settings icon
share icon
Суроо

Машаяктын Кудай экендиги Ыйык Китепке негизделгенби?

Жооп


Ыйса Өзү жөнүндө айткан өзгөчө жарыялоолордон сырткары, Анын шакирттери да Машаяктын Кудай экенин түшүнүшкөн. Алар Ыйса күнөөлөрдү кечирүү укугуна ээ экендигин жарыялашкан – Кудай гана күнөөнү кечире алган – анткени Кудай күнөөнүн айынан жабыр тарткан (Элчилердин иштери 5:31; Колостуктарга 3:13; Забур 129:4; Жеремия 31:34). Ушул акыркы жарыялоого өтө тыгыз байланышта Ыйса “тирүүлөр менен өлгөндөрү соттой турганын” айтат (2 Тиметей 4:1). Томас Ыйсага: “Теңирим менин! Кудайым менин!” – деп жооп берген (Жакан 20:28). Пабыл Ыйсаны “улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз” деген (Титке 2:13), бул Ыйса Өзүнүн адамдын денесин кийгенге чейин “Кудайдын бейнесинде” болгонун билдирет (Филипиликтерге 2:5-8). Ата Ыйсага карата мындай дейт: “Оо Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү” (Эврейлерге 1:8). Жакан “Эң башында сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз [Ыйса] Кудай болгон деп ырастайт (Жакан 1:1). Машаяктын Кудай экенин үйрөткөн үзүндүлөр көп (Аян 1:17, 2:8, 22:13; 1 Корунттуктарга 10:4; 1 Петир 2:6-8; Забур 18:2, 95:1; 1 Петир 5:4; Эврейлерге 13:20ны карагыла), бирок булардын бири эле Машаякты жолдоочулар Аны Кудай деп эсептегенин көрсөтүүгө жетиштүү.

Ыйса ошондой эле ЯХВЕге Эски Келишимде колдонулган уникалдуу наамдарга ээ болгон (Кудайга берилген ысым). Эски Келишимде “кун төлөп куткаруучу” (Забур 129:7; Ошуя 13:14) Жаңы Келишимде Ыйсага карата колдонулган (Титке 2:13; Аян 5:9). Матай 1-бапта Ыйса Иммануэл - “Кудай биз менен” деген ысымга ээ болгон. Захария 12:10до ЯХВЕ мындай дейт: “алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт”. Жаңы Келишимде болсо бул Ыйсанын айкаш жыгачка керилүүсүнө колдонулат (Жакан 19:37; Аян 1:7). Эгерде найза менен сайылган, адамдар карап турган ЯХВЕ болсо, анан Ыйса найза менен сайылып, адамдар аны карап турса, демек Ыйса Өзү ЯХВЕ. Пабыл Ышайа 45:22-23тү Филипиликтерге 2:10-11до колдонулганын түшүндүрөт. Мындан сырткары Ыйсанын ысымы сыйынууда Кудайдын ысымы менен бирге колдонулат: “Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин” (Галатиялыктарга1:3; Эфестиктерге 1:2). Эгерде Машаяк Кудай болбосо бул акараат келтирүү болмок. Ыйсанын ысымы Кудайдыкы менен бирге Ыйсанын чөмүлдүрүүгө берген тапшырмасынан көрүнөт: “Ата, Уул жана Ыйык Рухтун урматына [жекелик түрдө] чөмүлдүргүлө” (Матай 28:19; ошондой эле 2 Корунттуктарга 13:14тү караңыз).

Кудай гана кыла алган иш-аракеттер Ыйсага тапшырылган. Ыйса өлгөндөрдү тирилтип (Жакан 5:21, 11:38-44) күнөөлөрдү кечирип (Элчилердин иштери 5:31, 13:38) гана койбостон, ааламды жаратып, аны башкарып сактап турат (Жакан 1:2; Колостуктарга 1:16-17). Бул ЯХВЕ жаратуу учурунда жалгыз болгом деп айтканын байкаганда андан да түшүнүктүү болот (Ышайа 44:24). Мындан мырткары Машаякта Кудайда гана боло турган сапаттарга ээ: түбөлүктүүлүк (Жакан 8:58), бардык жерде болуучу (Матай 18:20, 28:20), бардыгын билүүчү (Матай 16:21), бардыгынан кудуреттүү (Жакан 11:38-44).

Мына, Кудайлыгын жарыялоо менен башкаларды ошого ишендирип башын айлантып туруп, анан ошону далилдеп берүү башка нерсе. Машаяк Өзүнүн кудайлыгынын далили катары көп кереметтерди кылган. Ыйса кылган кереметтердин бир азынын ичинде сууну шарапка айландыруу (Жакан 2:7), суу үстүндө басуу (Матай 14:25), физикалык заттарды көбөйтүү (Жакан 6:11), сокурду (Жакан 9:7), аксакты (Марк 2:3), оорулууларды айыктыруу (Матай 9:35; Марк 1:40-42), ал тургай өлгөндөрдү айыктыруу (Жакан 11:43-44; Лука 7:11-15; Марк 5:35). Мындан сырткары Машаяк Өзү өлүп кайра тирилген. Бутпарастардын мифологиясында өлүмүш болуп кайра тирилген кудайлардан айырмаланып, башка диндерде чындап тирилүү болгон деген жарыялоо жана аны тастыктаган ушунчалык көп жазуу далилдери жок.

Ыйса жөнүндө эң эле аз дегенде он эки тарыхый фактты машаякчы эмес илимпоздор да четке кага албайт:

1. Ыйса айкаш жыгачка керилип өлгөн.
2. Ал көргө коюлган.
3. Анын өлүмү шакирттердин көңүл калуусуна жана үмүтүн үзүүсүнө алып келген.
4. Ыйсанын көрүстөнү бир нече күн өткөндөн кийин бош табылган (же табылган деп жарыяланат).
5. Шакирттер тирилген Ыйсаны көргөнүнө ишенишкен.
6. Ошондон кийин шакирттер шектенүүчүлөрдөн кайраттуу ишенүүчүлөргө айланышкан.
7. Ушул кабар алгачкы жыйындагы насааттын борбору болчу.
8. Бул кабар Иерусалимде айтылган.
9. Насааттын натыйжасында жыйын жаралып, өсө баштаган.
10. Тирилүү күнү, Жекшемби, Шабатты (Ишембини) алмаштырып, табынуунун негизги күнү болуп калган.
11. Баарына шектенген Жакып, тирилген Ыйсаны көргөндүгүнө ишенгенде, ишенимге кайрылган.
12. Машаякчылыктын душманы Пабыл, тирилген Ыйсаны көргөндүгүнө ишенгенде, ишенимге кайрылган.

Кимдир бирөө бул өзгөчө тизмеге каршы болсо да, алардын бир нечеси гана тирилүү менен жакшы кабарды негиздөө үчүн жетет: Ыйсанын өлүмү, көргө коюлуусу жана көрүнүүсү (1 Корунттуктарга 15:1-5). Жогоруда айтылгандын бир экисин түшүндүрүү үчүн теориялар бар болгону менен тирилүү гана аларды түшүндүрүп, бардыгын орду ордуна коёт. Сынчылар шакирттер тирилген Ыйсаны көрдүк деп долуланышы мүмкүн дешет. Бир дагы жалган, бир дагы галлюцинауия тирилүү кылгандай өзгөртүүлөрдү кыла албайт. Биринчиден, алар мындан эмне пайда табышмак? Машаякчылык кеңири тарала элек болчу, алар бул жол менен акча таба алмак эмес. Экинчиден, жалганчылардан жакшы азап чегип өлгөндөр чыкпайт. Шакирттердин өздөрүнүн ишеними коркунучтуу өлүм менен өлүүгө даяр болгонун тирилүү гана эң жакшы түшүндүрөт. Ооба, көп эле адамдар чындык деп ойлоп жүрүп жалган үчүн өлгөн, бирок жалган экенин билип туруп, жалган үчүн өлгөндөр жок.

Жыйынтыгы: Машаяк ЯХВЕ экенин, Кудай экенин жарыялаган (жөн эле “кудай” эмес, чыныгы бир Кудай); Анын жолдоочулары (бутка табынуудан өтө корккон жүйүттөр) Ага ишенип, Кудайга кылгандай мамиле кылышкан. Машаяк Кудай экенин кереметтери менен анын ичинде дүйнөнү төңкөрүш кылган тирилүүсү менен далилдеген. Башка гипотезалардын бири дагы бул факттарды түшүндүрүп бере албайт. Ооба, Машаяктын Кудай экендиги Ыйык Китепке негизделген.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машаяктын Кудай экендиги Ыйык Китепке негизделгенби?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries