларда Ыйса Өзү да шараптан ичкен сыяктуу (Жакан 2:1-11; Матай 26:29). Жаңы Келишим убагында суу анча таза эмес болгон. Заманбап тазалыкты сактоо жок болгондуктан суу бактерияларга, вирустарга жана ар түрлүү булганычтарга толгон болчу. Бүгүнкү күндө бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө болуп жаткан чындык. Натыйжада адамдар көбүнчө шарап (же жүзүмдүн ширесин) ичишет, себеби ал бир топ азыраак булганган сыяктуу. 1 Тиметей 5:23тө, Пабыл Тиметейге суу ичкенди токтотуп, (ошол суу анын ашказанына көйгөйлөрдү пайда кылган болсо керек) анын ордуна шараптан ич деген көрсөтмө берет. Ал күндөрү шарап ачытылчу (курамында алкоголь болгон), бирок сөзсүз эле бүгүнкү күндөгүдөй күчтүү градуста болгон эмес. Ал жүзүмдүн ширеси болчу деп айтуу туура эмес, ошол эле учурда ал кадимки бүгүнкү күндөгүдөй шарап болгон деп айтуу да туура эмес. Дагы бир жолу айта кетсек, Ыйык Жазма машаякчыларга сыра, шарап, же курамында алкоголь бар кандайдыр бир ичимдикти ичүүгө тыйуу салбайт. Алкоголь өзү ичинен да сыртынан да күнөө менен бузулган эмес. Машаякчы аракечтиктен жана алкогольго көз каранды болуп калуудан өзүн сакташы керек (Эфестиктерге 5:18; 1 Корунттуктарга 6:12).

Алкоголь аз өлчөмдө зыян да эмес, көнүмүш адат да болуп калбайт. Кээ бир дарыгерлер тескерисинче ден соолукка, өзгөчө жүрөккө пайдалуу болгондуктан кызыл шараптан аз өлчөмдө ичип турууну кеңеш кылышат. Алкогольду аз өлчөмдө ичип туруу машаякчылык эркиндиктин белгиси. Аракечтик менен көз карандылык күнөө болуп эсептелет. Кандай болгон күндө да Ыйык Китепте алкогольго жана ал тийгизген таасирге карата айтылган көйгөлөр, алкогольду ашыра ичип алуу азгырыгы, башкаларга зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү жана/же чалынтуучу таш болуунун айынан негизи машаякчылар үчүн алкогольду ичпей эле коюу эң жакшы болот.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп алкоголь/шарап ичүү жөнүндө эмне дейт? Машаякчы үчүн алкоголь/шарап ичүү күнөө болуп эсептелеби?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries