settings icon
share icon
Суроо

Кабылдын аялы ким болгон? Кабылдын аялы анын карындашы болгонбу?

Жооп


Кабылдын аялы ким болгондугу тууралуу Ыйык Китеп тактап деле айтпайт. Эң жакшы жооп: балким ал анын карындашы болгон же жээни же небере-жээни ж.б.у.с. Кабыл Абылды өлтүргөндө канча жашта болгондугун Ыйык Китеп айтпайт (Башталыш 4:8). Экөө тең дыйкан болгондуктан, бойго жетип калган болушу керек, балким алардын өздөрүнүн үй бүлөлөрү болгон. Абыл өлтүрүлгөн убакта Адам менен Обонун Кабыл менен Абылдан башка дагы төрөлгөн балдары болгону шексиз. Алар андан кийин дагы балалуу болгондугу айдан айкын (Башталыш 5:4). Кабыл Абылды өлтүрүп салгандан кийин өз өмүрү үчүн корккондугу (Башталыш 4:14) ошол убакта Адам менен Обонун андан башка дагы көп балдары, балким неберелери жашап жаткандыгын билдирет. Кабылдын аялы (Башталыш 4:17) Адам менен Обонун кызы же небереси болгон.

Адам менен Обо биринчи (жана жалгыз) адамзаты болгондуктан, алардын балдарына өз туугандарына үйлөнүүдөн башка арга жок болчу. Кийин туугандар менен үйлөнүү зарылчылыгы жок болуп калганга чейин, Кудай тууган-урук менен үйлөнүүгө тыюуу салган эмес (Лебилер 18:6-18). Бүгүнкү күндө генетикасы окшош эки адам (бир туугандар) балалуу болгондогу кан аралашуу генетикалык бузулууларга алып келген себеби, рецесивдүү мүнөздөмөлөрдүн үстөмдүк кылып кетүү коркунучу көп болгондуктан болот. Ар кайсы үй-бүлөдөн үйлөнгөн адамдар балалуу болушканда, атасы да, энеси да бирдей рецесивдүү белги алып жүрүшү мүмкүн деле эмес. Адамдардын генетикалык коду кылымдардан бери келе жаткан генетикалык кемчиликтердин көбөйүп, күчөп укумдан тукумга өтүүсүнөн “булганып” келе берген. Адам менен Ободо эч кандай генетикалык кемчиликтер болгон эмес, ошол себептен алар жана алардын тукумдарынын биринчи муундары бизге караганда жогорураак сапаттагы ден соолукка ээ болушкан. Адам менен Обонун балдарында болсо да, бир аз эле генетикалык кемчиликтер болгон. Натыйжада алар үчүн туугандар менен үй бүлөө куруу коопсуз болгон.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Кабылдын аялы ким болгон? Кабылдын аялы анын карындашы болгонбу?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries