settings icon
share icon
Суроо

Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзүбү?

Жооп


Биздин бул суроого карата берген жообубуз биздин Ыйык Китепке болгон көз карашыбызды жана анын биздин жашоого болгон маанилүүлүгүн гана аныктабастан, ал бизге акыры түбөлүктүү таасир тийгизерин билдирет. Эгер Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү болсо, биз аны бапестеп, изилдеп, ага баш ийип, ага толугу менен ишенишибиз керек. Эгерде Ыйык Китеп чындыгында Кудайдын Сөзү болсо, анда аны четке кагуу, Кудайдын Өзүн четке кагуу менен барабар.

Кудай бизге Ыйык Китепти бергендиги Анын бизге болгон сүйүүсүнүн күбөлүгү жана көрсөтмөсү. “Аян” деген термин жөн гана Кудай Өзүнүн кандай экенин жана биз Аны менен мамиле куруу укугуна кантип ээ болорубузду билдирүү үчүн адамзаты менен байланышуусу дегенди билдирет. Бул биз биле албаган нерселерди Кудай бизге кудайлык күчү менен Ыйык Китепте ачып берди дегенди билдирбейт. Кудай Өзү жөнүндөгү аянды 1500 жылга жакын акырындап ачып бергени менен адам Кудай менен туура мамиледе болушу үчүн Кудай жөнүндө эмнени билиши керек болсо, ошол нерселерди камтыган. Эгерде Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү болгон болсо, анда ал ишенимдин бардык тараптары үчүн, диний жана адеп-ахлактуу жашоо үчүн эң жогорку авторитет.

Биз өзүбүзгө мындай суроо беришибиз керек: “Ыйык Китеп жөн эле жакшы китеп эмес, Кудайдын Сөзү экенин кантип биле алабыз?” Качандыр бир убакта жазылган башка диний китептерден Ыйык Китепти өзгөчөлөнтүп турган уникалдуулук эмнеде? Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзү экендигине кандайдыр бир далил барбы? Эгерде биз Ыйык Китепти Кудай тарабынан шыктандырылган, ишенимдин бардык тараптарына жана тажрыйба үчүн толук жетиштүү болгон чыныгы Кудайдын Сөзү деген жарыялоонун негиздүүлүгүн аныктай турган болсок, мындай суроолор олуттуулук менен текшерилиши керек.

Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзү экендигин жарыялаганы шексиз. Бул Пабылдын Тиметейге жазган шыктандыруучу сөздөрүнөн даана көрүнөт: “Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң. Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот” (2 Тиметей 3:15-17).

Бул Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин ички да, сырткы да далилдери. Ички далилдер Ыйык Китептин ичинде анын чынында Кудайдан экендигин күбөлөндүргөн нерселер. Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин биринчи далили анын биримдигинен көрүнөт. Ал үч башка континентте, үч башка тилде, 1500 жылдан ашуун убакытта, өмүр жолу ар кандай болгон 40 автор тарабынан жазылган өз алдынча алтымыш алты китептен турса да, башынан аягына чейин карама-каршылыгы жок бириккен бир китеп бойдон кала берет. Ушул биримдик аны бардык башка китептерден уникалдуу кылып, Кудай өзүнүн сөздөрү менен адамдарды жазууга шыктандырганын далилдейт.

Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигин көрсөткөн далилдердин дагы бири, анын барактарында камтылган пайгамбарчылыктар. Ыйык Китепте Израил улуту менен бирге дагы башка бир улуттардын, белгилүү бир шаарлардын жана адамзатынын келечеги жөнүндө жүздөгөн так пайгамбарчылыктар бар. Дагы башка пайгамбарчылыктар Машаяк боло турган Бирөө келерин, Ал Өзүнө ишене тургандардын Куткаруучусу боло тургандыгы жөнүндө айтат. Башка бир диний китептердин же Нострадамус сыяктуу адамдардын пайгамбарчылыктарынан айырмаланып Ыйык Китептеги пайгамбарчылыктар майда-чүйдөсүнө чейин берилет. Эски Келишимде Ыйса Машаякка тиешелүү үч жүздөн ашык пайгамбарчылыктар бар. Ал кайсы жерде төрөлөрү жана Анын санжырасы гана эмес, Ал кантип өлөрү жана кайра тирилери жөнүндө айтылган. Ыйык Китепте аткарылган пайгамбарчылыктарды Кудайдын колунан башка акыл-эс жолдору менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ыйык Китеп сыяктуу көп көлөмдөгү же алдын ала айтылган пайгамбарлыктыктын түрүн камтыган башка диний китептер жок.

Ыйык Китеп Кудайдан экендигинин үчүнчү ички далили – анын уникалдуу кадыр-баркы жана күчү. Биринчи эки далилге караганда бул далил көбүрөөк жекелик болгону менен бул дагы Ыйык Китептин Кудайдан экендигин билдирген жогоруда келтирилген күбөлүктөрдөй эле күчтүү күбөлүк. Качандыр бир убакта жазылган бир дагы китептин Ыйык Китептикиндей кадыры болгон эмес. Бул кадыр-барк менен күч Кудайдын Сөзүнүн адаттан тышкаркы кудурети аркылуу сансыз адамдардын өзгөргөн жашоолорунан көрүнөт. Баңги затка көз карандылар ал аркылуу айыгышып, бачабаздар ал аркылуу бошонушуп, четке кагылгандар жана бекерпоздор ал аркылуу өзгөрүшүп, жүрөгү катууланып калган кылмышкерлер жаңыланышып, күнөөкөрлөр ашкере болушуп, жек көргөндөр сүйүүгө кайрылышты. Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү болгон үчүн гана өтө зор жана өзгөртө турган күчкө ээ.

Ошондой эле Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигин далилдеген сырткы далилдер бар. Алардын бири Ыйык Китептин тарыхты камтыганы. Ыйык Китеп тарыхый окуяларды так бергендиктен, анын ишенимдүүлүгү жана тактыгы кандайдыр бир башка тарыхый документ сыяктуу эле каралууга тийиш. Археологиялык далилдер да, башка жазуулар да Ыйык Китептеги тарыхый маалыматтар так жана чыныгы экендигин кайра кайра далилдеп келген. Чынында бардык Ыйык Китепти колдогон археологиялык жана манускрипт далилдери, анын байыркы дүйнөнүн эң жакшы-документтелген китеби экенин көрсөтөт. Ыйык Китепте текшерип көрүүгө мүмкүн болгон тарыхый окуялар так жана ишенимдүү жазылганы, андагы дин сабактары жана окутулууларына тиешелүү нерселер да ишенимге татыктуу экенин көрсөтүп, ал чыныгы Кудайдын Сөзү деген жарыялоону бекемдейт.

Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин сырткы далилдеринин бири анын авторлорунун биримдиги. Жогоруда айтылып кеткендей, Кудай Өзүнүн Сөзүн жаздыруу үчүн өмүр жолу ар кандай адамдарды колдонгон. Ал адамдардын жашоосун изилдеп көргөндө, алар чынчыл жана ак пейил адамдар экенин көрөбүз. Алар өздөрүнүн ишеними үчүн өлүүгө да, ал тургай азап чегип өлүүгө да даяр болгондугу, бул жөнөкөй ошол эле учурда чынчыл адамдар өздөрүнө Кудай сүйлөгөндүгүнө чындап ишенгендигин күбөлөндүрөт. Жаңы Келишимди жазган адамдар жана жүздөгөн башка ишенүүчү адамдар алардын кабары чындык экенин билишкен (1 Корунттуктар 15:6) анткени алар Иса Машаяк өлүп тирилгенден кийин Аны көрүп, Аны менен чогуу убакыт өткөрүшкөн. Тирилген Исаны көрүү, аларга абдан зор таасирин тийгизген. Өлүмдөн коркуп жашынуудан алар Кудай өздөрүнө ачып берген кабар үчүн өлүүгө даяр болуп калышты. Алардын жашоолору жана өлүмдөрү Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигин күбөлөндүрөт.

Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин сырткы далили Ыйык Китептин жок болуп кетпегени. Ыйык Китеп өтө маанилүү болуп, чынында Кудайдын Сөзү экендигин жарыялагандыктан, кор болуп, тарыхта бир да китеп көрбөгөн зөөкүрлүк менен жок кылуу ниетинде кол салууларды жана аракеттерди көргөн. Ыйык Китеп Диоклетиан сыяктуу алгачкы Рим императорлорунан баштап, коммунист-диктаторлордон өтүп, азыркы күндөгү атеисттер менен агностиктерге туруштук берип, өзүнө кол салгандардан озуп, бүгүнкү күндө да дүйнөдөгү эң көп басып чыгарылган китеп.

Көптөгөн убакыт бою сынчылар Ыйык Китепти мифологиялык китеп деп эсептешет, бирок археологдор анын тарыхый китеп экенин ырасташат. Каршылаштар анын окутуусун өтө жөнөкөй жана артта калган деп каршы чыгышат, бирок анын адеп-ахлак жана мыйзам топтомдору, ошондой эле окутуулары бүт дүйнө жүзүндөгү коомчулуктарга жана маданияттарга оң таасирин тийгизип келген. Ага илим аттуулар, психология жана саясий кыймылдар каршы чыгышкан, бирок ал алгач жазылганда кандай чындык менен маанилүүлүккө ээ болгон болсо, бүгүн да ошол бойдон. Бул китеп акыркы 2000 жылдын ичинде сансыз адамдардын жашоолорун жана маданияттарды өзгөртүп келе жатат. Анын каршылаштары ага канчалык каршы чыгып, жок кылууга же ишенимден чыгарууга аракет кылбасын, Ыйык Китеп кала берет; анын тууралыгы жана жашоолорго тийгизген таасири талашсыз. Бардык булгоо, кол салуу же жок кылуу аракеттерине карабастан Ыйык Китептин тактыгы сакталып калгандыгы Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин жана Кудай тарабынан кереметтүү түрдө корголуп келгендигинин айкын далили. Ыйык Китеп кандай кол салуулардан өтпөсө да өзгөрбөгөн жана зыян тартпаган бойдон кала бергени бизди таң калтырбашы керек. Акыры Ыйса мындай деген: “Асман менен жер жок болуп кетпейт, Менин Сөздөрүм болсо жок болбойт” (Марк 13:31). Бул далилдерди көргөн адам: “Ооба, Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендиги шексиз”, – деп айта алат.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзүбү?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries