settings icon
share icon
Суроо

Өлгөндөн кийин эмне болот?

Жооп


Машаякчылык ишенимде өлгөндөн кийин эмне болору тууралуу бир топ түшүнбөстүктөр бар. Кээ бирөөлөр өлгөндөн кийин бардыгы акыркы сотко чейин “уйкуда” болот, андан кийин ар бири бейишке же тозокко жиберилет деген ойду карманышат. Башкалары болсо, адамдар өлөр замат соттолуп өздөрүнүн түбөлүк бара турган жайларына жиберилет деп ишенишет. Кээ бирлери адамдар өлгөндө алардын жандары/рухтары акыркы тирилүү болуп, соттолуп, түбөлүк бара турган жери акыры чечиле турган убакытка чейин “убактылуу” бейиш же тозокко жиберилет деп ынандырышат. Ал эми Ыйык Китеп адам өлгөндөн кийин эмне болору жөнүндө кандай дейт болду экен?

Биринчиден, Ыйса Машаякка ишенген адамды карасак, Ыйык Китеп ишенүүчүлөр өлөрү менен алардын жандары/рухтары бейишке алынып кетери жөнүндө айтат, себеби алардын күнөөлөрү Машаякты Куткаруучу катары кабыл алуу аркылуу кечирилген (Жакан 3:16, 18, 36). Ишенүүчүлөр үчүн өлүм деген “денеден чыгып, Теңирдин жанына баруу” (2 Корунттуктар 5:6-8; Филипиликтер 1:23). Ошентсе да, 1 Корунттуктарга 15:50-54 жана 1 Тесалоникалыктарга 4:13-17де ишенүүчүлөр тирилтилип, аларга даңктуу денелер берилгендигин сүрөттөйт. Эгерде машаякчылар өлөр замат Машаяк менен бирге боло турган болсо, анда бул тирилүүнүн эмне кажети бар? Ишенүүчүлөрдүн жандары/рухтары өлөр замат Машаяк менен болуу үчүн кетип, ал эми табигый денеси көрдө “уктап” жаткан сыяктуу. Ишенүүчүлөр тирилген кезде, табигый дене тирилтилип, даңкталып, кайрадан жан/рух менен биригет. Ошол кайрадан биригип, даңкталган дене-жан-рух жаңы асманда жана жаңы жерде түбөлүккө ишенүүчүлөрдүн ээлиги болот (Аян 21-22).

Экинчиден, Ыйса Машаякты Куткаруучусу катары кабыл албагандар үчүн өлүм түбөлүк жазаны билдирет. Ошентсе да ишенүүчүлөрдүн тагдыры белгилүү болгон сыяктуу эле, ишенбегендер да аягында тирилүүсүн, сотун жана акыры бара турган жерин күтүү үчүн дароо убактылуу жайга жиберилген сыяктуу. Лука 16:22-23 өлгөндөн кийин дароо азапка салынган бай адамды сүрөттөйт. Аян 20:11-15 бардык ишенбегендер тирилтилип, улуу ак тактынын алдында соттолуп, оттуу көлгө ыргытылганын сүрөттөйт. Демек ишенбегендер өлөрү менен тозокко (оттуу көлгө) ыргытылган жок, тактап айтканда алар убактылуу бир жайда соттун жана айыптоонун алдында. Бирок ишенбегендер дароо оттуу көлгө ыргытылбаса да, алар өлөрү менен жагымдуу тагдырга туш болбойт. Бай адам мындай деп кыйкырган: “Мен бул жалындаган отто азап тартып жатам” (Лука 16:24).

Ошол себептен өлгөндөн кийин адам “убактылуу” асманда же тозокто кармалып турат. Ошол убактылуу жайдан кийин акыркы тирилүүдө адамдын түбөлүк бара турган жайы өзгөрүп кетпейт. Акыры бара турган жайда “жайгашуу” эмнени өзгөртөт? Ишенүүчүлөргө биротоло жаңы асманга жана жаңы жерге кирүүгө жол берилет (Аян 21:1). Ишенбегендер биротоло оттуу көлгө ыргытылат (Аян 20:11-15). Бул бардык адамдардын акыркы түбөлүк тагдыры – ал куткарылуу үчүн адамдар жалгыз Ыйса Машаякка ишендиби же жокбу ошого толук негизделген (Матай 25:46; Жакан 3:36).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Өлгөндөн кийин эмне болот?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries