settings icon
share icon
Суроо

Ыйса бейишке жалгыз жолбу?

Жооп


Ооба, Ыйса бейишке жалгыз жол. Мындай кескин жооп азыркы заман адамынын кулагына катуу тийиши мүмкүн, бирок бул чындык экени шексиз. Ыйык Китеп куткарылуугу Ыйсадан башка жол жок экенин үйрөтөт. Ыйса Өзү Жакан 14:6да мындай дейт: “Мен – жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт”. Ал жолдордун бири катары жөн эле жол эмес, Ал жалгыз жана бир жол катары ошол жол. Бир дагы адам Ыйса аркылуу эмес, абройуна, жетишкендиктерине, өзгөчө билимдүүлүгүнө же жеке ыйыктыгына таянып Кудай Атага келе албайт.

Ыйса бейишке жалгыз жол болгондун бир нече себеби бар. Ыйса Куткаруучу болуу үчүн “Кудай тарабынан тандалган” (1 Петир 2:4). Ыйса гана асмандан түшүп келип, кайра ошол жакка кеткен (Жакан 3:13). Ал гана жеткилең өмүр сүргөн адам болгон (Эврейлерге 4:15). Ал гана күнөө үчүн курмандык (1 Жакан 2:2; Эврейлерге 10:26). Ал гана Мыйзамды жана Пайгамбарчылыктарды аткарган (Матай 5:17). Ал гана өлүмдү биротоло жеңген адам болгон (Эврейлерге 2:14–15). Ал гана Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы (1 Тиметей 2:5). Ал Кудай “жогорулатып... бардык ысымдардан жогору ысым берди” (Филипиликтерге 2:9).

Ыйса Өзү жөнүндө Жакан 14:6дан башка дагы бир нече аяттарда жалгыз жол экендигин айткан. Ал Матай 7:21–27 Өзүн ишенимдин объектиси катар таруулайт. Ал менин сөздөрүм тирүү деп айткан (Жакан 6:63). Ал Өзүнө ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ болорун убада кылган (Жакан 3:14–15). Ал койлор үчүн жалгыз эшик (Жакан 10:7); өмүр наны (Жакан 6:35); Ал гана тирилүү (Жакан 11:25). Бир дагы адам мындай наамдарды алууга укугу жок.

Элчилердин насааттарынын борбору Теңир Ыйсанын өлүмү жана тирилүүсү болгон. Петир Синедрионго кайрылып сүйлөгөндө, Ыйса бейишке жалгыз жол экенин ачык жарыялаган: “Адамдарды Ыйсадан башка эч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок” (Элчилердин иштери 4:12). Пабыл Антиохиядагы синагогада сүйлөп жатып: Ыйса Куткаруучу экенине басым кылган: “Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат. Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар. Ага ишенген ар бир адам Ал аркылуу акталат” (Элчилердин иштери 13:38–39). Жакан жыйынга тактап кат жазып жатып, кечирилүүбүздүн негизи Машаяктын аты экендигине өзгөчө басым кылат: “Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машайактын ысымынын урматына кечирилген” (1 Жакан 2:12). Ыйсадан башка эч ким күнөөлөрдү кечире албайт.

Асмандагы түбөлүк өмүр Машаяк аркылуу гана мүмкүн болду. Ыйса мындай деп сыйынган: “Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу” (Жакан 17:3). Кудайдын бекер куткарылуу белегин алыш үчүн биз Ыйсаны, Ыйсаны гана карашыбыз керек. Биз Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмү жана тирилүүсү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөм экенине ишенишибиз керек. “Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени эч айырма жок” (Римдиктерге 3:22).

Ыйса кызмат кылып жүргөн кайсы бир убактарда топ адамдардын көбү ага далын салып, куткаруучуну табуудан үмүтүн үзүшкөн. Ыйса он экиден: “Силердин да кеткиңер келген жокпу?” – деп сураган (Жакан 6:67). Петирдин жообу эң туура болгон: “Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык” (Жакан 6:68–69). Биз дагы Петирдин түбөлүк өмүр Ыйсада гана бар деген ишенимин бөлүшөлү.

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйса бейишке жалгыз жолбу?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries