settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Рух деген ким?

Жооп


Ыйык Рухтун ким экендиги жөнүндө көп туура эмес түшүнүктөр бар. Кээ бирөөлөр Ыйык Рухту кандайдыр бир мистикалык күчтүн булагы катары карайт. Башкалары болсо Ыйык Рух деген Кудай Ыйсанын жолдоочуларына ээ болууга мүмкүнчүлүк берген инсандыгы жок күч деп эсептешет. Ыйык Китеп Ыйык Рухтун ким экендиги жөнүндө эмне дейт? Жөнөкөйлөтүп айтканда Ыйык Китеп Ыйык Рухту Кудай деп жарыялайт. Ошондой эле Ыйык китеп бизге Ыйык Рух акылы, сезимдери жана эрки бар жандык, кудайлык сапатка ээ инсан экенин айтат.

Ыйык Рухтун Кудай экендиги Жазмалардын көбүндө даана эле көрүнөт, алардын бири Элчилердин иштери 5:3-4. Ушул аяттарда Петир Ананияга каршы чыгып, ал Ыйык Рухка жалган айтканын айтып: “Сен адамдарга эмес, Кудайга жалган айттың” деп айтат. Бул Ыйык Рухка жалган айтуу Кудайга жалган айтуу экендигинин айкын жарыялоосу. Ошондой эле Ыйык Рух Кудай экендигин биз Анын Кудайдын сапаттарына ээ экендигинен билебиз. Мисалы Забур 138:7-8де Анын бардык жерде бар экенин көрө алабыз: “Сенин Рухуңдан качып кайда барам, Сенин жүзүңдөн кайда качам? Асманга чыксам да, Сен ошол жердесиң; өлгөндөр жаткан жайга түшсөм да, Сен ошол жердесиң. Андан кийин 1 Корунттуктарга 2:10-11де Ыйык Рухтун бардыгын билүү сапатын көрө алабыз: “Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет. Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка эч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын да Кудайдын Рухунан башка эч ким билбейт”.

Биз Ыйык Рух кудайлык инсандыкка ээ экендигин Анын акылга, сезимдерге жана эркке ээ болгондугунан билебиз. Ыйык Рух ойлонот, Ал билет (1 Корунттуктарга 2:10). Ыйык Рух кайгырат (Эфестиктерге 4:30). Рух биз үчүн арачылык кылат (Римдиктерге 8:26-27). Ал Өзүнүн эркине жараша чечимдерди чыгарат (1 Корунттуктарга 12:7-11). Ыйык Рух Кудай, Үчбирдиктин үчүнчү инсаны. Кудай катары Ыйык Рух чынында эле Ыйса келет деп айткан Сооротуучунун жана Кеңешчинин ишин алып бара алат (Жакан 14:16, 26, 15:26).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Рух деген ким?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries