settings icon
share icon
Суроо

Машаякчылар Эски Келишимдин мыйзамдарына баш ийиши керекби?

Жооп


Бул суроону түшүнүүнүн ачкычы Эски Келишим мыйзамдары машаякчыларга эмес, Израил элине берилгенин билүү. Кээ бир мыйзамдар израилдиктерге Кудайга кантип баш ийип, кантип Ага жагыш керек экенин ачып берүү үчүн берилген (мЫйсалы: он осуят). Кээ бир мыйзамдар израилдиктерге Кудайды кантип даңктап, күнөө үчүн кандай төлөм керектигин көрсөтүү үчүн берилген (курмандык системасы). Кээ бир мыйзамдар израилдиктерди башка элдерден бөлүү үчүн берилген (тамактануу жана кийинүү эрежелери). Эски Келишимдин бир дагы мыйзамы машаякчыларды чектебейт. Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө, Эски Келишимдин мыйзамдарын акырына чыгарган (Римдиктерге 10:4; Галаттыктарга 3:23–25; Эфестиктерге 2:15).

Эски Келишимдин мыйзамынын ордуна, эми биз Машаяктын мыйзамынын алдындабыз (Галаттыктарга 6:2), ал мыйзам мындай: “Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй... Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй” (Матай 22:37-39). Биз ушул эки буйрукка баш ийсек, биз Ыйса бизден талап кылгандын баарын аткарган болобуз: “Бүт мыйзам жана пайгамбырчылыктар ушул эки осуятка негизделген” (Матай 22:40). Бул Эски Келишим бүгүнкү күндө жарабай калганын билдирбейт. Эски Келишимдин мыйзамдарындагы көп буйруктар “Кудайды сүйүү” жана “жакыныңды сүйүү” категориясына кирип калат. Эски Келишимдин мыйзамдары Кудайды жана жакыныңды кантип сүйүү керектигин көрсөткөн жакшы жол белги боло алат. Ошол эле учурда Эски Келишимдин мыйзамдары бүгүнкү күндө колдонууда деп айтуу да туура эмес. Эски Келишимдин мыйзамдары бир бүтүн (Жакып 2:10). Алардын баары колдонулат, же баары колдонулбайт. Эгер Машаяк курмандык алып келүү сыяктуу мыйзамды аткарган болсо, демек Ал мыйзамдын баарын аткарган.

“Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес” (1 Жакан 5:3). Он осуят чынында Эски Келишимдин бардык мыйзамдарынын жыйнагы. Он осуяттын тогузу Жаңы Келишимде даана кайталанат (Ишемби күндү сактоо буйругун бардыгы кабыл алышат). Эгер биз Кудайды сүйсөк, анда жалган кудай аттууларга табынбарыбыз же буркандардын алдында таазим кылбарыбыз түшүнүктүү. Эгер биз жакындарыбызды сүйсөк, аларды өлтүрбөйбүз, аларга жалган айтпайбыз, алардыкына көз артпайбыз. Эски Келишимдин мыйзамдарынын максаты адамдар өз күчү менен мыйзамды аткара албагандыгын ашкерелеп, бизге Куткаруучу катары Ыйса Машаяк керек экенин көрсөтүү (Римдиктерге 7:7-9; Галатиялыктарга 3:24). Кудай Эски Келишимдин мыйзамдарын эч качан бардык мезгилдеги бардык адамдар үчүн берүүнү ниет кылган эмес. Биз Кудайды жана биздин жакындарыбызды сүйүшүбүз керек. Эгер биз бул эки буйрукка ишенимдүү түрдө баш ийсек, Кудай бизден талап кылгандын бардыгын канааттандырган болобуз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машаякчылар Эски Келишимдин мыйзамдарына баш ийиши керекби?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries