settings icon
share icon
Суроо

Библия ондук берүү жөнүндө эмне дейт?

Жооп


Көптөгөн машаякчылар ондук маселеси боюнча кыйналышат. Кээ бир жыйындарда берүүгө “ашыкча-басым” кылынат. Ошол эле учурда көптөгө машаякчылар Теңирге курмандык алып келүү чакырыгына баш ийүүгө макул болушпайт. Ондук/берүү кубаныч жана бата болуусу керек. Тилекке каршы азыркы жыйындарда кээде андай эмес.

Ондук Эски Келишимдин түшүнүгү. Ондук Мыйзамдын талабы эле, ал боюнча израилдиктер өстүргөн эгиндин жана баккан малдын 10 пайызын чатырга/ийбадатканга алып келиши керек болгон (Лебилер 27:30; Сандар 18:26; Мыйзам Кайталоо 14:24; 2 Жылнаама 31:5). Чынында Эски Келишим Мыйзамы бир катар ондуктарды талап кылган - Лебилерге бир түрү, дагы бири ийбадатканага жана майрамдарга колдонуу үчүн, дагы бири ошол жердеги жакырлар үчүн – бул чогулуп 23.3төй пайызга барган. Кээ бирлер Эски Келишимдеги ондук ыкмасын курмандык берүү системасында дин кызматчылар менен лебиледин муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн салык катары түшүнүшөт.

Жаңы Келишимдин эч бир жеринде машаякчылар ондуктун мыйзамдуу системасына баш ийиш керектиги жөнүндө буйрук тургай сунуш да айтылбайт. Жаңы Келишимдин эч бир жеринде адам кирешесинин канча пайызын алып коюшу керектиги жөнүндө айтылбайт, жөн гана “шартыңарга жараша, колуңардан келгенин” деп айтылат (1 Корунттуктарга 16:2). Машаякчы жыйындагы кээ бирөөлөр Эски Келишимдеги ондукту 10 пайызга теңеп алышып аны машаякчылардын тартуусунун “сунушталган минимуму” катары колдонушат.

Жаңы Келишим тартуулардын маанилүүлүгү жана пайдасы жөнүндө айтат. Биз колубуздан келишинче беришибиз керек. Кээде бул 10 пайыздан көбүрөөк бериш керектигин билдирет, кээде азыраак берүүнү билдирет. Булардын баары машаякчылардын мүмкүнчүлүктөрүнөн жана Машаяктын денесинин муктаждыктарынан көз каранды. Ар бир машаякчы тырышчаактык менен сыйынып, ондук берүүдө кандай катышуу керектиги жана/же канча берүү керектиги жөнүндө Кудайдан акылмандуулук сурап сыйынышы керек (Жакып 1:5). Баарынан да бардык ондуктар жана тартуулар таза ниет менен, Кудайды даңтаган жүрүм-турум катары, Машаяктын денесине кызмат катары берилиши керек. “Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт” (2 Корунттуктарга 9:7).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Библия ондук берүү жөнүндө эмне дейт?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries