settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп Үчбирдик жөнүндө эмнени үйрөтөт?

Жооп


Машаякчылыктын Үчбирдик түшүнүгүндөгү эң кыйын нерсе аны толук түшүндүрүүгө мүмкүн эмес болгондугунда. Үчбирдик бир дагы адам түшүндүрмөк турсун, өзү да толук түшүнө албаган түшүнүк. Кудай бизден бир топ улуу, ошол себептен биз Аны толук түшүнүүгө үмүттөнбөшүбүз керек. Ыйык Китеп Ата Кудай экенин, Ыйса Кудай экенин жана Ыйык Рух дагы Кудай экенин үйрөтөт. Ошондой эле Ыйык Китеп бир гана Кудай бар экенин үйрөтөт. Биз Үчбирдиктеги Инсандардын бири-бирине болгон мамилесинин кээ бир фактыларын түшүнө алганыбыз менен, бул адамдын акылы сыйбас нерсе. Бирок бул Үчбирдик чындык эмес же Ыйык Китептин окуусуна негизделген эмес дегенди билдирбейт.

Үч бирдик деген үч Инсанда бар болгон бир Кудай. Бул кандай болбосун үч Кудай бар экенин сунуштоо деп түшүнбөш керектиги түшүнүктүү. Бул теманы изилдеп жатканда Жазмада “Үчбирдик” деген сөз жок экенин эсиңизге тутуңуз. Бул үчбирдиктүү Кудайды түзгөн – үчөө тең бар, үчөө тең түбөлүктүү Инсандарды сүрөттөөгө аракет кылууда колдонулган термин. Маанилүүсү “Үчбирдик” деген сөз менен берилген түшүнүк Жазмада бар. Кудайдын Сөзү Үчбирдик жөнүндө эмне деп айтаары төмөндө берилген:

1) Бир Кудай бар (Мыйзамды Кайталоо 6:4; 1 Корунттуктарга 8:4; Галаттыктарга 3:20; 1 Тиметей 2:5).

2) Үчбирдик үч Инсандан турат (Башталыш 1:1, 26; 3:22; 11:7; Ышайа 6:8, 48:16, 61:1; Матай 3:16-17, 28:19; 2 Корунттуктарга 13:14). Башталыш 1:1де, иврит тилинде көптүк түрдө Элохим деген сөз колдонулган. Башталыш 1:26, 3:22, 11:7 жана Ышайа 6:8де, “биз” деген көптүк түрдөгү ат атооч колдонулган. Элохим деген сөз жана “биз” деге ат атооч иврит тилинде даана эле экиден көпкө тиешелүү экенин билдирет. Бул Үчбирдикке айкын аргумент болбогону менен, Кудайдын көптүгүн белгилеген аспект. Иврит тилиндеги Кудайга карата колдонулган Элохим деген сөз Үчбирдикке тиешелүү.

Ышайа 48:16 жана 61:1де, Уул Атасына жана Ыйык Рухка кайрылып сүйлөйт. Ышайа 61:1 менен Лука 4:14-19ду салыштырсак Уул сүйлөп жатканын көрөбүз. Матай 3:16-17де Ыйсанын чөмүлдүрүүсү сүрөттөлөт. Бул үзүндүдө Кудай Ыйык Рух, Кудай Уулга түшүп жатканда, Кудай Ата Уулуна ыраазы экенин жарыялайт. Матай 28:19 жана 2 Корунттуктарга 13:14 Үчбирдикте үч башка инсан бар экендигинин үлгүсү.

3) Үчбирдиктин мүчөлөрү кээ бир аяттарда бири-биринен бөлүнгөн. Эски Келишимде “ТЕҢИР” деген “Теңир” дегенден айырмаланат (Башталыш 19:24; Ошуя 1:4). ТЕҢИРДИН Уулу бар (Забур 2:7, 12; Накыл сөздөр 30:2-4). Рух “ТЕҢИРДЕН” айырмаланат (Сандар 27:18) жана “Кудайдан” айырмаланат (Забур 50:12-14). Кудай Уул Кудай Атадан айырмаланат (Забур 45:6-7; Эврейлерге 1:8-9). Жаңы Келишимде Ыйса Атасына Жардамчы Ыйык Рухту жиберүү жөнүндө айтат (Жакан 14:16-17). Бул Ыйса Өзүн Ата деп, же Ыйык Рух деп эсептбегенин билдирет. Ошондой эле Жакшы Кабарларда Ыйса Атасына кайрылып сүйлөгөн бардык учурларды эске алыңыз. Ал Өзүнө Өзү сүйлөп жатты беле? Андай эмес. Ал Үчбирдиктеги башка инсанга – Атага кайрылып жаткан.

4) Үчбирдиктин ар бир мүчөсү Кудай. Ата Кудай (Жакан 6:27; Римдиктерге 1:7; 1 Петир 1:2). Кудайдын Уулу (Жакан 1:1, 14; Римдиктерге 9:5; Колостуктарга 2:9; Эврейлерге1:8; 1 Жакан 5:20). Ыйык Рух Кудай (Элчилердин иштери 5:3-4; 1 Корунттуктарга 3:16).

5) Үчбирдиктин ичинде субординация (бири-бирине баш ийүү тартиби) бар. Жазма Ыйык Рух Атага жана Уулга, ал эми Уул Атасына баш ийет. Бул ич ара мамиле Үчбирдиктин ичиндеги инсандардын биринин да кудайлыгын четке какпайт. Бул чексиз Кудай жөнүндө биздин чектелген акылдарыбыз түшүнө албаган тармак. Уулга карата Лука 22:42, Жакан 5:36, Жакан 20:21, жана 1 Жакан 4:14. Ыйык Рухка карата Жакан 14:16, 14:26, 15:26, 16:7, жана өзгөчө Жакан 16:13-14тү караңыз.

6) Үчбирдиктин ар бир мүчөсүнүн ар түрлүү тапшырмалары бар. Ата ааламдын бир гана булагы жана негизи (1 Корунттуктарга 8:6; Аян 4:11); Кудайдын аяны (Аян 1:1); куткарылуу (Жакан 3:16-17); жана Ыйсанын адамдык иштери (Жакан 5:17, 14:10). Ата булардын бардыгын баштоого түрткү берет.

Уул Атанын өкүлү, Уулу аркылуу Ата төмөнкү иштерди кылат: жаратуу жана ааламды башкарып сактап туруу (1 Корунттуктарга 8:6; Жакан 1:3; Колостуктарга 1:16-17); Кудайдын аяны (Жакан 1:1, 16:12-15; Матай 11:27; Аян 1:1); жана куткарылуу (2 Корунттуктарга 5:19; Матай 1:21; Жакан 4:42). Ата ушул нерселердин баарын Уулу аркылуу кылат, ал эми Уулунун иши өкүл болуу.

Ыйык Рух Ата Өзүнүн төмөнкү иштерин Ал аркылуу аткарган ыкма: жаратуу жана ааламды башкарып сактап туруу (Башталыш 1:2; Аюб 26:13; Забур 104:30); Кудайлык ачылыш (Жакан 16:12-15; Эфестиктерге 3:5; 2 Петир 1:21); куткаруу (Жакан 3:6; Титке 3:5; 1 Петир 1:2); жана Ыйсанын иштери (Ышайа 61:1; Элчилердин иштери 10:38). Ошентип Ата бул иштердин бардыгын Ыйык Рухтун күчү менен кылат.

Үчбирдикти сүрөттөөгө көптөгөн аракеттер болгон. Бирок бардык эле кеңири белгилүү сүрөттөмөлөр толук так эмес. Жумуртканын (же алманын) сүрөттөмөсүнүн жетишсиздиги, анын кабыгы, агы жана сарысы жумуртканын өзү эмес, анын кайсы бир бөлүктөрү гана, алманын кабыгы, жумшагы жана данеги дагы алманын өзү эмес, анын бөлүктөрү. Ата, Уул жана Ыйык Рух Кудайдын бөлүктөрү эмес, алардын ар бири Кудай. Суу сүрөттөмөсү бир аз жакшыраак, бирок ал деле Үчбирдикти толук кандуу сүрөттөп бере албайт. Суюктук, буу жана муз суунун формалары. Ата, Уул жана Ыйык Рух Кудайдын формалары эмес, алардын ар бири Кудай. Ошентип бул сүрөттөмөлөр бизге Үчбирдиктин элесин бере алганы менен бул элес толугу менен так эмес. Чексиз Кудайды чектелген сүрөттөмөлөр менен толук сүрөттөө мүмкүн эмес.

Үчбирдик окутуусу Машаякчылык жыйындын тарыхында дайыма сурооролду туудуруп келген окутуу болгон. Бирок Үчбирдиктин борбордук аспектилери Кудайдын Сөзүндө даана эле берилген, бул кандайча мүмкүн экендиги толук даана берлиген эмес. Ата – Кудай, Уул – Кудай, Ыйык Рух – Кудай, бирок ошол эле учурда бир гана Кудай бар. Бул Ыйык Китептеги Үчбирдиктин окутуусу. Мындан сырткаркы суроолор белгилүү деңгээлде талаш-тартыш чыгарат жана кереги деле жок. Үчбирдикти биздин чектелген акылыбыз менен аныктоого аракет кылгандан көрө, Кудайдын улуулугуна жана чексиз улуу табиятына көңүл буруп кызмат кылсак жакшы болот “Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис! Теңирдин акылын түшүнгөн адам барбы? Же Ага кеңешчи болгон адам барбы?” (Римдиктерге 11:33-34).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп Үчбирдик жөнүндө эмнени үйрөтөт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries