settings icon
share icon
Суроо

Римдиктердин куткаруу жолу деген эмне?

Жооп


Римдиктердин куткаруу жолу деген куткаруунун жакшы кабарын Римдиктерге китебиндеги аяттарды колдонуп түшүндүрүү. Бизге эмнеге куткарылуу керек, Кудай кантип куткарылууну камсыз кылды, биз кантип куткарылууну кабыл ала алабыз жана куткарылуунун натыйжасы кандай экенин түшүндүргөн өтө жөнөкөй, ошол эле учурда абдан таасирлүү ыкма.

Римдиктердин куткарылуу жолунун биринчи аяты Римдиктерге 3:23төн башталат: "Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан". Биз баарыбыз күнөө кетиргенбиз. Биз баардыгыбыз Кудайга жакпаган иштерди кылганбыз. Таза эч ким жок. Римдиктерге 3:10-18 биздин жашообуздагы күнөө кандай экенин даана сүрөттөйт. Римдиктердин куткаруу жолунун экинчи аяты Римдиктерге 6:23, күнөөнүн натыйжалары жөнүндө үйрөтөт" Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр". Биз күнөөлөрүбүз үчүн тапкан жазабыз – өлүм. Табигый денедеги өлүм эмес, түбөлүк өлүм!

Римдиктердин куткаруу жолунун үчүнчү жолу Римдиктерге 6:23түн токтоп кайра уланган жеринен башталат: "... ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр". Римдиктерге 5:8 мындай деп жарыялайт: "Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди". Ыйса Машаяк биз үчүн өлгөн! Ыйсанын өлүмү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөм болду. Ыйсанын тирилүүсү Кудай Анын өлүмүн биздин күнөөлөрүбүздүн төлөмү катары кабыл алгандыгын далилдейт.

Римдиктердин куткаруу жолунун төртүнчү чекити Римдиктерге 10:9, "Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың". Ыйса биздин ордубузга өлгөндүктөн, биз Ага ишенип, Анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөм экендигине ишеншибиз гана керек – ошондо куткарылабыз! Римдиктерге 10:13 кайрадан мындай дейт: "Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат". Ыйса биздин күнөөлөрүбүздүн жазасын төлөп, бизди түбөлүк өлүмдөн куткаруу үчүн өлгөн. Куткарылуу, күнөөлөрдүн кечирилиши, Машаякка Теңирим жана Куткаруучум деп ишенген ар бир адамга жеткиликтүү.

Римдиктердин куткаруу жолу куткарылуунун натыйжасы. Римдиктерге 5:1де эң сонун кабар бар: "Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз". Ыйса Машаяк аркылуу биз Кудай менен тынчтык мамилесинде боло алабыз. Римдиктерге 8:1 бизди мындай деп үйрөтөт: "Ошентип, азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт. "Ыйса биз үчүн өлгөндүктөн, биз күнөөлөрүбүз үчүн эч качан айыпталбайбыз. Акыры биз Римдиктерге 8:38-39да биз эң сонун убадага ээбиз: "Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин".

Сиз Римдиктердин куткаруу жолун жолдоону каалайт белеңиз? Эгер кааласаңыз, төмөндө сиз Кудайга кайрыла ала турган сыйынуу бар. Бул сыйынууну Кудайга айтууңуз куткарылууңуз үчүн Ыйсага таянганыңызды жарыялоо. Бул сөздөрдүн өзү сизди куткара албайт. Ыйса Машаякка ишенүү гана куткарылууну камсыз кылат! "Кудай мен сага каршы күнөө кылганымды жана жазага татыктуу экенимди билем. Бирок Ыйса Машаякка ишенүүм аркылуу кечирилишим үчүн, Ал менин жазамды алып кетти. Куткарылуум үчүн сага таянууга жардам берчи. Сенин эң сонун ырайымың жана кечиримиң – түбөлүк өмүр белегиң үчүн рахмат! Оомийн!"

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Римдиктердин куткаруу жолу деген эмне?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries