settings icon
share icon
Суроо

Машаякчылык чөмүлдүрүүнүн эмнеси маанилүү?

Жооп


Чөмүлдүрүү Ыйса жыйынга негиздеп берген эки расминин бири. Көтөрүлүп кетүүсүнүн алдында Ыйса мындай деген: “Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом” (Матай 28:19–20). Бул көрсөтмөлөр жыйын Ыйсанын сөздөрүн үйрөтүүгө, шакирт жасоого жана ошол шакирттерин чөмүлдүрүүгө жоопкерчиликтүү экенин баса белгилейт. Бул иштер бардык жерлерде (бардык элдерде) жүргүзүлүшү керек. Ошентип башка себеп болбосо да, чөмүлдүрүү маанилүү, анткени аны Ыйса өзү буйрук кылган.

Чөмүлдүрүү жыйын түптөлө электе эле башталган. Байыркы дүйнөнүн иудейлери “тазаланган” табиятка ээ болуу белгиси катары иудей динине кайрылгандарды чөмүлдүрүшкөн. Чөмүлдүрүүчү Жакан чөмүлдүрүүнү Теңирдин жолун даярдоо үчүн колдонуп, бутпарастардан эле эмес, ар бир адамдан чөмүлдүрүлүүнү талап кылган, себеби ар бир адам тобо кылууга муктаж. Бирок тобо кылуунун белгиси болгон Жакандын чөмүлдүрүүсү, Элчилердин иштери 18:24–26да жана 19:1–7де көрүнгөндөй машаякчылык чөмүлдүрүү менен бирдей эмес. Машаякчылык чөмүлдүрүүнүн тереңирээк мааниси бар.

Чөмүлдүрүү Ата, Уул жана Рухтун урматына кылынышы керек – мына ушул нерсе аны “машаякчылык” чөмүлдүрүү кылат. Ушул расми аркылуу адам жыйындын баарлашуусуна кабыл алынат. Биз куткарылганда Рух тарабынан Машаяктын Денесине, башкача айтканда жыйынга “чөмүлдүрүлөбүз”. 1 Корунттуктарга 12:13 мындай дейт: “Жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да – баарыбыз бир Рухка, бир денеге чөмүлүп, бир Рухтан ичкенбиз”. Сууга чөмүлдүрүлүү Рухка чөмүлдүрүлүүнүн “уланып жаңылануусу”.

Машаякчылык чөмүлдүрүлүү адам өзүнүн ишенимин жана шакиртчилигин эл алдында ачык айта алган мүмкүнчүлүк. Чөмүлдүрүлүүнүн сууларында адам үн катпастан: “Мен Ыйсага ишенем, Ыйса менин жанымды күнөөдөн тазалады, эми мен ыйыкталган жаңы жашоого ээмин” – деп айтат.

Машаякчылык чөмүлдүрүү драмалык түрдө Машаяктын өлүмүн, көргө коюлуусун жана тирилүүсүн көрсөтөт. Ошол эле учурда ал биздин күнөө үчүн өлгөнүбүздү жана Машаяктагы жаңы жашообузду билдирет. Күнөөкөр Теңир Ыйсаны кабыл алганда, күнөө үчүн өлөт (Римдиктерге 6:11) жана жапжаңы жашоо үчүн тирилет (Колостуктарга 2:12). Сууга чөмүлүү күнөө үчүн өлүүнү билдирет, суудан кайра чыгуу куткарылуунун артынан башталган таза, ыйык жашоону билдирет. Римдиктерге 6:4 бул жөнүндө мындай дейт: “Машайак Атасынын даңкы менен өлгөндөрдүн арасынан кандай тирилтилсе, биз да жаңыча жашашыбыз үчүн, өлүмгө чөмүлдүрүлүүбүз аркылуу Аны менен бирге көмүлгөнбүз”.

Эң жөнөкөй жооп, чөмүлдүрүү ишенүүчүнүн жашоосундагы ички өзгөрүүнүн сырткы белгиси. Машаякчылык чөмүлдүрүү куткарылгандан кийин Теңирге баш ийүү иш-аракетин билдирет; чөмүлдүрүлүү куткарылуу менен тыгыз байланышта болсо дагы, куткарылуу үчүн сөзсүз талап кылынбайт. Ыйык Китеп көп үзүндүлөрдө окуялар мындай тартипте болорун көрсөтөт: 1) адам Теңир Ыйсага ишенет, анан 2) чөмүлдүрүлөт. Бул иреттүүлүк Элчилердин иштери 2:41де көрүнөт: “Анын (Петирдин) сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлдүрүлүштү” (ошондой эле Элчилердин Иштери 16:14–15ти караңыз).

Жаңы Ыйса Машаякка ишенген адам болушунча тезирээк сууга чөмүлдүрүлүүнү каалашы керек. Элчилердин Иштери 8-бапта Филип: “Ыйса жөнүндөгү жакшы кабарды” Эфиопиялык эбнухка айтып берет, анан “Алар жолдо бара жатып, бир сууга келишти. Ошондо эбнух: «Мына суу! Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» – деди” (35–36 аяттар). Алар дароо арабаны токтотуп, Филип аны сууга чөмүлдүрдү.

Чөмүлдүрүү ишенүүчүнүн Машаякка өлүмү, көргө коюлуусу жана тирилүүсү менен окшошкондугун көрсөтөт. Жакшы кабар таратылган бардык жерлерде, Машаякка ишенүүгө келген адамдар чөмүлдүрүлүүсү керек.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машаякчылык чөмүлдүрүүнүн эмнеси маанилүү?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries